Чакан мамлекет саясат сазына батса, андан чыгышы кыйын экен. Ар бир "жаңы» кыймыл сайын саз тереңдеп, чыгыш кыйын болот экен. Иши кылса, килейген сазга батып батып калганыбыз айкын. Эми андан чыгуунун айласын айталы.
Мындай саздан чыгууда эң абзел нерсе – туруктуулук, баштаган иштин артынан сая түшүп, бир нукта аракет кылуу. Ар бир ишти арбытпастан, башкасына секирүү менен өлкөбүздү эч качан саздан чыгара албайбыз.
Эгемен болгондон тарта Баш мыйзамыбызды аз дегенде 10 ирет өзгөрттүк, төртүнчү мамлекет башчынын жүзүн көрүп жатабыз, канча өкмөт башчысы келип-кеткенин санактан адашасың, министрлерди болсо көйнөктөн көп ооштурдук. Беш жылда эки ыңкылаптан өттүк. Күн сайын болгон саясий митингдерге көзүбүз да көнүп бүттү. Өзгөрүүнүн жакшысы да бар, жаманы да көп.
Бүгүнкү өзүлөрүн оппозиция атап чыккан саясатчылардын аракеттери кайра эле сазга биротоло тээп киргизчүдөй сезилет. Жаз келээри менен эл жыйып, «кетсин эле кетсин!» деп бакырып, өкмөткө ультиматум коюп, көкүрөгүн каккылаган оппозициячыл байкелер Кыргызстанга жакшылык каалайбы деген суроо туулат.
1993-жылкы Баш мыйзамга кайрылуу – жөн гана өлкөнү түп-тамырынан дагы бир ирет термелтет, андан башка мааниси жок. Аны менен жөн гана 11-жолу бул мыйзамды өзгөртөбүз. Биздин негизги оорубуз Баш мыйзамдын чийкилигинде эмес, бийликтеги атка минерлердин аракетинде. Өкмөттү жана баш прокурорду иштен кетирүү талаптары да оппозициянын тайкылыгы – чыныгы иштиктүү сын болуп, кемчиликтерин аргумент менен ачып көргөзүш керек да.
Ар бир өкмөттүн курамында дайым жалганчылар, уурулар, билимсиздер боло келген. Эгер Ташиев же башкасы жаңы өкмөт курашса, алардын ичи да ошондой бузуктарга толот. Кеп нугу башкада - башкарууда туруктуулукка үйрөнүү. Элестүү айтсак, селдеси жаман болсо ошо селдесин оңдоп, башын жайында калтыруу. Баш мыйзам кабыл алынып, иштей электе аны өзгөртүү, өкмөт курамы ишке мына кирген кезде аны кетирүү, бир иш башталып-баштала электе андан майнап чыкпайт деген – мунун баары жаман илдет. Башкача айтканда, саздан тышка бир бутубуз чыгаар замат чокубуз менен ошо сазга кайра батмай. Бул жолоюбуз менен бир да иштин аягына чыкпайбыз, ар бир келген жетекчи бир жылга жетээр-жетпес иштейт, алысты ойлонбойт, жакшы иши үчүн аны эч ким мактабайт, кандай иштесе да эртең эле ордунан кол жууп, ордуна өзүнө окшогон «келгин куш» келээрин билет.
Бүгүнкү өкмөт, Баш прокурор, жаңы Баш мыйзам ойдогудай эместир. Бирок саздан чыккыбыз келсе, бүгүн эле баштайлы – ар иш жазылган мөөнөтүнө чейин, эмки шайлоого чейин болсун, бийликти иштетип, кыйшык басса түз жолго салып, баспай жатса камчылап бастыралы – бул өтө жөнөкөй, бирок рационалдуу ыкма.
Эмилбек Жураев, саясат таануучу