Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

“Сүлүктүкөмүрдөгү" бийлик талаш


Сүлүктүдө көмүрдүн мол кору бар.
Сүлүктүдө көмүрдүн мол кору бар.

“Сүлүктүкөмүр” ишканасында бийлик талашкан тараптардын ызы-чуусунан кенчилер зыян тартууда.

“Сүлүктүкөмүр” ишканасынын кызматтан алынган жана жаңыдан дайындалган жетекчилери өздөрүнүн кызыкчылыгын көздөгөн маалыматтарды беришүүдө. Аталган ачык акционердик коомдун акционери Таалай Дөөлөтканов мурдакы жетекчи Райымбек Назаровдун талапташтары жаңы шайланган жетекчилерди шахтага киргизбей жатканын “Азаттыкка” билдирди.

- Чындыгында шахтерлор иш ташташкан да, ачкачылык жарыялашкан да жок. Анын баары калп жана жасалма жолдор менен болууда. Болгону жакында иштен алынган “Сүлүктүкөмүр” ишканасынын башчысы Раимбек Назаров кайра ордуна келүү үчүн шахтерлорду пайдаланып, ар кандай айла-амалдарды жасоодо.

“Сүлүктүкөмүр” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы Камал Айтемировдун айтымында, мыйзам чегинде мурдакы жетекчи Райымбек Назаров соттолгон адам катары жетекчи болуп иштөөгө акысы жок.

- Анткени ал ЭКГ – 10Д деген эксковаторду сатып жибергендиги үчүн эки жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратылып, анын ичинде бир жыл жетекчилик кызматта иштебесин деген соттун чечими чыккандыгына байланыштуу бул кызматта иштөөгө акысы жок болчу. Бирок ал учурда Сүлүктү шаарынын мэринин милдетин аткарып жаткан Жалилидин Каракуловдун колдоосу менен өткөн жылдын апрель айындагы тополоңдун учурунда күч менен эле жетекчи болуп алган.

“Сүлүктүкөмүр” ишканасынын 45 пайыз акциясы мамлекетке тиешелүү болгондуктан, мамлекеттик мүлк министрликтин өкүлдөрү келишип, Райымбек Назаровду кызматтан алып, анын ордуна Бектемир Урмановду жетекчи кылып дайындашкан.

Жаңы жетекчилерди шайлаган чогулуш мыйзамсыз экендигин “Сүлүктүкөмүр” ишканасынын 43,7 пайыз акциясынын ээси Райымбек Назаров “Азаттыкка” билдирүү менен аны жалпы шахтерлор колдоого алып жатышканы айтты.

- Жаңы жетекчилер шайланган чогулуш мыйзамсыз. Себеби “Сүлүктүкөмүр” ишканасынын 43,7 пайыз акциясы мага таандык. Ошондуктан башкы акционер катары чогулушка мени чакырбай, сырттан “тон бычып” мен Бишкекте жүрсөм, чогулуш өткөрүп, жаңы жетекчилерди өздөрү шайлап алышкан экен. Шахтерлор мени колдоп жатат. Мыйзамдуу жетекчи катары иштеп жатам. Көмүр дагы казылууда. Тиги жетекчи болуп өздөрүн шайлап алышкандар элди дүрбөтүп, чыр-чатак чыгаруу аракетинде болушууда. Сатылган эксковаторго менин эч кандай тийешем жок. Мени кызматтан алган учурда былтыр өздөрү сатып, акчасын алиге алышпай жүрүшөт.

Айрым маалыматтар боюнча, шахтерлордун бийлик талашына шаардын айрым жетекчилери жана кылмыштуу топтор да аралашып жатыптыр деген пикирлер да айтылууда. “Сүлүктүкөмүр” ишканасынын коопсуздук кызматына жаңы кабыл алынган Акжол Ашировдун айтымында, милиция кызматкерлери бир жигиттин бутун сындырып, жаракат алган эки адам ооруканада жатат.

- Бул сөздүн да чындыгы бар. Себеби Райымбек Назаров Бишкектен жана жергиликтүү жаштардан ошондой шектүү топторду алып келип, бизди да, шахтерлорду да коркутуп жатат. Коопсуздук кызматындагыларды милиция өкүлдөрү коркутуп-үркүтүп, сабап, бир жигиттин бутун сындырышкан. Эки-үчөө ооруканада жатышат. Шахтерлорду да эки жаатка бөлүп, жамааттын ынтымагын бузуп койду.

Мындай маалыматтын чын-бышыгын билүү максатында Баткен облусттук ички иштер башкармасынын басма сөз катчысы Майрамбек Таштановго кайрылдык:

-Бул иш боюнча тергөө-иликтөө иштери жүрүп жатат. “Сүлүктүкөмүр” ишканасынын коопсуздугун учурда милиция кызматкерлери сактап турушат. Баары тынч, жайында эле.

Ишкана быйыл 62 миң тонна көмүр казып алууну максат кылган. Сүлүктү аймагында көмүрдүн көп жылдык запасы арбын болгондуктан, жаңы кендерди ачууга аракеттер көрүлүүдө. Ошондой болсо да учурда шахтерлорго аталган ишкана айлык үчүн эле 15 млн. сом карыз бар экени да айтылууда.

Бийлик талашкан эки тараптын ызы-чуусунан улам кенчилер, жумушчулар гана жабыр тартып, кыш күрөөдө көмүргө муктаж карапайым калкка да кыйын болууда.

XS
SM
MD
LG