Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:33

Кумтөр: сүйлөшүү жүрүүдө, келишим жок


Кумтөр кенинин жумушчулары.
Кумтөр кенинин жумушчулары.

Кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд инк” Кумтөр боюнча 27-29-январда Бишкекте кезектеги сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Анда эмнеге жетишилди жана кезектеги сүйлөшүүлөр качан болот? Бул суроолорго “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров жооп берди.

“Азаттык”: Кылычбек мырза, 27-29-январдагы сүйлөшүүлөр кандай өттү?

Шакиров: Акыркы үч күндө биз абдан көп маселени чечтик. Кыргызстан жана “Центерра” тарап чечкиндүү болуп, көп нерселерди бүтүрдү. Бирок дагы чече турган маселелер бар. Ошолорду чечүү үчүн келерки жумада Москвага барабыз. Биз Москвадан консультанттарыбыз - Dla Piper менен чыгабыз. “Центерра” Нью-Йорктон чыгып, түз видеоконференция уюштурабыз. Документтер татаал. Ошону даярдоо керек. Москвада талкуулап, калган пункттарды бүтүрсөк, эң чоң документти бүтүргөн болот элек. Көп нерсе чечилди. Эми техникалык, юридикалык маселелер калган. Экологиялык маселе да турат. Рекультивация жасоо маселеси бар. Ошону дагы чечишибиз керек. Эки жак тең ага даярдык көрүүдө.

“Азаттык”: Эми коомчулукта, парламентте да бул сүйлөшүүлөр качан бүтөт? 2016-жылга өтүп кетеби деген суроо жаралууда...

Шакиров: Менин ишенимимде, биринчи кварталда документтерди бүтүрсөк, экинчи кварталда ишке киргизебиз. Тилегибиз ошондой. Бирок так айтуу кыйын. Анткени документтер абдан татаал. Бирок менде ишеним абдан чоң болуп жатат. Сүйлөшүүлөр абдан жакшы өттү.

“Азаттык”: Кылычбек мырза,”Центерра” былтыркы жылы канча салык, канча дивиденд төлөдү?

Шакиров: 2014-жылы “Центерра” 108 млн. доллар салык төлөгөн.Дивиденд болсо “Кыргызалтынга” белгиленген өлчөмдө төлөнүүдө. Ал бир кварталда 3 млн. долларга жакын сумма. Бирок бизде соттошуулар жүрүп жатканга байланыштуу дивиденддер келбей жатат. Ал соттун акыркы чечимине чейин “Центерранын” ишеним фондунда кармалып турат.

“Азаттык”: Тактап айтканда, 2014-жылы канча дивиденд алмак элек, анын канчасы “Центерранын” эсебинде жатат?

Шакиров: Биз биринчи, экинчи кварталга дивиденд алдык. Ар бир кварталга 2 млн. 800 миң доллардан алынды. Үчүнчү жана төртүнчү кварталга ала элекпиз. Кумтөр киреше менен жылды аяктады. Ал 110 млн. долларды түзөт.

“Азаттык”: Кылычбек мырза, дагы бир маселе боюнча кайрылсак. Кыргызстандын камакка алынган акцияларын бошотуу үчүн өкмөт сотко кайрылып жатканы кабарланган. “Стэнс энержи” компаниясы боюнча сот болуп жатканы белгилүү?

Шакиров: Эки фирма менен соттошуу жүрүп жаткан: Түркиянын “Систем мүхендислик” компаниясы, анан “Стэнс энержи”. “Системге” өкмөттүн жоопкерчилиги үчүн “Кыргызалтын” төлөбөйт деп, соттун чечими чыкканга чейин ишеним эсебине 11 млн. 400 миң доллар койгонбуз. “Стэнс энержи” боюнча Москвада биз туура эмес чечим кабыл алынганын айтканбыз. Ошон үчүн аны өкмөт Экономикалык сотко берип, утуп алган. Эми акыркы чечим кабыл алуу үчүн “Стэнс энержинин” арызын Москванын соода палатасынын арбитражы кароодо. Ошол соттун чечиминен кийин жана Экономикалык соттун чечиминин негизинде өкмөт утат деген ишеним бар. Москвадагы соттун чечимине ылайык, Канаданын соту чечим кабыл алат.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG