Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:06

Кумтөр келишими: "чабактар" кармалууда


Айрым саясатчылар Кумтөр боюнча 2003-жылкы келишимдин негизги автору ошол туштагы президент Аскар Акаев болгонун айтууда.
Айрым саясатчылар Кумтөр боюнча 2003-жылкы келишимдин негизги автору ошол туштагы президент Аскар Акаев болгонун айтууда.

Кумтөр алтын кени боюнча 2003-жылкы келишимди түзүүгө катышкан мамлекеттик мурдагы кызматкерлер кармала баштады.

Кумтөрдөгү Кыргызстандын үлүшүн 67 пайыздан 33 пайызга түшүргөн ал келишим боюнча кылмыш иши 2005-жылы эле козголуп, бирок эч ким жоопко тартылбай калган. Жаңы кылмыш иши парламенттин талабы менен ачылган эле.

Жапаров: Келишимдин негизги автору - Аскар Акаев

Парламенттин жазгы сессиядагы тапшырмасынан кийин Башкы прокуратура 2003-жылкы Кумтөргө байланыштуу келишим боюнча кылмыш ишин козгогон. Мына ошол кылмыш иштин негизинде келишимге тиешеси бар бир нече мурунку мамлекеттик кызматкерлер кармалды.

Башкы прокуратуранын билдирүүсүнө караганда, кармалгандар ичинде юстиция министринин ал кездеги орун басары Нурлан Алымбаев, геология жана минералдык ресурстар боюнча агенттиктин жооптуу кызматкери Д. Камчыбеков жана өкмөттүн аппаратынын мурунку кызматкери А.Жолошев бар.

Булардан сырткары 2003-жылкы келишимди түзүү боюнча делегациянын курамында финансы министринин ал кездеги орун басары Эмирлан Төрөмырзаев, “Кыргызалтындын” жетекчиси маркум Камчыбек Кудайбергенов, Жогорку Кеңештин депутаттары Акылбек Жапаров, Жеңиш Эшенкулов болгон.

Акылбек Жапаровдун айтымында, ал бул маселе боюнча күбө катары Башкы прокуратуранын суроолоруна жооп берип чыкты:

- 2003-жылы мен берген сунуштарды кабыл албай коюшкан. Кыргыздардын кызыкчылыгын коргобой турган вариант өткөн. Мыйзам чыгаруу палатасынын депутаты болуп туруп, биз каршы чыгып токтом кабыл алганбыз. Бул келишим ушул түрүндө кыргыздын кызыкчылыгын коргобойт деген. Мына ошолор жөнүндө прокуратурага күбө катары айтып бердик.

Акылбек Жапаровдун пикиринде, 2003-жылкы келишимдин негизги автору ал кездеги президент Аскар Акаев болгон:

- Президенттин чечими, алардын тапшырмасы болбосо 2003-жылы 31-декабрда шашылыш түрдө эч ким эч нерсеге кол коймок эмес. Өкмөттүн жыйыны болгон эмес. Сурамжылоо түрүндө жасап туруп, мына ушул келишим пайда болгон.

Аткаруучулар гана кармалуудабы?

“Кылым шамы” укук коргоо уюмунун лидери Азиза Абдырасулованын айтымында, 2003-жылкы келишим боюнча кармалгандар аткаруучулар гана болгон. Ал эми Кумтөр боюнча келишимди түзгөндөр сыртта кала берүүдө:

- Өкмөттүн токтомун чыгарган, эксперттик топту, комиссияларды түзгөн, келишимге кол койгон кишилер жоопкер болбой эле, ошолордун тапшырмасын аткаргандар жоопкер болгону коррупцияга каршы күрөш дегендин бир элеси болгондой сезим болуп жатат бизде. Эми калганын тергөө көрсөтөт.

Азиза Абдырасулова ошол эле мезгилде Нурлан Алымбаев эксперт катары “Кылым шамы” уюмунун долбоорлоруна да тартылып жүргөнүн кошумчалады.

Мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун билдирүүсүнө караганда, 2003-жылкы келишим боюнча кылмыш иши 2005-жылы эле козголгон:

- 2005-жылы март ыңкылабынан кийин башкы прокурор катары, кылмыш ишин козгогон катары бул жерде кимдер күнөөлүү экенин билем. Жанагындай майда-чүйдө кызматкерлер менен коомчулуктун көзүн боёп коебуз деген, чоң кылмышкерлерди, чоң кылмышты жашыруу болуп эсептелет.

Бекназаровдун айтымында, 2003-жылкы келишим үчүн Аскар Акаев, Николай Танаев, Болот Абилдаев жоопкерчиликтүү.

2003-жылкы келишимдин авторлорунун бири катары ал кездеги каржы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаев да аталууда. Төрөмырзаев азыркы кезде Орусияда “Газпромдо” иштеп жатат.

Башкы прокуратура Акаев, Танаев, Төрөмырзаевди Кыргызстанга кайтаруу боюнча талаптар Орусияга жөнөтүлгөн-жөнөтүлбөгөнү боюнча тергөө сырына байланыштуу маалымат бере албасын билдирди.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG