Комузу жок комузчу
Түркиядагы Памир кыргыздары арасында элдик күүлөрдү билген комузчулар дээрлик жок калган. Бул уникалдуу чыгармалардын бир тобун билген Сайым Муллааса уулу жарды бүлөдөн чыгып, 12 жашынан өз далалаты менен жыгачка кыл тагып алып, күү черте баштайт. Памилден (Кичи Памирди өздөрү ушундай аташат) 17 жашында кеткен. Андан бери Кыргызстандан колго тийген кассеталардан угуп, Ала-Тоо кыргыздарынын бир топ чыгармаларын өздөштүргөн. "Узун-кыска 62 күү билем" дейт. Айыл башчысы Касымбектин короосунда өргүү үчүн тигилген боз үйдө отурдук. "Өзүмдүн комузум жок, бирөөдөн сурап алдым" деп ала келген өрүк комузда Памил кыргыздарына гана мүнөздүү болгон бир топ күүлөрдү чертти. Түркиянын чыгышындагы Улуу Памир айылындагы башка саналуу элдик өнөр ээлериндей эле, Сайымдын жолун жолдогон бир да үйрөнчүк шакирти жок. Сайым Муллааса уулунун аткаруусунда "Акбарак" деген арман күү. Жаңыл Жусупжан, Улуу Памир, Түркия
Чыгарылыштар
-
Март 11, 2026Вандык кыргыздар: Памирден уланган мурас
-
Март 04, 2026Иран, Израилдеги кыргызстандыктардын абалы
-
Март 02, 2026“Кыргызстанга кете албай жатабыз”
-
Февраль 23, 2026“Англияга бешинчи жолу жөнөдүм”. Мигранттар Британияга бет алды
-
Январь 21, 2026Немис канцлердин партиялашы Раушан