Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:58

Күйүүчү май кымбаттайт


Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы күтүлүүдө. Бирок анын таңсыктыгы болбойт. Кымбаттоонун себеби катары дүйнөдө мунай заттарына баанын көтөрүлүшү жана Орусиянын ички базарындагы күйүүчү майдын жетишпестиги аталууда.

Апрель айынын соңунда Орусиянын бир катар региондорунда бензин таңсыктыгы чыгып, анын натыйжасында орус өкмөтү күйүүчү майга экспорттук бажы төлөмүн 40% көтөрдү.

Бул чечим Орусиянын ички базарын күйүүчү май менен камсыздоо үчүн кабыл алынганы маалым, бирок Кыргызстанга таасири тийет деген чочулоолор бар.

Анткени Кыргызстанды күйүүчү май менен 90% ашуун Орусия, тагыраак айтканда “Газпромнефть” камсыздайт.

“Кыргызнефтетрейдерлер” бирикмесинин жетекчиси Жумакадыр Акенеев күйүүчү майга таңсыктык болбосун, бирок баасы көтөрүлүшү күтүлүп жатканын билдирди:

- Биздин бардык нефтетрейдерлер заводдоруна барып келишти. Азырынча Кыргызстан тарапка тоскоолдук, кошумча төлөмдөр коебуз деген сөздөр болгон эмес. Андай буйрук да келе элек.

Азырынча мурунку шарт боюнча эле келип атат, жүктөп атышат. Болгону баасы башкача болчудай. Анткени Орусиянын ичинде баалар көтөрүлүп жатпайбы.


Жумакадыр Акенеевдин айтымында, Орусиянын ички базарындагы баа мененКыргызстандагы баанын айырмасы 4-5 сом болууда. Ошончо суммага Кыргызстанда баалар көтөрүлүшү мүмкүн.

Бул маселени талкуулоо үчүн 3-майда Антимонополдук комитет менен биргеликте жыйын өткөрүлөт. Анда бааларды биз заматта эмес, улам көтөрүп туруу чечими кабыл алынышы күтүлүүдө.

Азыркы мезгилде Бишкекте А-92 үлгүсүндөгү бир литр бензин 31. 80 тыйын, А-95 35 сомдон сатылууда. Алыскы региондордо баалар буга караганда жогору.

Жогорку Кеңештин отун-энергетика, кен байлыктарды пайдалануу боюнча комитеттин төрагасы Азамат Арапбаев баалардын көтөрүлүш себебин мындайча түшүндүрдү:

- Азыр мунайга баа дүйнөлүк базарда көтөрүлүп жатат. Ошого жараша өндүрүшчүлөр да бензин, дизелдин баасын көтөрөт. Ошонун себебинен да биздеги баа көтөрүлөт. Биз күйүүчү майда 99% Орусиядан алабызда.

Азамат Арапбаевдин маалыматы боюнча дизель майына баа түштүк региондордо өзгөчө жогору болууда:

- Орусиянын өзүндө жазгы талаа жумуштары башталып калды. Ошондуктан дизель майына суроо-талап көбөйүп, тартыштык пайда болду. Ошон үчүн дизелге баа Ош, Жалал-Абадда орточо баа 40 сом, Баткенде 45 сом болуп жатат. Дизель азыркы кезде өтө курч маселе болуп турат.

Орус өкмөтүнүн бажы төлөмдөрүн көтөрүү чечими азырынча Кыргызстанга тиешеси болбостугун Акенеев билдирип жатат.

Бул маалыматты Арапбаев да тастыктап, өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин Москвадагы сүйлөшүүлөрүндө 700 миң тоннага жакын күйүүчү майды бажы төлөмсүз Кыргызстанга сатуу макулдашылган белгиледи. Бул Кыргызстанга кеч күзгө чейин жете турган өлчөмдөгү күйүүчү май.

Күйүүчү май, жалпы эле энергетикалык маселелер боюнча Кыргызстан менен Орусия жаңы келишимдин үстүнөн иштеп жатат. Өкмөт башчынын кеңешчиси Фарид Ниязовдун маалымдоосуна караганда, мына ушул келишим эки өлкөнүн ортосундагы бардык энергетикалык маселелерди чечүүгө тийиш.

Жогоруда тастыкталгандай. Кыргызстанга келе турган күйүүчү май жаңы баа менен келет. Натыйжада баа былтыркы калыбына келип калчудай. Ошону менен Орусия бажы төлөмүн албастан туруп, Кыргызстанга саткан күйүүчү майына өткөн жылдагы өлчөмдө пайда таап кетери айкын болууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG