Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:54

“Центерранын” акциясы бюджетти сактайбы?


Кумтөр алтын кени
Кумтөр алтын кени

Кыргызстан каржылык жактан каатчылыкта турат. Бюджеттин тартыштыгы 21 млрд. сомдон ашкан.

Аны сырттан карыз алуу менен жабуу ийгиликтүү болбой турат. Мындай шартта өлкөнүн “Центтера голддогу” акцияларынын бир бөлүгүн сатуу демилгеси кайрадан көтөрүлө баштады.

Айланы кетирген тартыштык

Бюджеттеги 21 млрд. сомдук тартыштыкты жабуу үчүн Кыргызстан Орусиядан 30 млн. доллар, Евразия экономикалык шериктештигинин антикризистик фондунан 200 млн. доллар сураган. Андан сырткары “Кыргызтелекомду” 100 млн. долларга сатууну болжолдогон.

Орусия Кыргызстандын өтүнүчүн аткарууну бир топ артка жылдырып койду. Ал эмес мурунку берген карыздардын үстөк пайызын тезиреек төлөө шартын койду. Натыйжада Каржы министрлиги 15-апрелде 14 млн. 375
миң долларды Москвага которууга аргасыз болду.

Тартыштыгы эпсиз көп болгон бюджетти аткаруу женил болбой жатат. Маселен, быйылкы жылдын үч айында бюджеттин чыгаша бөлүгү 94,7% гана аткарылган.

Өкмөт май айынан тарта мугалимдердин айлыгын көтөрүүгө убада берген.
Мына ушундай шартта өкмөт үчүн каражат керек. Аны жабуу үчүн айрым экономисттер Кыргызстандын “Центерра голд инктеги” акцияларынын бир бөлүгүн сатуу демилгесин көтөрө башташты.

"Центеррадагы" байлык

Кыргызстандын “Центерра голд инктеги” үлүшү 33% тегерегинде. Бир акциянын баасы 19-апрелге карай Торонто биржасында Канаданын 17 доллар10 цент турууда. Бул АКШнын 17 доллар 74 центине барабар. Мына ушул баада Кыргызстандын 77 млрд. 400 млн. даана же 33% акциясынын баасы 1 млрд. 373 млн. доллар деп эсептелүүдө. Экономисттер 2,5-5% акцияны сатып, каржылык каатчылыкты басаңдатууну сунуштап жатат. Жөнөкөй эсеп менен алганда 3% ашуун акция 130 млн. доллардын тегергинде акча болот.

Кыргызстан тоо кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев акцияларды сатууну өткөн жылы өкмөткө сунуштаганын айтып, буларга токтолду:

- Бул акцияны убагында сатып, убайын көрүш керек. Акциянын максаты ушул да кымбаттаганда сатыш керек, арзандаганда бирөөдөн сатып алыш керек мүмкүн болушунча. Ошентип пайдаланыш керек. Азыркы кезде 77млн. 400 миңдей акциябыз бар. Анын баасы 17 доллардан болгондо 1млрд. 300 млн.-1млрд. 400 млн. доллар. Ошондуктан сатканы туура болот. Эми чечкиндүүлүк керек. Азыр тоо өнөр жайы менен, өндүрүш менен иштеген эч ким жок болуп жатат. Бир эле саясат, талаш-тартыш.

Оппозициялык “Ата Мекен” фракциясынын мүчөсү Равшан Жээнбеков акцияларды сатуу демилгесин колдоп, бирок ал бюджеттин тартыштыгын жабууга кетпеш керек деген пикирин билдирди:

- Эгерде Кумтөрдөгү 5% акцияны сатып, 150-200 млн. доллардын
тегерегинде пайда ала турган болсок, биз аны жеп-ичүүгө эмес, өнүгүүгө жумшашыбыз керек. Эгерде тапкан акчабызды жеп-ичкенге жумшай турган болсок, анда биздин мамлекет катарында, улут катарында келечегибиз болбойт. Эгерде биз 5% акцияны сатып туруп, андан түшкөн акчаны билим берүүгө, же жаңы технологияга, же адам ресурстарын өнүктүрүүгө сала турган болсок, анда бул колдой турган идея болот. Ал эми бюджеттин тансыктыгын жабууга кетире турган болсок, бул жеп-ичүүгө гана кетет деген сөз.

Равшан Жээнбеков өкмөт ички ресуртар менен иштөөгө, коррупцияны ооздуктоого көңүл бурбай жатат деп айыптады.

Премьер-министрдин кеңешчиси Фарид Ниязов азыркы мезгилде акцияларды сатуу маселеси өкмөттө каралбай жатканын билдирди. Ал эми өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кезинде “Центерра голддогу” акцияларды натыйжалуу башкаруу жөнүндө сөз козгогон. Бул Кыргызстандын акциясынын көлөмүн 35% жеткирип, ошону менен компанияда чек же блок коюучу мүмкүнчүлүккө ээ болуу керек деген пикирди билдирет. Бирок өкмөттө азыр андай мүмкүнчүлүк жок болууда.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG