Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:27

Мыйзамсыз менчиктелген бала бакчалар текшерилүүдө


Кыргызстанда азыр 700 чакты бала бакча жетишпейт.
Кыргызстанда азыр 700 чакты бала бакча жетишпейт.

Башкы прокуратура мыйзамсыз менчиктелген мектеп жана бала бакчалар боюнча кылмыш ишин козгоду.

Атайын текшерүүнүн жыйынтыгында 50гө жакын бала бакча жана мектеп имараттары мыйзам бузуу менен менчиктештирилгени аныкталган. Бул боюнча башкы көзөмөл органы кылмыш ишин козгоп, аларды мамлекет карамагына алууну көздөөдө. Билим берүү министрлигинен маалымдашкандай, өлкө боюнча 700гө жакын бала бакча жетишпейт.

Башкы прокуратуранын маалымдашынча, ушул жылдын июнь айынан тарта өлкөдөгү менчиктештирилген билим берүү мекемелери текшериле баштаган. Анын жыйынтыгында, 50гө жакын бала бакча жана мектептердин имараттары мыйзамсыз жол менен менчиктештирилгени белгилүү болгон.

Башкы прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Жыргал Курманбековдун “Азаттыкка” билдиришинче, эми бул имараттарды мамлекет карамагына кайтарып алуу маселеси каралууда:

- Текшерүүнүн жыйынтыгында, прокуратура кызматкерлери тарабынан 15тен ашык мыйзам бузууну калыбына келтирүү боюнча сунуш киргизилип, 2 кылмыш иши козголду. 17 мыйзам бузууну оңдоо талабы коюлуп, 3 эскертүү берилди. Муну менен катар башкы прокурор облустук, шаардык прокурорлорго буга байланыштуу кыскартылып калган, же токтотулган бардык кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу тапшырмасы берди.

Курманбековдун маалыматына караганда, Бишкек менен Таш-Көмүрдө мыйзамсыз менчиктелди делген 2 бала бакча боюнча козголгон кылмыш иш сотко өткөрүлгөнү жатат.

Негизинен мамлекеттик мүлк фондусунун маалыматында, 1995-жылдан бери өлкөдө 27 бала бакча жана 8 мектептин имараты менчиктештирилген. Бирок башкы көзөмөл органы бул маалымат так эмес экенин билдирип, буга быйыл июнь айында башталган текшерүүнүн жыйынтыктарын далил келтирүүдө.

Кыргызстанда мектеп, айрыкча бала бакча жетишсиздиги соңку жылдары чоң көйгөйгө айланды. Буга калктын санынын өсүшү жана мурдагы бала бакча, айрым жерлерде мектептердин имараты менчиктештирүү жылдарында жеке менчикке берилип кеткени себеп катары айтылат. Ал имараттардын көбү түрдүү соода, оюн-зоок борборлоруна айланып кеткен.

Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки, мектептеги жана мектептен тышкары билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиевдин айтымында, учурда Кыргызстанда 700дөн ашык бала бакча жетишпейт.

- Бизде азыр 700гө жакын бала бакча жетишпейт. Маселен, Бишкек шаарындагы бала бакчаларда бир эле тайпада 50-60тан ашык бала бар. Ошол эле учурда өлкөдө биздин маалымат боюнча, 400дөй имарат мамлекеттин карамагында экен. Алар айыл өкмөттөрдүн карамагында турат. Мына ушуларды өкмөт бизге алып берсе, жетишпей жатканда биз иштетет элек.

Буга чейин менчиктештирилген билим берүү мекемелерди менчиктештирүүгө тыюу салуу демилгесин көтөрүп чыккан Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаеванын айтымында, бул маселеге өкмөт жакшылап киришпесе, мыйзамсыз менчиктелген имараттарды кайрып алуудан майнап чыгышы кыйын.

- Кыргызстанда мурда салынган бала бакча имараттарынын 50 пайыздан ашыгы бирөөлөргө сатылып жиберген экен. Алардын көпчүлүгүн бузуп, же сатып бизнес кылып жатышат. Ал эми айрымдары иштетилбей жөн эле турат. Буларды кайтарып алуу бир топ кыйын болот. Бирок айрымдарын мамлекетке кайрадан алса деле болот. Бирок буга өкмөт көп аракет жасаш керек. Маселен, мага Ысык-Ата районунун Искра айылынын тургундары келип, азыр жөн эле турган бала бакчанын имаратын кайрадан алып бергиле, биз өзүбүз иштетебиз деп кайрылып жатышат. Мен мындай бала бакчалар боюнча Башкы прокуратурага кайрылгам.

Ал ортодо Башкы прокуратура билим берүү мекемелерин менчиктештирүүгө жатпай тургандай айрым мыйзамдарга өзгөртүү киргизүүнү өкмөткө сунуштады.
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG