Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:35

Үч фазадан үнөмдөө


Токтогул суу сактаыгычындагы суу быйыл былтыркыга караганда суу 25 пайызга аз.
Токтогул суу сактаыгычындагы суу быйыл былтыркыга караганда суу 25 пайызга аз.

Учурда энергетиктер шаар-айылдарды кыдырып, үч фазалуу электр энергиясын колдонгондордун зымын кыркууда.

Үлүңдөгөн үч фаза

Талас шаарынын Талгат аттуу тургуну үйүн жылытуу үчүн электр энергиясын үч фаза менен колдонуп келген. Эми ал качан электриктер келип, аны өчүрүп кетет деп күтүп отурган чагы. Бирок ал өкмөттүн электр энергиясын үч фаза менен колдонгондорго бааны 1 сом 20 тыйынга көтөрүп, бирок кайра эле аны колдонууга тыюу салып жатканына түшүнбөйт. Ал өкмөттүн эки чечими бири-биирне каршы деген пикирде:

- Үч фазага бааны 1 сом 20 тыйынга көтөрүп, бирок кайра эле аны колдонууга тыюу салышты. Үч фазаны кыркып салса анда неге 1.20 тыйынга кымбаттатат.

Ал эми Чүйдүн тургуну, үч фазалуу электр кубатын колдонуп, темир устачылык кылган Азамат Ормонбаев үч фазаны кыркуу элдин күнүмдүк тиричилигине терс таасир тийгизет деген ойдо:

- Өчүрсө өчүрөт да, эми өкмөттүн айтканына көнөбүз да. Бирок туура эмес эле кылып жатышат. Башка чараларды көрүп, мисалы сууну үнөмдөш керек болчу. Үйдү жылытып жаткандарды го мейли өчүрсүн, бирок чакан цехтер иштей бериш керек да. Баарын токтотуп салып, эми эмне иш кылабыз.

Бирок энергетиктердин да өз аргументтери бар. Кыргызстанда жалпысынан электр энергиясын колдонгон 1 млн. 200 миңден ашык абонент болсо, алардын 10 пайызы же 123 миң абонент электр кубатын 3 фаза менен пайдаланат. Башкача айтканда, жалпы калк керектеген энергиянын 48 пайызын 3 фазалуулар колдонот.

Энергетика жана өнөр жай министринин басма сөз катчысы Динара Молдокалиева буларды айтат:

- 24-сентябрдагы маалымат боюнча, 4400 абоненттин электр казандары өчүрүлдү. Бардык үч фазалуу кардарларды өчүргөндө, 885 миллион кв.саат электр энергиясы үнөмдөлөт.

Электр жарыгы 15 саатка чейин өчөбү?

29-сентябрга карата Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 12 млрд. кубду түздү. Бул былтыркыга караганда суу 25 пайызга аз дегенди түшүндүрөт.

Энергетика тармагы боюнча эксперт Эрнест Карыбековдун айтымында, Токтогул ГЭСинде суунун көлөмүн 6 млрд. кубдан төмөн түшүрүү аны керектен чыгарышы мүмкүн. Ошондуктан ал өкмөт кышында 10-15 саатка чейин электр кубатын өчүрүүгө аргасыз болот деп эсептейт:

- Суу 5 млрд. 800 миң кубга чейин азайганда станцияны токтотуш керек. Ага жеткирбеш үчүн массалык өчүрүүлөргө барууга туура келет. Ошондуктан өчүрүүлөр 8-10 саат, 15 сааттан да өтүп кетиши мүмкүн.

Карыбековдун оюнча, электр энергиясын үч фаза менен колдонуучуларга тыюу салуу олуттуу натыйжа бербеген майда-барат гана иш-чара. Ал кыргызстандыктар үчүн эң оор мезгил февралда келет деп чочулайт.

XS
SM
MD
LG