Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:51

Мамлекеттик кызмат жакшы, мамлекеттик тил жаманбы?


Кыргыз парламенти "Мамлекеттик тил тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизген долбоорду биринчи окуудан жактырды. Анда бул мыйзамды бузган мамлекеттик кызматкерлерди жоопкерчиликке тартуу жагы каралган.

“Арай көз чарай” талкуубуздун коноктору Жогорку Кеңештин депутаты Урмат Аманбаева, “Демократия жана жарандык коом үчүн” коалициясынын жетекчиси Динара Ошурахунова, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын кеңешчиси, юрист Жумабек Мүсүралиев болду.

"Азаттык": Урмат айым, мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүү жана толуктоолордун негизги өзөгүн айтып берсеңиз. Кыргызча билбеген мамлекеттик кызматкерлерге айыппул салынат деген сөз азыр интернетте да кызуу талкууланып жатат.

Урмат Аманбаева: Мыйзамдын маңызын түшүнбөй туруп тил боюнча талкуулагандар абдан көбөйдү. Бул туура эмес. Мамлекеттик тил боюнча мыйзамга өзгөртүү жана толуктоо киргизели дегенибиздин себеби - бул коомчулуктун талабы болду. Эл менен жолукканда чоңдор кыргызча сүйлөбөйсүңөр деп нааразы болуп жатышат. Ошон үчүн мамлекеттик маанилүү кызматта иштегендер сөзсүз кыргыз тилин билиши керек деп какшап жатабыз.

"Азаттык": Эгерде бул мыйзамга өзгөртүү кирсе, кесипкөй кадр кыргызча билбесе, мамлекеттик кызматта иштей албайбы?

Урмат Аманбаева: Кыргыз мамлекетинде жашап, мамлекеттик кызматта иштеген жакшы, бирок тили жаман болуп калабы? Муктаждык болсо үйрөнүш керек. Башка улуттар кыргыз тилин бат эле өздөштүрүп жатышпайбы.

Динара Ошурахунова: Биз тилди эч качан күч менен үйрөтө албайбыз. Ал үчүн атайын мамлекеттик саясат керек. Кызматкерлерди эмес, кыргызча үйрөтүүнү бала бакчалардан баштап үйрөтүү зарыл. Айып пул салабыз, жоопко тартабыз деген менен бул мыйзам баары бир иштебейт.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:

  • 16x9 Image

    Жанар Акаев

    "Азаттыктын" Бишкектеги журналисти. "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. 2009-жылы Ош Мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG