- Бүгүн "Шайлоого жаштардын кандай салымы, пайдасы болушу мүмкүн?" деген талкуу өтөт. Чын эле жаштардын салымы канчалык?
- Жаштар шайлоого гана эмес, мамлекеттик ар кандай көрүнүштөргө кээде жакшы, кээде терс салымын кошуп келишкен. Азыр биз президентти биринчи жолу алты жылга шайлап турган маалда жаштардын ролу абдан чоң.
Тилекке каршы көбүнчө студенттердин укугу бузулуп, шайлоо дарегин тандап алуу мүмкүнчүлүгү жок болуп, университеттин ичинде болуш керек деген үстөмдүк кылган, кысым көрсөткөн учурлар болуп жатканын көрүп атабыз. Бул маалымат каражаттарында да белгиленип жатат.
Андан тышкары студенттерди сабагынан чыгарып алып, өздөрүнүн каалоосу жок эле үгүт иштерине катыштырганын да көрдүк. Мисалы, кечээ эле Бишкектеги эски аянтка барып, бир талапкердин үгүт иштерине байкоо жүргүздүм. Тилекке каршы студенттердин курс-курс, группа-группа болуп келиши да ачык-айкын көрүнүп турду.
Менин байкоочу экенимди билбей калды окшойт, Медакадемиянын мугалими "мен үч группаны айдап келдим" деп мактанды. Мугалимдердин да ошол жерде жүрүп, студенттерди кетирбей каттап жатканы да ачык көрүнүп турду.
- Буга чейинки шайлоолордо жаштар көбүнесе курал катары эле пайдаланылып келген да. Демек азыр деле ошондой жагдай уланып жаткан турбайбы?
- Тилекке каршы азыр да студенттер, жаштар курал болуп атат. Кечээ студенттер менен сүйлөшкөнүмдө алар "биздин сабагыбыз бар болчу, мугалимдер бул жакта концерт болот деп алып келди" десе, дагы бири "бир талапкердин айткандарын угуп алгыла" деп алып келгенин айтышты.
Студенттер өздөрү укуктарыбызды сактайбыз, коргоп калабыз десе гана укук бузулбайт. Алар айткан жакка макул болуп бара беришет. Бул маселени жоюу жаштардын жана ар бир шайлоочунун өз колунда. Мугалимдин айткандарына каршы чыгып, нааразы болгон студенттер да бар. Алар бизге арызданып жатышат. Ошондойлор көбүрөөк болушу керек.
- Бүгүн жаштарды эч нерсеге сатылбай, татыктуу деп эсептеген талапкерине добуш берүүгө чакырган дагы бир иш-чара өттү. Жаштар талапкерлерди кантип тандап жатышат?
- Азыр жаштар эле эмес, шайлоочулардын бардыгы эле талапкердин кандай иш жасаганына же программасына эмес, ким экенине карап жатышат. Мисалы, талапкердин телетаймашында деле ушак жана жеке инсандык сапаттар жөнүндө сөз болуп кетти. Ошол талапкер мамлекетти кантип өзгөртөт, социалдык маселелерди, жаштар арасындагы жумушсуздукту кантип чечет жана кандай ойлору, шарттар, пландары бар, кайсы команда менен иштейт деген суроолор көтөрүлгөн жок.
- Азыр жаштардын шайлоого катышуу активдүүлүгү, каалоосу канчалык? Кайдыгер эмеспи?
- Өзгөчө Бишкек шаарында кайдыгер мамиле кылгандар көп. Менин эле тааныштарымдын арасында же жалпы эле шайлоочулар тизмесинен өзүн тактаган жаштар аз. Менин байкашымча, мурдагыдай эле аймактагы жаштар бишкектиктерге караганда жигердүү, жоопкерчиликтүү мамиле кылып жатышат.
- Шайлоо таза өтөт деп ишенесизби?
- Шайлоо таза өтөт деп ишене албайм. Мурдатан бери, дагы башка жаш активисттер менен бирге административдик ресурстун колдонулушуна каршы болуп, күрөшүп келдик. Студенттерди чогултуп, бурмалап добуш бергенге каршы болгонбуз. Мисалы, эски аянтка административдик ресурс колдонууга каршы чыгып, күрөшүп келген күчтөр азыр өздөрү да аны пайдаланып калышты дегенди байкайын деп баргам.
- Сиздер талапкерлердин программаларын да жакшы изилдеп жатсаңыздар керек. Жаштардын көңүлүн өзүнө буруу үчүн кандай аракеттер болуп атат? Сырттан караганда жаштардын проблемалары көрүнбөй жаткандай сезилет. Сиздин пикириңизде жаштарды жумушка тартуу, жаш үй-бүлөлөрдү колдоо деген маселелерди кайсы бир талапкерлер көтөрүп атабы?
- Талапкерлер программаларында бул маселелерди анча жакшы чагылдырган эмес. Бирок эки-үч талапкердин программасын карап көргөндө жаш кадрларды жумушка тартуу, бийликти жаңылоо, жаш адистерди мамлекеттик ишке тартуу деген сөздөр кошулган. Бирок бул канчалык ишке ашарын көрө жатарбыз.
- Маегиңизге рахмат.

Студенттер өздөрү укуктарыбызды сактайбыз, коргоп калабыз десе гана укук бузулбайт. Алар айткан жакка макул болуп бара беришет. Бул маселени жоюу жаштардын жана ар бир шайлоочунун өз колунда.