Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:43

Өзбек солдаттар ысык чай беришкен


Эркек мүнөз эрке кызмын

"Кычыраган кыштын чилдесинде үч күн бою мени кыйнап жарык дүйнөгө келгенсиң", - деп апам айтып калат. Ата-энемдин эң улуу перзенти болгондуктан азыркы күнгө чейин мени эркелетип турушат. Менден кийин бир иним бар. Биз Баткендин Паскы-Арык деген айылынан болобуз. Бирок тилекке каршы киндик каным тамган жер жөнүндө көп деле биле бербеймин. Анткени 1999-жылы Баткенге террористтер кирип келгенде биз аргасыздан борборубуз Бишкекке көчүп келгенбиз. Мындан тышкары ошол мезгилде жашоо шартыбыз да оор болчу. Ата-энем мугалим болгондуктан алардын айлык акысы аз эле.

Өзбек солдаттардын ысык чайы

Ноябрь айларында Баткенден Бишкекке карай бет алганбыз. Ал учурда Баткендин эли Бишкекке Өзбекстан аркылуу каттачу. Чек аралар азыркыдай жабык эмес эле. Беш жаштагы кыз болсом да ошондогу үшүгөн күндөрүм эсимде. Өзбекстандын чек арасына жеткенде баарыбыздын баштыктарыбызды жана документтерибизди текшерүү үчүн түшүрө башташты. Эшик абдан суук болчу. Улгайган абышка-кемпирлер аскерлерден бир пиаладан ысык чай сурап ичишкен. Албетте баарына жетпесе деле бактысы барлар бир аз болсо да жылынып алышкан эле. Мындан тышкары элдин кыйналганын көрүп абдан боорум ооруган. Бирок Кудайга шүгүр азыр андай эмес. Түштүк жергесине ээн эркин барып келип турабыз. Убакыт деген ушу тура. Сабыр кылсак биз да тилектерибизге жетишет экенбиз.

“Балаңар болсо квартира берилбейт”

Бишкекке кечке жуук жетип келдик. Калың жааган карда атам мени көтөрүп үйгө алып кирди. Ал атамдын карындашынын үйү экен. Бирок албетте ал жерде көпкө жашай алган жокпуз. Атам менен апам “Дордой” базарына сатуучу болуп иштей башташты. Экөө тең абдан эмгекчил болгондуктан бир аз акча топтошуп батир издей башташты. Апамдын эскерүүсүнөн: “Базарга жакын жерлерден атаң экөөбүз күн сайын батир издейт элек. Көбүнчө бизден "Балаңар барбы?" деп сурашат эле. Биз болсо сыймыктануу менен Кудайга шүгүр эки балабыз бар деп жооп берет элек. Анда алар дароо эле “Балаңар бар экен батир бере албайбыз” деп айтышчу. Ошол замат ыйлап жиберген күндөрүм болгон.

Үч айда атам үй салган

Ошентип батир издеп жүрүп атамдар Эне-Сай жаңы конушунда жашаган аксакал менен жолугуп калышат. Анын үйү бар, бирок анда эч ким жашабайт экен. Атамдар менен көпкө сүйлөшүп, анан чоң ата үйүндө жашап турганга уруксат берет. Ошентип жаз келгенге чейин аксакалдын чоң тамында жашаганыбыз эсимде. Анан жайында мэрия апама жер берип калат. Анткени апам турмушка чыкканга чейин М.Күренкеев атындагы музыкалык атайын билим берүү окуу жайында мугалим болуп эмгектенген учурда ага өкмөт жер берген экен. Тагдыр бизге жылмайып "кызыл китеби" менен мыйзамдуу түрдө өз тамыбыз болот. Жай бою атам өз колу менен үй салса, апам базарда иштеп акча табат. Ошентип максатты бийик койгон жарлар үч айда үйлүү болушат. Ал эми ошол учурда иним экөөбүздүн кубанганыбызды сөз менен жеткире албайсың. Башыңдын үстүндө шыйпырың болсо сенден бактылуу адам жоктой сезилчү.

Кулк мүнөзүмдүн калыптанышы

Кичинекей кезимде эле көздөрүм бир жерде турбай, абдан сезгич кыз элем. Адамдар ары бери өтсө, көз карашым менен тосуп, анан узатып коёт элем. Туугандарыбыз көбүнчө атама окшоштурушат. Анткени мен да көп сүйлөймүн, абдан принципиалдуу, айткан сөзүндө турган, берешен, колу ачык, шайыр, бир нерсени бат кабыл алган, чечкиндүү, чыгармачыл адаммын. Эң башкысы эртеңки күн жөнүндө көп ойлоном. Келечекке көзүм жеткен пландарды коюп алып, аларды аткарам. Көчөдө кыйналаган адамды көрсөм абалын сурамайынча жана жардам бермейинче өтүп кете албаймын. Коомчулук менен бат тил табышып кетем. Эгерде убада кылсам сөзсүз аны аткарам.

Жакын адамым үчүн өз өмүрүмдү бергенге даярмын. Эң негизгиси эч бир жандын көңүлүн ооруткум келбейт. Акыйкатсыздыкты байкап калсам өз оюмду сөзсүз билдирем. Кекчил адамдардын катарын толуктабаймын жана аларды колдобоймун. Менин оюмча, эч качан адамга кек сактабаш керек. Анткени ар бир адам ката кетирүүгө укуктуу. Ошондой эле адам баласы кечиримдүү болуш керек. Жогоруда айтылган касиеттердин баары атамдан берилген. Апамдан болсо мээримдүү, билимге умтулган, тазалыкты сактаган, тамактарды жасай билгеним, сергек болгонум, жумушту тыкан жана аягына чейин аткарганды берилиптир.

Ата-энеме эркелегим келет

Бул жашоодо эң кымбат адамдарым бул менин ата-энем жана бир тууганым. Ошондуктан Кудайдан эң биринчи өлкөбүздө тынчылык болушун жана асыл адамдарым ден соолукта болушун суранам. Мен ар дайым ата-энеме эркелегим келе берет. Анткени алардан башка мени эч ким эркелете албайт. Дайыма кичинекей бойдон калгым келет эле. Бирок убакыт кылыч сымал. Биз аны кеспесек, ал бизди кесип кетет экен. Көз ачып жумганча эле быйыл 20 жашка чыгып калат экенмин. Ошентсе да эң бактылуу күндөрүм балалык менен өтүп бараткандай сезилет эле. Бирок карап көрсөм ата-энем үчүн мен ар дайым наристемин. Ошондуктан каалаган учурда аларга эркелеп алам.

Ата-энем алыста...

Тагдырдын буйруганын көрөт экенбиз, жакын адамдарым жети жылдан бери Москвада иштешет. Анткени ошол эле өлкөбүздө эмгек акынын аздыгынан. Албетте сагынасың, куса болосуң - айла жок. Ошого карабастан азыркы учурда окуп жана иштеп жатам. Буюрса жакшы жумушка орношуп, аларды чакырууну максат кылдым.

Элвира Акимова, Бишкек шаары
XS
SM
MD
LG