Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Комузу жок комузчу


Комузу жок комузчу
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:34 0:00

Комузу жок комузчу

Түркиядагы Памир кыргыздары арасында элдик күүлөрдү билген комузчулар дээрлик жок калган. Бул уникалдуу чыгармалардын бир тобун билген Сайым Муллааса уулу жарды бүлөдөн чыгып, жыгачка кыл тагып алып, 12 жашынан өз далалаты менен күү черте баштайт. Памилден (Кичи Памирди өздөрү ушундай аташат) 17 жашында кеткен. Андан бери Кыргызстандан колго тийген кассеталардан угуп, Ала-Тоо кыргыздарынын бир топ чыгармаларын өздөштүргөн. "Узун-кыска 62 күү билем" дейт. Айыл башчысы Касымбектин короосунда өргүү үчүн тигилген боз үйдө отурдук. "Өзүмдүн комузум жок, бирөөдөн сурап алдым" деп ала келген өрүк комузда Памил кыргыздарына гана мүнөздүү болгон бир топ күүлөрдү чертти. Түркиянын чыгышындагы Улуу Памир айылындагы башка саналуу элдик өнөр ээлериндей эле, Сайымдын жолун жолдогон бир да үйрөнчүк шакирти жок.

Видеодо: Сайым Муллааса уулунун аткаруусунда "Акбарак" деген арман күү.

XS
SM
MD
LG