Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:21

Жайыттарга аяр мамиле жасайлы


Кыргызстандын аймагынын 50% ашуунун жайыттар түзөт. Жайыттардын бүгүнкү абалы кандай?

"Арай көз чарай" талкуусуна Айыл чарба министрлигине караштуу жайыт департаментинин башчысы Абдымалик Эгембердиев, “Суусамыр жайыт пайдалануучулары” ассоциациясынын президенти Адылбек Жумалиев жана “Укук жана бизнести өнүктүрүү” коомдук борборунун башчысы Алмаз Мусабаев катышты.

“Азаттык”: Жайыттардын абалын жакшыртуу максатында бир нече жыл мурун жайыттар комитеттери уюшулган. Андан кандай майнап чыкты?

Эгембердиев: 2009-жылы "Жайыттар жөнүндө" жаңы мыйзам кабыл алынган, ага ылайык Кыргызстандын бардык аймактарында жайыттар комитеттери түзүлгөн. Буга негизги себеп – элибиздин байлыгы болгон жайыттарды башкарууну, пайдаланууну жакшыртуу максаты болгон.

Жалпы республика боюнча 454 жайыт комитети бар, алар иштерин мыйзамга ылайык жүргүзүп жатышат. Баары болбосо да көпчүлүк жайыт комитеттери өздөрүнүн милдеттерин жакшы аткарып, оң натыйжаларды берип жатышат. Мисалы, көп жылдардан бери каралбай калган жолдор калыбына келтирилип, 1800 чакырым жол оңдолду. Ошондой эле отуздан ашуун көпүрөлөр оңдолуп, жайыттардагы булактардын көздөрүн ачып, мал суу иче турган жайларды калыбына келтиришти.

Жумалиев: Жайыттар комитети жаңы түзүлө баштаганда иш кыйынчылык менен башталган, бирок бүгүнкү күнү өз нугуна түшүп келатат. АРИС аркылуу ар бир жайыт комитеттерине жардам катары 250 миң сомдон акчалай жардам берилди. 20 жылдан бери жайыттардын кожоюндары жок, жолдор, көпүрөлөр бузулуп, жердин өзү деградацияга учурап кеткен эле, эми азыр анын баары оңдолбосо да көпчүлүгүн оңдоого аракеттенип жатабыз.

Мусабаев: Жайыттарды пайдаланууда унаа жүрүүчү жолдорго жакын аймактарга мал көп жайылып, алыскы жайыттарга барууга кызыкпаган малчылар көп. Ошондуктан өкмөттүн атайын токтому иштелип чыгып, 1 гектар жайытка малдын оптималдуу сыйымдуулугун эсептеп чыгып, жайыт комитеттери ошол токтомго ылайык иш алып баруусуна жетишүү керек.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Айтылып жаткан сөздөргө ишенсек, жайыт пайдалануучуларга көп мүмкүнчүлүк, эрк берилиптир. Бүгүнкү күнү жайыт акысы да жайыт комитеттеринин өзүндө калат экен. Ошол акчаларды жол, көпүрөлөрдү оңдоого, жалпы эле инфраструктураны калыбына келтирүүгө жумшоого эмнеге болбосун?

Жумалиев: Жайыттар элдин байлыгы болгон соң, ошол жерлерге отурукташып, мал жайып жаткан адамдар биринчи болуп ойлонушу керек. Бирок алар ири фермерлер болбогон соң, майда малчылар алыскы жайыттарга барбай жатышат. Анткени жол кыйынчылыгы деген бар, алыс жактарга мал доктурлар да барышпайт. Ошол үчүн айрым жайыттар эс алуусуз пайдаланылып, малдын туягынан деградация болуп атса, айрым жайыттар мал барбай, малдын туягы жок уулуу чөптөр көп өсүп, пайдалуу тоют чөптөр өспөй калып, деградация болуп жатат.

Мусабаев: Жайыт комитеттери тууралуу мыйзам кабыл алып, иштеп атканына 3 жылдын жүзү болсо да, алдыга жылуу болбой атат. Көйгөйлөр эч азайган жок, мүмкүн күн санап кайра көбөйүп атат. Минтип кете берсе, келечекте жайыт комитеттерине эч ким иштебей коюшу толук ыктымал. Анткени жайыт комитеттеринин ишмердүүлүгүн эрежеге салып, алардын көзүн ачкан мыйзам актылары бизде жетишсиз.

Мисалы, мен жана айтып өткөн жайыттардын оптималдуу жүгү аныктала элек, мыйзамдын 6-беренесинде көрсөтүлгөндөй жайыт комитеттеринин иши тууралуу методикалык ыкмалар жок. Бүгүнкү күндө салык жайыт комитеттери аркылуу өндүрүлөт, эгер жайыт комитеттери иштей албаса, аларга салык жыл сайын кошулуп отуруп, жүк болуп үйүлөт.

Эгембердиев: Жайыт комитеттеринин баары эле тегиз жакшы иштеп жатат дегенден алыспыз. Бирок ошол эле учурда ийгиликке жетишип, көйгөйлөрдү чечүүнүн жолдорун билген жайыт комитеттери да бар, алардын катарында иши жакшы жүрбөй жаткан жайыт комитеттери да жок эмес. Ошондуктан биз аларды бири-бирине алып барып, тажрыйба алмаштыруу иштерин жүргүзөлү деп атабыз.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG