Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Шыкмаматов: "Центерра" менен сүйлөшүү курч маанайда өттү


Кыргыз өкмөтү менен “Центерра голд” ишканасы "Кумтөр" ишканасын биргелешип иштетүү боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол коюшту. Жаңы документтин артыкчылыгы тууралуу юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов "Азаттыкка" маек курду.

“Азаттык”: Меморандумдун англисче жарык көргөн вариантында “кыргыз тарап бардык сырткы активдерден баш тартат, дагы 100 млн. доллар канадалыктарга төлөп берет” деп жазылып турат. Ушуну түшүндүрүп бересизби?

Шыкмаматов: Туура, Жогорку Кеңеш өкмөткө февраль айында тапшырма берген. Ошондон бери сентябрга чейин кандай сүйлөшүү болгону көшөгө артында калды да. Сүйлөшүү өтө оор, курч маанайда өттү. Биз денонсация менен коркутсак, алар эл аралык сотко берерин айтып жатышты. Анан биз эл аралык юрист, экономист, финансы компанияларды чакырып, алар баарын эсептеп чыкты. Эки тараптын активдери канча турат, тобокелдик барбы мунун баары эске алынды.


Алар биздин мурдагы 32% акцияны эсептеп келип, 40% кылабыз деген. Андан кийин 44кө, тура качып жатышып 46% көтөрүштү. Акыры талашып-тартышып жатып 50% токтолдук. Башта айткандай, баары эл аралык эксперттердин изилдөөсү менен болду. Алар алтындын баасы бүгүнкүдөй болсо, ушул көлөмдө казылса, анда бизге кошумча 84% пайда түшөрүн айтышты.

“Азаттык”: Алмамбет мырза, сиз азыр бизге кыскача түшүндүрүп жатасыз, эл аралык аудиторлордун айтканын ачыкка чыгарса болбойт беле? Экинчиден, 100 млн. долларды кыргыз өкмөтү кайдан алып төлөйт?

Шыкмаматов: 100 млн. доллар дивиденд эсебинен 10 жыл ичинде төлөнөт деп айтылды. Алар бизге “Центеррадагы” 6 млн. акциянын үлүшүн калтырды. Биз 100 миллион долларды төлөбөйбүз деп көгөргөндө алар ушундай чегинүүгө барды. Анда биз силерге акцияны берели, силер ошону кымбат баада сатып карызды кайтаргыла деп. 100 млн. долларды ошонун эсебинен төлөсөк болот.

“Азаттык”: Бул сүйлөшүүлөрдүн экономикалык эсептөөлөрүн коомчулукка ачык чыгарса болобу?

100 млн. доллар дивиденд эсебинен 10 жыл ичинде төлөнөт деп айтылды. Бизге “Центеррадагы” 6 млн. акциянын үлүшү калды.
Шыкмаматов: Албетте меморандум кечээ гана ачыкка чыкты. Мындан ары бул эксперттер тарабынан майдаланып, талданат. Кыргызстандагы адистердин баары өз көз карашын айтат. Анан муну кыргыз парламенти, “Центерранын” акционерлери бекитиши керек. Андан кийин гана келишим күчүнө кирет. Бул биздин алгачкы гана жетишкендигибиз.

“Азаттык”: Жаңы меморандумда Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой калганын “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Бул документ парламентте каралганда депутаттар каршы чыгат дегенди туюндурат да. Эгер андай болсо кыргыз өкмөтү кандай кадамга барат?

Шыкмаматов: Эгер парламенттен өтпөй калса, анда биз денонсацияга барууга мажбур болобуз. Биз деле кийинки урпактар бизди соттобосун, доомат артпасын деген жоопкерчилик менен сүйлөшүү жүргүздүк да.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG