Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

Оморов: Электр акысын карап чыгуу зарыл


Кыргызстандагы ГЭСтердин бири.
Кыргызстандагы ГЭСтердин бири.

Кыргыз өкмөтүнүн электр энергиясына бааны көтөрүү демилгесинин күңгөй-тескейи тууралуу энергетика тармагы боюнча адис Жаныбек Оморов ой бөлүштү.

- Энергетика жана өнөр жай министрлиги келерки жылдын апрель айынан тарта электр тарифтери көтөрүлүшү мүмкүн деп жатат. Электр энергиясына жана жылуулукка бааны көтөрүү керекпи?

- Бул маселени комплекстүү түрдө чечсе туура болот. Тармак элдин ишениминен чыгып кеткендиктен реформа кыйынчылыктар менен коштолууда. Натыйжада бул маселени чече албай өкмөт да кыйналып жатат.

Экономикалык жактан алганда Кыргызстандагы тарифтер чөлкөмдөгү жана дүйнөдөгү тарифтерге салыштырганда эң төмөн. Адистердин экспертизасына ылайык, баа өз наркын жаппайт. Натыйжада бааны карап чыгуу зарылчылыгы бар.

- Азыр эл электр энергиясына караганда чөнтөк телефондун бирдигине көп акча коротот экен. Бул эки кызматтын кайсынысы стратегиялык мааниге ээ экенин унутуп эле, "свет кымбаттаса - революция" деп жүрө беребизби? Эл да түшүнүшү керекпи?

- Мен жакында бара турган Пакистан да ушундай абалга туш келди. Энергетика маселесин убагында чечпей, кризиске туш болуп отурат. Биз да ошого жетпешибиз керек. Энергетиканы чыгымдарын аздан жаап, убактылуу кармап турабызбы же бир нече жылдан кийин таптакыр электр энергиясыз калабызбы? Биздин абал мына ушундай суроолорду жаратууда.

Менин пикиримде, эң биринчи кезекте энергетиканын башкаруу системасын, стратегиялык пландоо системасын жакшыртпасак болбойт. Биринчи кезекте жоготууларды токтотуу керек деген эң туура айтылган сөздөр.

Мына бүгүнкү күнгө чейин бөлүштүрүү системасы 25 пайыздан түшпөй жатпайбы. Муну техникалык жоготууларга шылтап жатышат. Жалпы жоготуулар кышында 30 пайыздан 40 пайызга чейин чыгып кетип жатат. Бул жагдайды элге шылтаганы менен чын-чынына келгенде менеджерлердин системаны жолго салбаганында.

Натыйжада жоготууларды азайтып, системаны оңдоп, элге түшүндүрүү керек. Элге атайын программаны көрсөтүп, тармакты оңдоо үчүн канча акча керектигин, тарифтер канчага көтөрүлөрүн түшүндүрүп берүү абзел.

- Ал эми энергетикадагы коррупция менен күрөшүүдө жылыштар байкалабы?

- Эми азыркы өкмөт аз да болсо жакшы кадам жасап жатат. Менимче, мурдагыдай чоң коррупциялык аракеттер кичине ооздукталып турат. Бирок маселе дароо чечилип калбайт экен. Жемкордукка шектелгендердин аттарына чейин аталганы менен коррупция эмнегедир токтогон жок.

Менин оюмча, энергетика тармагын өнүктүрүү боюнча программа түзүлсө, эл ошону колдой турган болсо жылыштар болушу мүмкүн.
XS
SM
MD
LG