Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:42

ГЭС курулчу жерде кыймыл жай


Нарын, Орток айылы. 16-июль, 2013-жыл
Нарын, Орток айылы. 16-июль, 2013-жыл

Жогорку Нарында Орусия салып баштаган электр станцияларынын курулуш иштери өтө эле жай жүрүүдө.

Жогорку Нарында алгачкы ГЭС түшө турган жерде да кайнаган иш байкалбайт. Суу жээгинен 2-3 чакырым алыс, Орток айылына чукул жерде онго жетпеген техника жер казып жатышат.

Айыл тургуну Максат Жумагулов жергиликтүү калк жумушка тартылбаганын жана курулуш жай жүрүп жатканын айтууда.

Азырынча онго жакын гана техника иштеп жатат
Азырынча онго жакын гана техника иштеп жатат
- Бизден бир дагы киши иштей элек. Эмне болуп жатканын киши деле билбейт. Курулуш жүрүп жаткан жерге бизди киргизбейт, бирдемесин уурдап алчудай болуп. 10-июлда бир топ иштер жүрүп калат деген, эч нерсе жок. Аябай жай иштеп жатышат.

Техника иштеп жаткан жерге цемент заводу турмакчы. Ал жерде төрт камаз, эки топурак салгыч, эки топо түрткүч жана суу ташыган машине болуп 9 техника иштөөдө. Ашпозчу, кароолчуну кошкондо жалпы он бештей курулушчу болсо, алардын алтоо жергиликтүү тургундар экен. ГЭС салуучу орусиялык “РусГидро” ишканасынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн Өндүрүштүк техникалык бөлүмүнүн башкы адиси Бейшенбек Асанбеков азыр негизги курулуш баштала электигин жана даярдык жумуштары тынымсыз жүрүп жатканын билдирди.

- Бул жерге бетон завод курабыз, жерин даярдап ушул жума бүтөбүз. Анан курулушка керек болгон каражаттарды өндүрчү чакан заводдорду куруп баштайбыз. Азыр негизги курулуш баштала элек. Азыр даярдоо иштери жүрүп жатат. Тынымсыз иштеп жатабыз.

​Июнь айынын ортолорунда башталган курулушта чакан заводдун орду даярдалып бүтө элек. Дагы бир жергиликтүү тургун Садыр Осмонов курулуш боюнча жергиликтүү элде маалымат аз болуп жатат дейт:

- Жергиликтүү элдин иши жок алар менен, алар өз ишин кылып жатат. Башка жактан келгендер иштеп жатат. Жергиликтүүлөрдөн ашпозчулар бар. Бизде маалымат деле аз.

Башка жактан келген жумушчулардан изилдөө иштерин жүргүзүп жаткан бирин-экин адамдар жүрөт. Калганы Нарын, Бишкек шаарынан келген айдоочулар. "Курулушту долбоорлоо иштери аяктаган соң жергиликтүү тургундар жумушка алына баштайт"- дейт Орток айыл өкмөтүнүн башчысы Миртемир Турдалиев:

- Азыр бетон чыгаруучу завод куруу алдында турушат. Анан жалпы курулуштун долбоорун бүтүрүп, убактылуу жашоочу шаарча курулат. Алар болжолдогон иштер жүрүп жатат.


Курулуштун алдында калчу 218 гектар чөп айдалчу айыл элинин жери бар. Аларга өкмөт тараптан компенсация төлөп берүү жагы каралып жатат. Чынында, мындай чоң долбоордо карапайым калк курулуш иштери менен кабардар болуп турганы оң. Башында айыл эли жапа тырмак курулушту колдоп турса, азыр ар кандай ушак кептер чыга баштагандай.

Нарын дайрасына Орусия менен биргеликте Камбар-Ата-1 жана Жогорку Нарындагы ГЭСтер каскадын куруу боюнча келишимге былтыр кол коюлган. Орусия тараптан каскадды куруудагы Кыргызстандын өнөктөшү “Русгидро” ишканасы - ГЭСтердин курулушу 5 - 6 жылга созулуп, алгачкы гидроагрегат 2016-жылы ишке кирерин маалымдаган. ГЭСтер курулуп бүтсө Нарын, Ысык-Көл облустарын электр жарыгы менен камсыз кылат.


ГЭС курууда "жай чарбабы?"
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:16 0:00
  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG