Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:58

Турдугулов: Шайлоого сырттан кийлигишүүнү тыюу керек


Бишкек, Ала-Тоо аянты
Бишкек, Ала-Тоо аянты

“Прогресс” корунун төрагасы Адил Турдугулов президенттик шайлоого байланыштуу "Азаттыкка" маек курду.

- Сиздер өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев шайлоого бара турган болгондон кийин тезинен кызматын тапшырсын деп билдирүү тараттыңыздар. Премьер-министр шайлоого бир жарым ай калганда кетем деди эле. Эмнеге кызматын тез тапшырсын деп жатасыздар?

- Шайлоо өнөктүгү азыр эле башталбадыбы. Талапкерлер азыртадан эле шайлоочунун көңүлүн буруу үчүн ар кандай аракеттерди жасап жатат. Мындай аракеттерди премьер-министрден да байкаса болот. Ошондуктан ал элдин купулуна толуп, элдин ишенимине чындап ээ болгусу келсе премьер-министр кызматын тапшырышы керек. Эгерде антпесе президенттик шайлоо бүткөндөн кийин башка талапкерлер шайлоо таза, акыйкат өткөнүнөн шек санашы мүмкүн.

- Талапкерлердин саны 80ден ашты. Талдоочулар мындай эч жерде болбоптур деп жатышат. Бул феноменди эмне менен түшүндүрсө болот? Өлкө парламенттик башкарууга өткөндөн кийин президенттикти эңсегендер аз болушу керек дегендер да бар.

- Президенттин макамы деле бийик. Бирок бул жаман нерсе эмес деп ойлойм. Бул - демократиянын белгиси. Ар бир адам шайлоого жана шайланууга укугу бар. Ушул укуктарынан пайдаланып жатышат окшойт.

Дагы бир жагдай: эски кадрлардан, эски элитадан элдин тажаганы деп эсептейм. Балким талапкерлердин арасында альтернатива боло алган, башка ойду, башка программаны көрсөтө алган, чын эле Кыргызстанды туңгуюктан алып чыккан бир инсан бардыр.

- Күзүндө саясий күрөш курч болот деп жатышат. Сиздин оюңузча окуялар кандай өнүгүшү мүмкүн?

- Эгерде шайлоо чын эле демократиялык атаандаштыкта өтсө, андай эч кандай кыйынчылыктар деле болбойт. Бирок бул өзгөчө бийликке, айрыкча Атамбаевге тиешелүү. Эгерде ал административдик ресурс колдонбойм десе премьер-министрлик ордунан бошоп, көз карандысыз талапкер катары катышса туура болот.

- Былтыркы парламенттик шайлоодо сырттан кийлигишкен күчтөр болду деп айтылган. Айрым партия лидерлери чапкылап бир эмес, бир нече жолу чет мамлекеттерге каттаган. Бул ирээт кандай болушу мүмкүн?

- Мында деле кийлигишүүгө аракеттер болот. Бирок буга чекит коюуга азыртадан эле Отунбаева аракет жасаса туура болмок. Анткени ал эч бир талапкерге тартпай көз карандысыз макамга ээ турат. Ошондуктан ал кишиден аракет болсо жакшы болот эле. Бирок биз аракетти көрбөй жатабыз.

- Мисалы кандай аракет?

- Бул аракеттер ар кандай болушу мүмкүн. Азыр эле шайлоо өнөктүгү башталбадыбы. Шайлоого барчу талапкерлер Кыргызстандан сыртка чыкпай өлкө ичинде эле, Орусияга болобу, Казакстанга болобу, айтор башка өлкөгө байма-бай сапар жасабай шайлоо өнөктүгүн жүргүзсө жакшы болот эле.

Анткени ушундай сапарлардан кийин элде бир топ шектенүүлөр пайда болуп жатат. Эмне максат менен барып жатышат, акча үчүнбү, же колдоо издеп жатышабы деген суроолор пайда болуп жатат. Бул биздин көз карандысыздыгыбызга да шек келтирип жатат. Буга мыйзам аркылуубу, же башка моралдык жоопкерчилик мененби, айтор, чекит коюп койсо болот эле.

- Рахмат.

XS
SM
MD
LG