Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Ишкерлер патент баасын көтөрүүгө каршы


Жаңы демилге күчүнө кирсе, тандыр иштеткендер 50 миң сом патент төлөөгө милдеттүү болушат.
Жаңы демилге күчүнө кирсе, тандыр иштеткендер 50 миң сом патент төлөөгө милдеттүү болушат.

Каржы министрлиги ишкерлик патентинин баасын көтөрүүнү сунуштоодо. Февралдын башында өкмөттүн сайтына жарыяланган сунуш коомчулуктун талкуусуна коюлары менен кызуу талаш-тартыштарды жаратты.

Ишкерлер өкмөттүн бул кадамы көмүскө экономиканын өнүгүүсүнө түрткү болот деп баалашууда.

Бишкектин көчөлөрүнүн биринде жайгашкан күркөнүн ээси - Үсөн аттуу ишкер 15 чарчы метр жерде соода кылуу үчүн айына үч миң сомго патент алат. Каржы министрлиги сунуштап жаткан жаңы долбоордо патенттин баасы 7 миң сом болору айтылган:

- Ушул 15 чарчы метрлик чакан күркөдө кыйраткан соода деле болбойт. Айына үч миң сомго патент алам. Андан тышкары электр энергиясына, турган ордума, тазалык үчүн акча төлөйм. Ошондон ашкан он-он беш миң сомго төрт баламды багып жатам. Келинчегим үйдө балдар менен. Эми минтип кымбаттата турган болсо, биз кантип оокат кылабыз?

Сунушталып жаткан долбоор боюнча патенттин баасы ишкерликтин айрым түрлөрү үчүн 1,5 эседен тартып 5 эсеге чейин кымбаттаган. Мисалы, эл ташуу кызматын көрсөткөн такси, маршрутка, автобус ээлери ай сайын алынуучу патентти жаңы тариф боюнча 1,5 эседен 2-3 эсеге чейин кымбат алууга муктаж болушат.

Бишкектен Караколго эл ташуу менен алектенген Нурбек Молдоевдин айтуусунда, учурда айдоочулар 12 орундук кичиавтобус менен жүргүнчү ташууга патентти 1200 сомдон алышууда. Жаңы баа боюнча эми ал 3000 сомго патент алууга тийиш. Айдоочунун айтуусунда, кышкы мезгилде кичиавтобустар бир жумада бир гана жолу каттаган учурлар көп кездешет, ал эми жол кире бир жүргүнчү үчүн 300-400 сом.

- Бишкекте 1200 сом турган патент караколдук айдоочулар үчүн 850 сом турат. Ошондуктан, айдоочулар Бишкекти кымбат көрүп, арзаныраак алуу үчүн патентти Каракол шаарынан алышчу. Биздин шоопурлар жаңы жылдан кийин эки айга чейин бир жумада бир-эки жолу гана каттап калышат. Ошондуктан, айына 3 миң сомго патент алуу оор.

Ишкерлик патенттин баасы наабайчылар жана сүт азыктарын саткандар үчүн да көтөрүлгөн. Мисалы мурунку учурда бир нан жапкан меш же тандыр үчүн ишкерлер айына 10 миң сомго патент алып келген болсо, жаңы бааларда бир меш үчүн 20 миң сом, ал эми бир тандыр үчүн 50 миң сом салык төлөөгө аргасыз болушат.

“Жаш ишкерлер ассоциациясынын” төрагасы Руслан Акматбек мындан эң ириде аймакта иштеп жаткан ишкерлер кыйналат, бул өз кезегинде кардарларга да таасирин тийгизет деди:

- Наабайчылардын патент акысы өтө эле ашыкча көтөрүлүп кеткен деп эсептейм. Мындан аймактагы ишкерлерибизге, алардын кардарларына оорчулук келет. Биздин ассоциациянын аймактагы мүчөлөрү телефон чалып, тынчсызданууларын билдирип жатышат. Биз ишкер катары түшүнөбүз, мейли салык көбөйсүн, бирок адилеттүү каралышы керек да. Эгер минтип чоң секирик менен кымбаттай турган болсо, анда ишкерлер көмүскөгө кете баштайт.

Ишкерлик үчүн патенттин акысын кымбаттатууда котормочулук кылуунун да акысы кымбаттаган. Мисалы, мурда котормочулук кылганы үчүн бир айга 1000 сомго патент алып келген болсо, эми ал 5000 сомго чыгат. Бул жаатта иштегендер болсо котормочунун иши күн сайын базарга чыгып иштей турган иш эмес экенин, котормо сунуштары бир айда бир-эки жолу гана түшөрүн, анда да котормочулук кызмат акы эки-үч миң сомдун гана айланасында бааланарын айтып нааразы болушууда.

Бул акыркы баа эмес, өзгөрүүлөр болот

Патент баасын көтөрүү сунушун көтөргөн Каржы министрлиги мыйзам долбоору тууралуу өзүнүн түшүндүрмөсүн берүүдө.

Каржы министрлигинин салык саясатынын башкы адиси Гүлмира Жумабаеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча долбоордо көрсөтүлгөн бааларды патенттин акыркы баасы деп түшүнүүгө болбойт, бул дагы бир катар иштеп чыгуулардан өтөт:

- Өкмөт базалык сумманы аныктайт. Бирок андан тышкары салык органы жер-жерлерде ишкерликке жараша атайын корректирлик коэффициент менен сумманы аныкташат. Андай болгон учурда патенттин баасы өзгөрүүсүз деле калышы мүмкүн. Долбоордо айтылган баа патенттин баасы дегенге жатпайт. Биз эң жогорку чегин бергенбиз, бизден кийин кароочу органдар корректирлик коэффициентин карап чыккандан кийин анан гана акыркы баа коюлат. Ишкерлер мына ушуну жакшылап түшүнүп алуулары керек.

Каржы министрлиги патент баасынын көтөрүлүүсүнө байланыштуу кеңири түшүндүрмөсүн өздөрүнүн интернеттеги баракчасына да жайгаштырарын билдирүүдө. Ишкерлер ал жактан да толугу менен таанышса болот.

Ошентсе да, көпчүлүк ишкерлер патент баасын кымбаттатуу сунушу ишкерликти көмүскөгө кетүүгө аргасыз кыларын айтышууда. Ал эми көмүскө кетпей ачык иштеген ишкерлер кызмат акысына, саткан товарынын баасына төлөгөн салыгын кошууга аргасыз болот, бул болсо анын кардарларынын, тагыраак айтканда элдин чөнтөгүнө урулган сокку болот дешет алар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG