Өкмөт келерки жылы Кыргызстандын экономикасын 6.2% өстүрүп, ички дүң продукциясынын көлөмүн 443 млрд. сомго жеткирүүнү көздөөдө.
Ал эми республикалык бюджеттин кирешеси 102 млрд. 702 млн. сом, чыгашасы 117 млрд. 386 млн. сом деп белгиленген. Демек, тартыштык 14 млрд. 683 млн. сом болот. Негизги параметрлери мына ушундай болгон келерки жылдын бюджетин Жогорку Кеңеш биринчи окууда кабыл алып, бирок өкмөткө кирешени көбөйтүүнү табыштады.
Мындай табыштоонун жөнү бар. Анткени бюджеттеги реалдуу тартыштык 26 млрд. сомдон ашып кетери айкын болуп турат. Маселен, бюджетте салык жана бажы төлөмдөрдөн түшө турган кирешенин өлчөмү 78 млрд. сомдон ашаары, ал эми салыктык эмес кирешелер 13 млрд. сом болору көрсөтүлгөн. Демек, бюджеттин реалдуу кирешеси 91 млрд. сом болсо, чыгаша 117 млрд. сомдон ашса, анда тартыштык 26 млрд. сомдон ашып кетет...
Белгилүү болгондой Каржы министрлиги бюджетти республикалык жана мамлекеттик деп эки түрдүү түзөт. Эгерде республикалык бюджеттин чыгашасы 117 млрд. сом деп белгиленсе, мамлекеттик бюджеттин чыгашасы 132.5 млрд. сом деп белгиленген. Демек, бюджеттин реалдуу тартыштыгы дагы бир топко көбөйөт.
Негизи эле келерки жылдын бюджетин кароодо формалдуулук өкүм сүргөнү байкалат. Бул көчөдө бир доллар 58 сомдун тегереги болуп жатканда, өкмөт келерки жылдын бюджетинде бир долларды 53 сом 50 тыйын деп баалашынан да байкалып турат. Өкмөттү мындай формалдуулукка түрткөн жагдай Бажы биримдигине кирүү менен кандай өзгөрүүлөр болорун толук билбегендик экенин мурунку каржы министри Акылбек Жапаров белгилейт:
- Муну формалдуу түрдөгү бюджет десек болот. Анткени Бажы биримдигине кире турган болсок, анда муну кайра карап чыгуу зарыл. Ошондо валютаны дагы караш керек, тартыштыкты да караш керек. Негизи эле Бажы биримдигине киргенден кийин бул бюджетти парламент деталдуу түрдө карап чыгып, кабыл алат деп ойлойм.
Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы комитетинин мүчөсү Мирлан Бакиров бюджетти кабыл алуу формалдуулук болуп калганын танбайт:
- Формалдуулук бар десек жаңылышпайбыз. Себеби, доллардын курсун 53 сом деп алышты. Экинчиден, Бажы биримдигине кирүү менен өзгөрүүлөр пайда болгон болсо, аны мезгилинде өзгөртөбүз деп жатат. Мыйзам боюнча 2015-жылдын апрелине чейин кабыл алсак болот. Убакыт бар.
Бакировдун маалыматы боюнча, Кыргызстандын Бажы кызматы бюджетке 37 млрд. сомдун тегерегинде төлөм жыйнаары белгиленген. Бирок Бажы биримдигинен Кыргызстанга канча үлүш бөлүнөрү белгисиз. Бул кыязы, Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Евразия экономикалык биримдигине кирүү боюнча келишимдер жактырылгандан кийин айкын болот. Алар боюнча декабрь айында Москва саммитинде чечим кабыл алынышы белгиленген.
Өкмөт парламентте бюджетти талкуулоо учурунда валютанын курсунун айырмасы, бюджеттин кирешесин көбөйтүү жана башка маселелер боюнча тактык экинчи окууда киргизилерин билдирген.
Келерки жылдын бюджетиндеги дагы бир өзгөчөлүк күч структураларынын бюджети жашырылганында. Ал мамлекеттик сыр катары бааланып, ачык көрсөтүлгөн эмес. Күч структураларынын бюджети ачык көрсөтүлбөсө да, бул тармактын кызматкерлеринин айлык акысын бир аз көтөрүү үчүн каражат каралганын парламент мүчөлөрү тастыкташууда. Ал эми калган бюджеттик кызматкерлер үчүн келерки жылы айлык акыларды көтөрүү каралган эмес.