Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Күрөөдөгү ГЭС менен ТЭЦ


Камбар-Ата-2 ГЭСи, 30-август, 2010
Камбар-Ата-2 ГЭСи, 30-август, 2010

Бишкек Жылуулук борбору Евразия өнүктүрүү банкынан насыя алуу үчүн күрөөгө коюлган. Улуттук электр станциялар акционердик коому Бишкек Жылуулук борборун ага чейин да күрөөгө коюп насыя алгандыктан, мурунку карыздарга кепилдикти Камбар-Ата-2 ГЭСи менен берүүнү чечти. Алынган насыялар жана күрөөгө коюлган объекттердин алмашуу себептери эмнеде?

Улуттук электр станциялар акционердик коомунун апрелдеги жылдык жыйынында айкын болгондой, Улуттук электр станциялар акционердик коомунун башкармалыгы өткөн жылы кышка отун сатып алуу үчүн Евразия өнүктүрүү банкынан 30 млн. доллар насыя алган. Күрөөгө Бишкек Жылуулук борбору коюлган. Бирок Жылуулук борбор ага чейин эле күрөөгө коюлуп, 5 млрд. сом насыя алынган. Борбордун өзү 5 млрд. 100 млн. сом деп бааланып жаткандыктан, Евразия өнүктүрүү банкынын насыясы күрөөсүз калып, иш жүзүндө эч кандай мүлк менен камсыздалбай калган. Мына ушул маселени чечүү үчүн Бишкек Жылуулук борборунун 5 млрд. сомдук мурунку насыясы үчүн күрөө алмаштырылып, Камбар-Ата-2 ГЭСи коюлган. Натыйжада Бишкек Жылуулук борбору Евразия экономикалык банкынын 30 млн. долларлык насыясы үчүн жалгыз күрөө болуп калган.

Кыргызстанда ГЭСтерди күрөөго коюуга, сатууга тыюу салган мыйзам кабыл алынган. Бирок ал мыйзам Бишкек Жылуулук борбору жана Камбар-Ата-2 ГЭСине таратылбайт. Мына ошондуктан аларды күрөөгө коюуга мүмкүн болду дейт Улуттук электр станциялар акционердик коомунун башкы директорунун орун басары Аскаралы Кайбалиев:

- Бизде Бишкек Жылуулук борбору менен Камбар-Ата-2ден башка ГЭСтерибиз “Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө статусу жөнүндөгү” мыйзам бар. Ошол мыйзамдын негизинде биз ал ГЭСтерди сатканга, күрөөгө койгонго акыбыз жок. Ал мыйзамдан Камбар-Ата-2 менен Бишкек Жылуулук борбору чыгарылып калган.

Кайбалиевдин айтымында, Камбар-Ата-2 ГЭСи 11 млрд. сом деп бааланууда. Буга чейин ал күрөөгө коюлуп, Орусиянын 300 млн. доллар насыясынан 100 млн. доллар алынган. Азыркы курс менен эсептегенде 100 млн. доллар 5 млрд. 400 млн. сом. Бишкек Жылуулук борборунун 5 млрд. сомдук насыясы кошулганда, Камбар-Ата-2 ГЭСи толугу менен күрөөдө турганы айкын болот.

Дегеле Кыргызстандын энергетика системасы карызга толугу менен батып, эртеңкисин бүгүн эле коротуп жатканы байкалат.

Энергетика боюнча эксперт Эрнест Карыбеков мындай көрүнүшкө энергетика тармагынын жетекчилери күнөөлүү экенин, анын аягы кейиштүү болушу ыктымалдыгын айтат:

- Эгерде ушулар дагы эле ушинтип башкара берсе, булар эмки жылы кайсы объектти күрөөгө коюп, насыя алышат? Эгер насыяга электр линиясын куруп, же бир электр станцияны модернизация кылса, анда бир жөн. Өнүгүү болмок. Бул болсо өнүгүү эмес. Алар система такыр эле иштен чыгып калбасын, кыштан чыгалы деп ошого аракеттенип жатышат.

Эрнест Карыбековдун пикиринде, энергетика системасында 50 млн. доллардан 100 млн. долларга чейин каражат уурдалып кетүүдө. Мына ошол тыйылса, тарифти көтөрбөй эле маселелерди чечүүгө болот.

Энергетика жана өнөр жай министрлиги Кыргызстандагы азыркы тарифтер өзүн актабайт деп, электр энергиясына бааларды көтөрүү демилгесин көтөрүп келатат. Министрликтин планына караганда, быйылкы жылдын июль айында жаңы тарифтик саясаттын планы сунушталмакчы. Бирок кабыл алынары белгисиз.

Чындыгында Кыргызстандын энергетика системасы келерки кышка олуттуу оорчулуктар менен кирери байкалып турат. Биринчиден, Токтогулда суу өтө азайып, электр энергиясын экспорттоого мүмкүнчүлүк жокко чыгууда. Бул деген Бишкек Жылуулук борборуна көмүр, карамай, газ сатып алууга кошумча каражаттын болбостугунан кабар берет. Экинчиден, энергетикалык объектерди күрөөгө коюп, насыя алуу жагы да жеңил болбойт. Анткени алар буга чейин эле күрөөгө коюлуп калган.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG