Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:42

“Кристаллды” кайтарып алгысы келгендер кимдер?


Таш-Көмүр шаары
Таш-Көмүр шаары

Уникалдуулугу менен КМШ кыйырына белгилүү болгон Таш-Көмүрдөгү “Кристалл” жарым өткөргүчтөр заводу кайрадан талашка түштү.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин тушунда аны менчиктештирип, бирок былтыркы 7-апрелден кийин өлкөдөн качып кетишкен “Ester Holding” компаниясынын көмүскө кожоюндары заводду бир жылдан соң кайрадан кайтарып алууга аракеттенүүдө.


Дүйнөдөгү беш заводдун бири


“Ester Holding” компаниясы бир жылдан кийин Жалал-Абад облустук сотуна кайрылып, “Кристалл” заводу боюнча сотко даттануу мөөнөтүн узартып алган. Анын экинчи доо арызында ишкананын кудуретсиздигин тастыктаган райондор аралык экономикалык соттун чечимин жокко чыгаруу талабы койулган. Эске сала кетчү жагдай былтыр 7-апрелден кийин аталган компаниянын кожоюндары качып кеткенде соттун чечиминин негизинде ишкана банкрот деп жарыяланган болчу.
“Кристалл” жарым өткөргүчтөр ишканасы КМШнын аймагында аналогу жок, дүйнө жүзүндөгү беш мына ушундай багыттагы өндүрүштүн бири. Анын өндүргөн каражаттары электроника жана татаал маалымат технологиялык жабдууларын жасоого колдонулат.


Мүлк министрлигинин банкротчулук иштер боюнча департаменттинин башчысы Болсунбек Казаков мындай чечимдин чыгышын ишкананын экономикалык жарамсыздыгы менен байланыштырды:

- Буга негиз катары ишкана мына ошол 7-апрелге чейин эле 420 миллион сом карыз болгондугу себеп болгон. Анын 80 миллиондон ашууну мамлекеттики болгон. Мына ошондон бир жылдан кийин гана бул компания сотко берип жатат. Мыйзам чегинде он күндүн аралыгында алар сотко беришсе болмок. Бирок былтыр алар качып жүрүшкөн болчу да. Быйыл келип алышып, Жалал-Абад облустук сотунда кассациялык арызын мыйзамда чектелген мөөнөтүнө карабастан каратып алышып, эми дагы соттошкону жатышат.

“Кристалл” жарым өткөргүчтөр ишканасы КМШнын аймагында аналогу жок, дүйнө жүзүндөгү беш мына ушундай багыттагы өндүрүштүн бири. Анын өндүргөн каражаттары электроника жана татаал маалымат технологиялык жабдууларын жасоого колдонулат. Мамлекеттин карамагында турган “Кристалл” заводун менчиктештирүүгө ошол кездеги парламент каршы чыккан. Бирок ал таркатылгандан кийин жең ичинен “Ester Holding” деген компанияга сатылып, бирок андан түшкөн каражаттын казынага түшкөн-түшпөгөнү да белгисиз бойдон калган.


6 миллион долларга баалап, 65 миллион сомго сатып алган


Ишкананын банкрот болгондон кийинки атайын башкаруучусу Кубанычбек Абакиров “Кристалл” 2007-жылы өздүк наркынан беш эсе төмөн сатылгандыгын белгиледи:

- Бул ишкананын мүлкү эле ал компания келгенге чейин эле көз карандысыз баалоочулар тарабынан 6 миллион АКШ долларына бааланган. Бирок аны булар 65 миллион сомго эле сатып алышкан. Мына эми ошол эле А. Елисеевдин командасы катуу иштеп, сот аркылуу, парламент аркылуу жана башка жолдор менен кайрадан ишканага ээлик кылууга аракеттенип жатышат.

“Ester Holding” компаниясы “Кристалл” заводунун базасында “Tash-Komur Silicon” жана “Tash-Komur electrik” компанияларын түзгөн. Аларга учурунда Максим Бакиевдин санаалаштарынын бири Алексей Елисеев ээлик кылгандыгы айтылып жүргөн. Азыр анын кызыкчылыгын коргогон тарап маалымат каражаттары аркылуу өкмөт баскынчылык жол менен “Кристалл” ишканасын тартып алды деген дооматтарын байма-бай жарыялап келет.

Болсунбек Казаков “инвестор болчубуз” дегендердин аракетинде сырдуу жагдайлар көп экендигине токтолду:

- Биз аларды эгерде таза инветсор болсоңор келгиле сүйлөшөлү дедик. Бирок мына ошол компаниянын артында ким турат, чыныгы кожоюнду таап келгиле десек жооп беришпейт. Алар айтып жатышпайбы 12 миллион доллар каражат жумшаганбыз деп. Биз барып текшергенде 12 миллион эмес он эки тыйын чыгымдалбагандыгын көрдүк. Болгону жабдууларды алышып, аны ошол жаңы түзүшкөн компанияларынын эсебине киргизип алышкан. Кызыгы “Кристаллга” жалаң карыздар калтырылып, аны кийин эптеп бирөөгө сатып жиберүүнү көздөшкөндүгү байкалып турат. Булар ага болгону үлгүрбөй калышкан. Мына ошол ойлорун ишке ашырууга кайрадан аракет кылышууда.


"Ester Holding" артында ким турат?


Учурда "Кристалл" заводун кайтарып алууну көздөп жаткан “Ester Holding” компаниясынын кызыкчылыктарын расмий түрдө Болот Абдыкадыров аттуу жаран коргоп жатат. Биз анын коюп жаткан талаптары жана бир жылдан соң гана сотко кайрылууга негиз болгон жагдайлары туурасында суроолор менен кайрылып, жооп ала алган жокпуз. Мындан сырткары Болот Абдыкадыров өзүнүн убактысынын таңкыс экендигине шылтап, былтыркы 7-апрелге чейин “Кристалл” заводуна кимдер ээлик кылып келгендер тууралуу маектешүүдөн баш тартты:

- Гезиттерден карасаңар, биздин бул багыттагы позициябыз так көрсөтүлгөн. Менин силер менен сүйлөшкөнгө убактым жок. Макул ....

“Кристалл” заводу Убактылуу Өкмөт тарабынан улутташтырылган объектилердин тизмесине киргизилбей калган. Ага ошол учурда ишкананы банкрот деп тапкан соттун чечими жетиштүү деп эсептешкендиги себеп болгон.

Убактылуу Өкмөттүн ошондогу мүчөсү Темир Сариев мурда мыйзамсыз ээлик кылып келген мүлктөрүн кайтарып алууну каалагандарга жол ачылып жаткандыгына токтолду:

- Биз үч айда эч нерсеге үлгүрбөй калдык да. Анан калса кандай окуялар болуп кетти. Парламенттик шайлоодон алдамчы жол менен утуп келип алышып, мына ошол бакиевчилердин мыйзамсыз ээлик кылган мүлктөрүн кайтартып беребиз дегендер азыр Жогорку Кеңеш менен өкмөттүн өзүндө эле толтура олтурушат. Буга эми элдин жообу болот болуш керек.

Былтыр “Кристалл” заводун 2007-жылы мыйзамсыз менчиктештирген факты боюнча каржы полициясы тарабынан кылмыш иши козголгон. Бирок бир жылдан ашуун убакыттан бери аталган иш иликтенип бүтүп сотко өткөрүлө элек. Ал арада “Кристаллга” ээлик кылгысы келгендердин менчик укугун аныктоо боюнча соттук териштирүүлөр башталууда.

P.S. Сот өкүмү күчүндө калды

Бул макала даярдалып бүтүп калганда Жогорку Соттун Экономикалык жана административдик маселелер боюнча соттук коллегиясы бүгүн, 26-августта «Кристалл» заводунун ээси - казакстандык "Ester Holding" компаниясынын арызын карап, буга чейин чыгарылган “Кристтал” заводу банкрот” деген өкүмдү күчүндө калтырганы белгилүү болду. Ошентип аталган компаниянын өтүнүчү канааттандырылган жок.

XS
SM
MD
LG