Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:20

Алтын арзандады


Дүйнөлүк базарда алтындын баасы түшүп баратат. Эгерде жыл башында бир унций алтын 1700 долларга жетсе, азыркы кезде 1250 доллар болуп калды. Алтынга көп ишенич артып турган Кыргызстан баалардын мындай өзгөрүүсүнөн кандай зыян тартууда?

“Кыргызалтындын” жетекчисинин финансы иштери боюнча орун басары Кылычбек Шакировдун айтымында, алтынга баанын арзандашынан “Кыргызалтын” ишканасы биринчи кезекте жабыр тартып жатат. Анткени бул ишканада алтынды казып алуунун өздүк баасы абдан жогору. Ошондуктан өзүн актабай калды.

Өздүк баанын жогору болгонунун себебин Кылычбек Шакиров мындайча түшүндүрдү:

- Биздин технология эски. “Кыргызалтындагы” жабдууларга 40-50 жыл болуп калган. Анын баарын алмаштыруу керек. Алар ушул кезге чейин эч качан жаңырган эмес. Андан сырткары салык бар. Жаңы салык төлөп жатабыз. Ошону менен биз азыр абдан оор абалдабыз. “Кыргызалтынга” бул жыл абдан оор болуп жатат.

Кумтөр
Кумтөр
Шакировдун айтымында, “Кумтөрдө” салыштырмалуу абал дурус. Анткени бул ишканада бир унций алтындын өздүк наркы 800-900 долларга туура келет. Анын себеби жаңы технология жана кендин карьер жолу менен казып алынышында болуп жатат.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиевдин айтымында, алтынга баанын түшүүсү бюджеттин киреше бөлүгүнө да, ички дүң продукциянын көлөмүнө да терс таасирин тийгизет:

- Биздин эсеп боюнча 1 млрд. 400 млн. сомго салык азаят. Ал эми биздин жалпы ички дүң продукцияга кандай таасир этерин да эсептеп, 2013-жылга оңдоп-түзөөлөрдү киргиздик. Мурун ИДПны 354 млрд. сом болот десек, азыр 351 млрд. сомго божомолдодук.

Шамшиевдин пикиринде, алтынга баанын түшүүсү АКШ саясатына байланыштуу. Тактап айтканда, доллардын бекемделүүсү, АКШ экономикасынын акырындап оңолуу жолуна түшүүсү жана ушул эле өлкөнүн долларга карата “сандык жумшартуу” саясатын токтотуусу таасирин тийгизип жатат.

"Кыргызстанда “Кыргызалтын” жана Кумтөрдөн башка да алтын кендери бар. Бирок аларды азыркы кезде алтынга баанын арзандашы эмес, жергиликтүү калк менен мамиленин начар болуп жатышы түйшөлтүүдө",- дейт Шамшиев.

Кыргызстан экономикасында алтын орчундуу орунду ээлейт. Кумтөр алтын кенинин абалы эле жалпы өлкөнүн өнөр-жайынын көрсөткүчтөрүн өйдө-ылдый кылып турганын эске алганда эле, алтын өндүрүшүнүн өзгөчө орду айкын болот.

Кумтөр жаңжалы “Центерра голд инктин” акцияларынын кескин арзандашына алып келди. "Акциялардын арзандашына алтынга баанын төмөндөөсү да таасир этти", - дейт “Кыргызалтындын” жетекчисинин орун басары Кылычбек Шакиров.

Белгилүү болгондой, азыркы кезде “Центерра голд инктин” акциялары Торонто биржасында Канаданын 3 доллар 66 центине бааланып турат. Демек Кыргызстандын 77 млн. даананын тегерегиндеги акциясы 280 млн. доллардан ашуун гана бааланып турат. “Центерранын” акциялары абдан көтөрүлүп турган мезгилде Кыргызстандын акцияларынын баасы 1.5 млрд. доллардан ашып турган эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG