Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Салык эмнеге аз жыйналды?


Кыргызстан - Исхак Масалиев, ЖК депутаты.
Кыргызстан - Исхак Масалиев, ЖК депутаты.

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Исхак Масалиев кызматынан бошонуу арызын жазып берди. Ага Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевдин салык жана бажы төлөмдөрүн жыйноодо олуттуу кемчиликтер бар экенин айтып сындоосу себеп болду. Салык жана бажы төлөмдөрүнүн аз жыйналуусунун себеби эмнеде?

Бажы тармагында да 240 млн. сомго аз төлөмдөр жыйналган. План боюнча 7 млрд. 698 млн. сом бажы төлөмү жыйналышы керек болсо, 7 млрд. 459 млн. сом жыйналган.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев салыктарды аз жыйган жооптуу кызматкерлерге карата катаал чара көрүү талабын койду эле, баш салыкчы Исхак Масалиев кызматтан бошотуу арызын жазып берди. Масалиев салыктардын аз жыйналганынын себебин мындайча түшүндүрдү:

- Биринчиден, өткөн жылга караганда план бир топ бийик болду. Кээ бир учурда негиздемесиз эле жогору планка коюлган. Экинчиден, мыйзам өзгөрүп кетти. Кирешеге салык өткөн жылы биринчи кварталда жалпы жүгүртүүдөн 1% төлөнгөн. Анан жылдын аягына чейин эсептешип, ордуна коет эле. Быйыл андай алдын ала төлөм болбой калды.

Мурдагы баш салыкчы мыйзамдардын өзгөрүүсүн эске алынбагандыктан ушундай абал түзүлгөнүн, бирок "жалпысынан салык жыйноодо өткөн жылга салыштырмалуу өсүш бардыгын" белгилейт.

​Өкмөт башчы Оторбаев салык жана бажы төлөмдөрүнүн аз жыйналышына карабай мамлекет өзүнүн социалдык милдеттерин аткарат деп убада берди.

​Жогорку Кеңештеги бюджет жана финансы комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Курманбек Дыйканбаевдин пикиринде, салыктардын толук жыйналбай жатышынын себеби тартиптин начардыгында:

- Тартип начар. План бар болчу. Кээ бир райондордогу салык кызматынын башчылары сегиз айлап планды аткарбайт. 1.5 млрд. сом былтыркы жылдын карызы топтолбой турат. Ошон үчүн азыр ар кандай шылтоолор айтылышы мүмкүн.

Өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев Бажы кызматында да кескин чечимдерди кабыл алууну талап кылды:

- Бажы кызматы боюнча да ошондой. Катуу талдап көргөндө, региондордо баары бирдей эмес экени көрүнүп турат, биз ошол жактарга амбициясы күчтүү, кесипкөй адамдарды дайындашыбыз керек.

Бажы кызматында төлөмдөрдүн азайышы Кыргызстанга четтен товар ташуунун кыскарышы менен байланыштырылууда. Орусия, Казакстан жана Кыргызстанда валюталардын девальвацияланышы коммерсанттардын товар алып келүүсүн азайтты. Тажикстан менен жолдун жабылышы салыктардын да, бажы төлөмдөрүнүн да кыскарышына алып келген. Салык кызматы жолдун жабылышынан эле ай сайын 40 млн. сом жоготкон.

Кыргызстандагы базарлар, соода жана кызмат көрсөтүү ишканалар биримдигинин төрагасы Сергей Пономарев Кытайдан келген жүк кескин кыскарганын белгилейт. Маселен, эки жыл мурун Кытайдан Кыргызстанга ай сайын 200 фура кире турган болсо, быйыл айына 50 фура араң кирүүдө. Бул валюталардын девальвациясы эле эмес, Орусия жана Казакстанга товар өткөрүүнүн татаалданышына байланыштуу да келип чыкты. "Албетте, канча товар аз кирсе, ошончо бажы төлөмү аз болот" деп белгиледи Пономарев.
Салык саясаты: бир кадам алга, эки кадам артка... (25.02.2014)

Быйылкы жылы бюджеттин кирешеси 93 млрд. 456 млн. сом деп бекитилген. Анын жарымы салык, калган бөлүгү бажы төлөмдөрүнөн чогултулат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG