Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:45

Кочкордо балык баккандар көбөйүүдө


Чолпондук балык багуучулар.
Чолпондук балык багуучулар.

Нарындын Кочкор районундагы Чолпон айыл өкмөтүндө быйыл үч балык чарба ачылды.

Буга чейин жалаң гана мал кармап, мал менен тиричилик кылган тоолуктар киреше-пайдасынан улам балык багуунун кыныгын ала башташты.

Жаныбек Майкараев балык өстүрүүгө эки жыл даярданган экен. Алгач Чолпондогу Тармал-Саз деп аталган участоктогу ээн жаткан, таштандыга толгон жерди тазалап, көлмө казган:

- Балык өстүрүү атам экөөбүздүн идеябыз болчу. Бул жер союз убагында таштанды төгүлгөн, камыш баскан жер болчу. Эки жыл ушул жерди тазалап, казып түйшүктөндүк. Кол менен, трактор менен каздык.

Майкараев балыктын уругун Ысык-Көлдөгү Тоң районундагы балык чарбадан алып келген. Беш айдан бери балыктарынын ар биринин салмагы 100 граммдын тегерегинде болуп калыптыр:

- Муну “форель радужный”, же болбосо “алтын форель” деп коюшат экен. 16-17 миңдей алып келдик. Так саналбайт экен, уругун килограммдап беришет экен. Муну эми жок дегенде бир жарым жыл багыш керек. Көпкө чейин кармаса пайда жакшы түшөт экен, салмагы көп болуп. Бирок биз биринчи жыл эле кармап жаткандыктан алыбыз жетпейт. Бир айда жемине 25-30 миң сом коротуш керек экен. Ошондуктан кичине кыйналып жатабыз.

Майкараевдин айтымында, киреше жакшы түшкөнү менен балык кармоо мал багууга караганда кыйла түйшүктүү келет:

- Көлү, балыгы, жеми болуп отуруп 400 миң сом кетти. Азыр булардын килограммы 250 сомдон өйдө экен. Ар бир балыкты 1 килограммга жеткизип алсак, ушул жерден 16 тонна балык алат экенбиз. Пайдалуу эле болот деп атышат, бирок биз азырынча көрө элекпиз. Малга караганда түйшүктүү болот экен. Мисалы чоюн өтүк кийип алып ушул жерде суу кечип жүрдүк. Балыкты жеп койгон ар кандай курттар болот экен.

Чолпон айыл өкмөтүнүн башчысы Нурбек Жусупбеков болсо балык өстүргөндөрдү ар тараптан колдоп жатышканын айтат:

- Балык өстүрөбүз дегендерге айыл чарбасы үчүн жараксыз жерлерди бердик. Андан сырткары техникалык жактан жардам бердик. Биз буларды салыкка тартпайбыз. Ар бир балык чарбасы кеминде 10-15 адамды жумуш менен камсыз кылат. Экологдордон, балык чарбасынан зыянын сурап уруксат алдык. Санэпидстанциядан уруксат алдык. Бул оңой түйшүк эмес.

Чолпон айыл өкмөтүндө азыр беш балык чарба бар экен. Алардын экөөнүн иштеп атканына алты жыл болуптур. Калган үчөө быйыл, 2011-жылы ачылды. Жалаң мал менен жүргөн тоолуктар кирешесине карап, эми ушинтип балык да бага баштады.


XS
SM
MD
LG