Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Жаңы түндүк-түштүк жолундагы алгачкы курулуш


Көкөмерен дарыясына курулган жаңы көпүрө. Жумгал району, 17-октябрь, 2013.
Көкөмерен дарыясына курулган жаңы көпүрө. Жумгал району, 17-октябрь, 2013.

17-октябрда Нарындын Жумгал районунда жаңы курулчу экинчи түндүк-түштүк жолун байланыштырчу алгачкы көпүрө ишке берилди.

Көпүрөнүн ачылыш салтанатына Нарынга эки күндүк иш сапары менен барган президент Алмазбек Атамбаев да катышты. Аталган көпүрөнүн узундугу 78, туурасы 9,5 метр.


Президент Алмазбек Атамбаев Жумгалдын Өрнөк айылына курулган бул көпүрөнү өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына кирген түндүк-түштүк жолундагы негизги курулуштардын бири катары баалады:

- Бул жөн көпүрө эмес. Кудай буйурса эмдиги жылы түндүк-түштүктү экинчи жолду салып баштайбыз. Ошол жол ушул көпүрө менен өтөт.

Өлкө башчысы бул көпүрөнүн жанына дагы бир көпүрө түшөөрүн жана жаңы жолдун курулушун президенттик мөөнөтү аяктагыча бүтүрүүгө белсенип жатканын кошумчалады:

- Бул көпүрөнүн жанына дагы бир чоң көпүрө салабыз. Ошондо эки көпүрө эгиздей болуп калат. Менин дагы 4 жылдык мөөнөтүм калды. Кудай буюрса жаңы түндүк-түштүк жолун бүтүрүп кетейин деген тилегим бар.

Көкөмерен дарыясына курулган бул көпүрө азыр Жумгалдын Өрнөк, Сары-Камыш айылдарын район борбору Чаек менен байланыштырып турат. Буга чейин 1976-жылы курулган эски көпүрө жараксыз абалга келип, өтүүгө тыюу салынган. Бир жылда курулуп бүткөн бул көпүрөгө өкмөттөн 78 миллион сом бөлгөн.

Транспорт министри Султанов президентке жаңы жолдун долбоорун көрсөтүүдө. 17-октябрь, Жумгал району.
Транспорт министри Султанов президентке жаңы жолдун долбоорун көрсөтүүдө. 17-октябрь, Жумгал району.


Транспорт жана коммуникация министри Калыкбек Султанов келечекте курулуучу улуттук долбоор катары өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына кирген кара жолдогу бул көпүрөнүн мааниси чоң экенин белгилеп, анын көтөрүмдүүлүгү 80 тонна экенин жана сапаттуу курулганын да айта кетти.

Буга чейин эски көпүрөнүн жараксыздыгынан 3-4 айылдын калкы район борборуна каттоодо кыйлы кыйынчылык тартып келди. Себеби оор жүктөрдү көпүрөдөн алып өтүү кооптуу болчу. Жумгал районун акими Адылгазы Исагулов жаңы көпүрө райондун экономикасына дагы таасир берет деген ойдо.

Жакынкы жылдарда ушул жаңы көпүрө аркылуу өтөөрү болжолдонуп жаткан альтернативалуу түндүк-түштүк жолунун жалпы узундугу 430 чакырымды түзөт. Тоону бойлой салына турган жолдо эки тоннель салынат, анын бири Нарын дарыясын бойлой 600 метр болот. Анан Көк-Арт ашуусуна да үч жарым чакырымдык тоннель курулат. Адистердин айтымында, жаңы жол түшчү жердеги ашуулар анча бийик эмес жана кышкысын калың кар жатпагандыктан айдоочуларга бир топ эле жеңил болот. Жол Балыкчыдан Жалал-Абад шаарына чейин созулуп, долбоордун болжолдуу бюджети 850 миллион АКШ долларына бааланган.

Президенттин келишин күтүп тургандар, 17-октябрь, Жумгал району.
Президенттин келишин күтүп тургандар, 17-октябрь, Жумгал району.

Эки күндүк иш сапары менен Нарын облусуна келген президент Алмазбек Атамбаев ушул эле күнү Ак-Талаа районундагы асфалть-бетон зоводунун ачылышына катышты. Эртең Жогорку Нарында курулуп жаткан ГЭСтердин курулушу менен таанышат.

Бүгүнкү көпүрөнүн ачылышы болсо таң эрте суукта мектеп окуучулары президентти тоскону тизилип турганы менен да эсте калды.
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG