Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:12

Парламент шайлоо маселесин талкуулады


Жогорку Кеңеште шайлоолорго арналган парламенттик угуу өтүп жатат.

Жыйында "Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо жөнүндө” конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды. Аны он кишиден турган депутаттар тобу демилгелеген.

Парламенттик угууда партиялар үчүн парламентке өтүү босогосун жети пайыздан 9% көтөрүү сунушталды. “Республика – Ата-Журт” фракциясынан депутат, демилгечилердин бири Мирлан Жээнчороев:

- Бул партиялардын биригишине түрткү болуп, майдаланып кетишин алдын алат. Учурда 200дөй саясий партия бар. Саясий элита шайлоо процессинин активдүү катышуучулары. Ошондуктан бул алардын өлкө үчүн, жалпы кызыкчылык үчүн биригишине мүмкүнчүлүк берет.

Талкууга катышкан жарандык активист Динара Ошурахунова шайлоо босогосун көтөрүүгө эрте экенин, бул жаңы түптөлүп келаткан партияларга тоскоолдук жаратарын белгиледи.

Мындан сырткары долбоордо шайлоо күрөөсүнүн өлчөмүн көбөйтүү каралган. Саясий партияларга 5 млн. сом, президенттикке талапкерлер 2 млн. сом деп белгиленген.

Саясий партиялардын парламентке келишин шарттаган республикалык шайлоо босогосун 7 пайыздан 9 пайызга көтөрүү демилгесин буга чейин президент Алмазбек Атамбаев дагы колдой турганын билдирген.

Жээнчороев мындан тышкары шайлоочулар тизмеси добуш берүү күнүнө үч күн калганда ар бир участокто илиниши керек деп айтып чыкты.

- Добуш берүүнүн жыйынтыгында протоколдордун көчүрмөсү кечиктирилбей илиниши керек. Ал эми шайлоочулардын тизмесин алдын ала илип коюу көзү өтүп кеткендерди же жок эле адамдарды добуш берүүгө кошту деген түкшүмөл ойлордон арылтат.

Буга чейин оппозициячыл "Ата Мекен" фракциясы Баш мыйзамга таянып, өлкө башчысын шайлоону август айында өткөрүүнү сунуштап чыккан. Борбордук шайлоо комиссиясы буга "Президентти шайлоо жөнүндөгү" конституциялык мыйзамдын талаптарына таянып түшүндүрмө берип, шайлоо быйыл 19-ноябрда өтүшү керектигин айткан.

Кыргызстанда президент алты жылда бир, парламент беш жылда бир шайланат. Быйыл мамлекет башчыны шайлоо болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG