Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Баткен: Кен чалгындоо чатагы


Баткендин Зардалек тоосун чалгындап жаткан компаниянын өкүлдөрү.
Баткендин Зардалек тоосун чалгындап жаткан компаниянын өкүлдөрү.

Баткендеги алюминий кенин иштетүү маселеси талаш жаратууда. Кен чыгат делген тоолорго жакын үч айыл бар.

Андагы тургундардын бир даары зыяндуу дешип, кенди ачууга каршы болушса, бир тарабы макул. Ал эми башкалары бул тууралуу дегеле маалыматы жок.

- Көпчүлүк нааразы болуп, кууп жиберебиз деп аракет кылышты. Анткени, биздин түшүнүгүбүз боюнча, бул кен иштетилсе экология бузулат экен.

- Жайытыбыз тарыйт, экологияны бузат экен. Ошон үчүн каршы чыкканбыз. Биринчи отуз, анан дагы чыктык, андан кийин 157 адам чыгып, барып айттык, кеткиле деп.

Баткен районунун Сары-Талаа, Кан, Тунук-Суу айылындагы бир катар тургундар ушинтип кендин чалгындалышына, ошондой эле келечекте казылышына каршы чыгышууда.

"Кен мына ушул тоонун ичинде"
"Кен мына ушул тоонун ичинде"

Мунун арты менен чалгынчылар эки ирет чатырларын жыйнап, көчүп кетип, кайра келишкен.

Айрым тургундар болсо айылынын жанында эмне иш болуп, кандай кен казылып жатканынан деле толук кабардар эмес. Алардын айткандарына караганда, тиешелүү бийлик өкүлдөрү бул жаатта түшүнүк беришпептир.

- Этият болуңуздар, элге мындай зыяндары тиет, же тийбейт деген түшүндүрүү иштери жүргөн жок. Бийликтегилер келип элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсүн.

- Эми, бизде бул боюнча түшүнүк жок. Кайсы кен, кандай, билбейм аны. Экологдор билсе керек?..

Ал эми башкалары, маселен Кан айылынын тургуну Ашим Сапаралиев талашка эл аралык эксперттер чекит койсун деген сунуш айтат.

- Эл аралык, көз карандысыз экологдор изилдеши керек муну. Пайдасынын кереги жок бизге, бизге эртеңки келечек, балдар керек. Өкмөттүн экологдору эмес, эл аралык эксперттер иликтеши керек муну.

Булардан тышкары кенди иштетүүгө макул тараптар да бар экен. Мындан улам айыл элинде ача пикир жаралды дешүүдө.

Геологиялык чалгындоону жетектеп жаткан Иван Дардянскинин айтканы муну бекемдегендей:

- Башында олуттуу пикир келишпестиктер болду. Бирок мунасага жетиштик. Жергиликтүү үч айылдын тургундары менен келишим түздүк. Анда эл бизге иштегенге уруксат берет. А биз өз кезегинде 600 миң долларга аларга мектеп куруп беребиз. Ал эми уран бар деп кооптонууга болбойт. Урандын үлүшү стандарттык деңгээлде.

Алюминий кени бар делген Зардалек тоосу.
Алюминий кени бар делген Зардалек тоосу.
Ошентсе да адис учурда уран деңгээлин атайын экспертиза иликтеп жатканын белгиледи. Геочалгынчы мындан сырткары, издөө ишине жергиликтүү 35 киши тартылганын, эгер кен ачылса үч айылдын дээрлик бардык тургундары иш менен камсыз болорун айтууда.

Алюминий бар делген Зардалек тоосу аталган айылдардан беш-алты чакырымдай ыраакта жайгашкан.

Берилген лицензияга ылайык, Зардалекти Кайман аралдарында катталган “Sparkler Mining Inc” аттуу компания чалгындап жатат.
Мында алюминийден сырткары алтын жана башка баалуу заттар да изилденери көрсөтүлгөн.

Үстүрт жүргүзүлгөн иликтөөгө таянып, Дардянски аймакта 900 миллион тоннадан ашуун алюминий запасы бар экенин чамалоодо.

XS
SM
MD
LG