Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:42

Газ кымбаттайт…


Иллюстрация
Иллюстрация

“Газпром Кыргызстан” компаниясы газга бааны көтөрүүнү өкмөткө сунуштады. Бул көгүлтүр отко баа арзан болуп, компания кирешелүү болбой жатканы менен байланыштырылды.

“Кыргызгаздын” сатылышы менен газ арзандайт деп убада кылган кыргыз бийлиги тарифтерди көтөрүүгө барабы?

“Кыргызгазды” “Газпромго” карызы менен кошо 1 долларга сатуу боюнча келишимге 2013-жылы кол коюлуп, 2014-жылы келишим толугу менен ишке ашырылган. Мына ошондон бери Кыргызстандын газ чарбасын “Газпром Кыргызстан” компаниясы тейлеп келатат.

“Бизге “Кыргызгаз” эмес, газ керек” деген ураан менен сатылган компания өткөн жылы баалар боюна маселе көтөргөн эмес. Бирок да тарифтер доллардын курсуна жараша ай сайын өзгөртүлүп келатат. Маселен, “Газпром Кыргызстан” быйыл апрель айында 1000 куб метр газдын баасын 14 миң 674 сом десе, май айында 13 миң 874 сом деп койгон.

Доллардын азыркы курсу менен менен эсептегенде 1000 куб метр газ Кыргызстанда 227 доллардын тегерегинде болуп жатканы айкын болот.

“Газпром Кыргызстандын” жетекчилиги бул бааны төмөн деп, аны ай сайын 3-5% көтөрүүнү сунуштоодо.

Кыргызстан өкмөт башчысынын маалымат катчысы Бакыт Асановдун айтымында, бааларды көтөрүү сунушу өкмөт башчы Темир Сариевге 24-июнда сунушталды:

- Ошол кыдыруу учурунда Болот Абилдаев газ дотацияланып жатканын, ошондуктан тарифтерди карап көрсөңөр жакшы болот деди.

Бул күнү Темир Сариев “Газпромдун” жетекчисинин орун басары Виталий Маргелов жана “Газпром Кыргызстандын” башчысы Болот Абилдаев менен биргеликте Бишкек жана Чүйдүн газ чарбасын кыдырууга чыккан эле.

Отун-энергетика комплексин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаевдин “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, алар газга тарифтерди карап көрүүгө даярдык көрүшүүдө:

- Газга беш жылга орто мөөнөттүк тарифтик саясатты даярдап атабыз. Июль айынан баштап, жумушчу тобун түзөбүз. Эки жактан тең адистер кирет. Анан ишти баштайбыз.

Нурбек Элебаев тарифтерди көтөрүү азырынча чечиле электигин, аны мамлекеттик агенттик чечерин билдирди:

- Тарифти аныктоо жана бекитүү биздин иш. “Газпром Кыргызстандын” иши эмес. Алар жөн эле монополист болуп жатпайбы. Тарифтерди биз жөнгө салабыз. Алар каалаган баасын кое албайт.

Бирок энергетикалык эксперт Расул Үмбөталиев “Газпром” монополист болгондуктан, ал баары бир өзүнүн баасын таңуулайт дейт:

- Бул азыр монополист. “Газпромдон” башка бир дагы мекеме бизге жаратылыш газын алып келбейт. Ошондуктан “Газпром” чечет. Биздин агенттик “Газпромдун” ишине аралаша албайт. “Газпром” азыр 3-5% көтөрөбүз десе, мамлекеттик агенттик макул болот. Башка аргасы жок.

“Газпром” Кыргызстанга өзүнүн жолдору жана мүмкүнчүлүктөрү менен газ алып келип жатат. Ал газды Өзбекстандан, Казакстандан же Түркмөнстандан алып келип жатабы белгисиз. Бирок Кыргызстанга коюлган тарифтер Орусия жана Казакстанга караганда бир топ жогору экенин маалымат каражаттарына жарыяланган сандар тастыктап турат.

Маселен, Орусиянын ишкер дүйнөсү жөнүндө жазган “Взгляд” гезитинин маалыматы боюнча 1000 куб метр газ Орусияда 5100 рубль, Казакстанда 3700 рубль, Беларуста 6100 рубль, Кыргызстанда 13784 сом. Рубль менен сомдун курсу дээрлик теңелип калганын эске алганда, Кыргызстанда газ эки-үч эсе кымбат болуп чыгууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG