Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:34

Беков: Пахта дүйнөлүк базарда арзан болууда


Айыл чарба министри Төрөгүл Беков быйыл пахта наркы арзан болуп жатышынын себептерин чечмелеп берди.

“Азаттык”: Жалал-Абадда дыйкандар пахтаны өстүргөн мээнет акталбай калганына нааразы болушууда. Эмнеге быйыл пахта арзан болуп жатат? Былтыр кымбаттыраак болуп, ошондон улам дыйкандар быйыл пахтаны көп айдап алышкан экен.

Төрөгул Беков: Мурдагы жылы Кыргызстан боюнча 26 миң 500 гектар пахта эгилсе, ушул жылы 37 миң 400 гектар эгилди. Анын ичинде 300 гектар Баткен облусунда, 21 миң 535 Жалал-Абад облусунда, 15 миң 700 гектар Ош облусунда айдалды.

Мурдагы жылга караганда 11 миң гектар көп эгилгенинин себеби, былтыр дүйнөдө пахта аз өндүрүлгөндүктөн, анын баасы абдан кымбаттаган. Ушул жылы дыйкандар мурдагы жылдагыдай жакшы пайда алабыз деп көп айдашкан.

Дүйнөдө быйыл 13 пайызга пахта көп өндүрүлөт экен. Пахтаны эң көп Австралия, Бразилия, АКШ, Кытай, Өзбекстан жана Пакистан эгет. Бул өлкөлөрдө да мурдагы жылдарга салыштырмалуу бир нече эсе көп айдалып, түшүм да көп алынат экен. Биз эми дүйнөлүк базардагы бааны көзөмөлдөй албайбыз. Биз баа канча болсо ошончодон сатабыз. Биз быйыл көп айдап, түшүмдү көп алабыз десек, дүйнөдө да куду ушундай аракеттер болуп, баа түшүп жатат.

Азыркы күндө, сентябрдын башына карата пахтанын волокносу 2,5 миң доллар болуп жатат. Мурдагы жылы эл 28 сомдон 55 сомго чейин сатышкан, азыр болсо 40-41 сомдон алынып жатат.

Биз азыр Монополияга каршы комитети, пахта заводдору менен иштешип, кымбатыраак ала алабызбы деген маселелерди караштырып, ортомчуларды азайтуу, дыйкандарга жардам берүү максатында колубуздан келишинче, дүйнөлүк базардын шартына карап иш жүргүзүп жатабыз.

“Азаттык”: Кыргызстан пахтаны каякка сатат, сапаты кандай? Адатта Кыргызстанга караганда Өзбекстанда өстүрүлгөн пахта сапаттуурак деп айтылат.

Төрөгул Беков: Кыргызстанда мурда пахта иштеткен эки-үч эле завод болсо, азыр жыйырма чакты ишкана бар. Бизде мурун пахтанын сапаты жакшы деп саналчу эле, бирок азыр да ошентип айтса болот. Биз негизинен Европага сатабыз.

“Азаттык”: Рахмат.

XS
SM
MD
LG