Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:54

Бажы биримдиги үмүткө суу себүүдө


ЕАЭБга кирүү менен ири базарларда соода солгундаганы айтылууда. "Дордой" базары
ЕАЭБга кирүү менен ири базарларда соода солгундаганы айтылууда. "Дордой" базары

Кыргызстандын Бажы биримдигинде жашаганына алты ай болду. Бул мезгил ичинде соода кыскарып, экономикада кризистик белгилер көбөйө баштады. Кыргыз өкмөтү бул уюмга кирүүдөн башка альтернатива жок экенин, республика өнөр жайын кайра түптөөгө мүмкүнчүлүк алганын билдирүүдө. Бул канчалык реалдуу жана кыргыз экономикасындагы тенденциялар кандай?

Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүү мезгили уюмдун негизги мүчөлөрү: Орусия менен Казакстандагы экономикалык кризиске жана бул өлкөлөрдүн валюталарынын күчтүү девальвация болгон мезгилине туш келди. Анын капшабы Кыргызстанга да тийип, өткөн жылы республиканын тышкы соодасы 24.6% төмөндөп кетти. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2015-жылы экспорт 11%, импорт 29% кыскарган.

Кыргызстан Евразия экономикалык биримдигине кошулууда Орусия менен Казакстанга айыл чарба жана тигүү тармагынын продукцияларын экспорттоого жол ачууну көздөгөн. Бирок өткөн жылы кийим-кече экспорттоо 2,2 эсеге, жер-жемиш 34,8%, тамеки экспорту 27,8% кыскарып кеткен.

Бул маалыматтар Кыргызстан товарларынын сапаты, Орусия жана Казакстан базарларынын канчалык ачылганы, биздин товарлардын ал өлкөлөрдө суроо-талапка канчалык ээ экендиги жөнүндөгү ойлорго түртөт. Албетте, алты ай ичинде Кыргызстандын экспортчулары Орусия жана Казакстан базарында орун-очок таап, өндүрүшүн гүлдөтүп жибериши кыйын. Бирок жергиликтүү өндүрүш аксаганы, Орусия жана Казакстан товарлары Кыргызстанды каптаган терс тенденция ачык көрүнүп турат .

Бул эки мамлекеттин базарынын Кыргызстанга ачылышын карай турган болсок, ал жарым-жартылай гана ачылды. Маселен, Казакстан менен чек арада фито-санитардык көзөмөл өткөн жылы алынганы менен ветеринардык көзөмөл алына элек. Анын качан алынары да белгисиз.

Кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл алына элек. Кочкордогу мал базар.
Кыргыз-казак чек арасындагы ветеринардык көзөмөл алына элек. Кочкордогу мал базар.

​Кыргызстандын фито-санитардык жана ветеринардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын башчысы Калысбек Жумаканов ветеринардык көзөмөл ачылышы үчүн төрт пункттан турган иш аткарылышы керек деди:

- Кыргыз Республикасынын Ветеринардык кызматын Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттердин Ветеринардык кызматына жана көзөмөл системасына шайкеш келтирүү маселеси бар. Бул биринчиси. Экинчиден, эпизоотиялык абал туруктуу сакталышы керек. Үчүнчүдөн, экспортко чыгарган ишканалар эл аралык стандарттарга жооп берген ишкана болуп, Евразия экономикалык биримдигинин бирдиктүү реестрине кириши зарыл. Анан дагы төртүнчү маселе бар, ал малды идентификациялоо. Бул жагынан да чечиле элек маселелер бар.

Жумакановдун айтуусунда, бул иштерди аткаруу үчүн тийиштүү убакыт керек. Август айында Евразия экономикалык биримдигинин комиссиясы ветеринардык коопсуздукту камсыздоо боюнча Кыргызстандагы абалды текшерүүгө келет. Мына ошондо дагы көп нерсе чечилиши керек.

Бүгүнкү күнгө карай республиканын азык-түлүк багытындагы 15 ишканасы Орусияга продукциясын экспорттоого уруксат алган. Дагы жети ишкана да ошондой уруксат алуу алдында турат.

Мына ошентип Кыргызстандын ишканалары Орусия менен Казакстан базарларына товарларын, продукцияларын чыгарууга толук уруксат алалбай жаткан учурда, бул өлкөлөрдүн товары Кыргызстандын базарын каптап, жергиликтүү өндүрүш тармагын ого бетер оор абалга кептеди. Валюталардын курсундагы айырма да Казакстан жана Орусия экспортчуларынын пайдасына ойноп жатат.

Учурда кыргыз базарын Казакстандан келген жумуртка каптаганы айтылууда.
Учурда кыргыз базарын Казакстандан келген жумуртка каптаганы айтылууда.

Быйылкы жылдын январь айындагы Кыргызстандын экономикасындагы көрсөткүчтөр ал тенденцияны так көрсөтүп турат. Ошол эле Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2015-жылдын январь айына салыштырмалуу быйылкы жылдын январь айында Кыргызстанда азык-түлүк өндүрүшү 12% кыскарды. Ун азыктарын өндүрүү 70%, ун жана акшак тартуу 44,2%, сүт азыктарын өндүрүү 10,2% төмөндөдү.

Экономика министрлигинин макроэкономикалык башкармалыгынын башчысы Насирдин Шамшиев азык-түлүк өндүрүшүндөгү төмөндөөлөр Евразия экономикалык биримдигине байланыштуу экенин моюнга алды:

- Себеби, ундун баасы арзандап жатат. Анткени Казакстанда чыгарылган ундун жалпы баасы арзан. Андан сырткары ал жерде кандайдыр бир деңгээлде аткезчилик дагы бар.

Кыргызстандагы тоок фабрикалардын ээлери Казакстан жана Орусиядан арзан жумуртка, тоок этинин келиши менен алардын продукциялары өтпөй жатканын билдирген. Өзгөчө теңгенин курсунун төмөн болушу, казак өкмөтүнүн өз өндүрүшчүлөрүн колдоосу баалар боюнча атаандаштыкта аларга артыкчылык берип жатат.

Тигүү тармагы "тирилеби"?

Кыргызстандын тигүү тармагынын өнүгүүсү кошуна мамлекеттерде суктануу жана таңдануу жаратып келген. Бирок бир нече жылдан бери бул тармак төмөндөп отуруп кризистин сазына батууда.

Республиканын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү тигүү тармагына жаңы шарт жана жагдай түзүүдө. Соодагер жана коммерсанттар үчүн Кытай, Түштүк Корея жана Түркия товарларын реэкспортко чыгаруу мурункудай пайда бербей калды. Буга реэкспорт товарлары үчүн бажы төлөмүнүн, транспорт чыгашасынын көптүгү себеп болду. Андан сырткары региондогу мамлекеттердин валютасынын арзандашы жана эң башкысы калктын сатып алуу жөндөмүнүн төмөндөөсү реэкспорт товарларын баа атаандашуусунда артка сүрдү. Мына ушундай шартта соодаргерлер тигүүчүлүккө басым жасап, баа атаандаштыгына туруштук берүүгө умтуулуда.

Эпизоотиялык абал туруктуу сакталышы керек. Малды идентификациялоо жагынан да чечиле элек маселелер бар.
Калысбек Жумаканов

Жергиликтүү ишкер жана соодагерлердин тигүүчүлүккө өтүп жатканынын бир далили катары Бишкекте кездеме сатуучу дүкөндөрдүн көбөйүүсүн, Кара-Балтада түрк ишкерлеринин кездеме чыгаруучу комбинат куруп жатышын атоого болот.

Стандартташтыруу жана метрология борборунун башчысы Бердимамат Адамбаев ишкерлердин кайрылуусу көбөйдү дейт:

- Мурдагыга караганда кайрылгандар көп. Анын үстүнө жаңы талаптар, жаңы документтер бар. Биз дагы жаңы системага киргизип жатабыз. Автоматташтырылган издөө системасын киргизгенбиз. Буга чейин ал картотека түрүндө болчу. Азыр электрондук системага кирип, бизде стандарт бар-жогун аныктап, таап алып иштей берсе болот.

Бирок бүгүн бар, эртең жок болуп кетүүчү майда кийим тигүү цехтердин жалпы абалды түзөп кетүүгө чамасы чак. Ошондуктан мамлекет тигүүчүлөр технопаркын курууну пландаган. Бирок ал кагаз жүзүндө гана калууда.

Вице-премьер-министр Олег Панкратов Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине кирүүсү дүйнөлүк кризистин капшабын азайтты деп эсептейт. Анын пикиринде, эгерде Кыргызстан бул уюмга кирбегенде төмөндөөлөр азыркыдан да көбүрөөк болмок:

- Эгерде биз кризис кырдаалында Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болбосок, анда экономика тармактарында төмөндөө күчтүү болуп, экономикада жоготуу олуттуу болмок. 2015-жылды пландалгандай макроэкономикалык параметрлерде аяктаганыбыз Евразия экономикалык биримдигине кирүү туура жана негиздүү кадам болгонун айгинелейт.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, оппозициялык саясатчы Равшан Жээнбеков кыргыз бийлиги кризиске жана Евразия экономикалык биримдигинин шартында иштөөгө даяр эмес болуп чыкты деп эсептейт.

Сариевге башкаруучу коалицияда нааразылар пайда болду

Республика экономикасынын биринчи айында 11% чейин төмөндөөсүнө карабай өкмөт башчы Темир Сариев быйылкы жылы ички дүң продукция 105,2% өсүш керек дейт. Бул көрсөткүч быйылкы жылдын бюджетине киргизилген. Темир Сариев бир нече айдан кийин "Кумтөр" кенге бай жерге жетип, көрсөткүчүн оңдойт, ошону менен жалпы өлкөнүн экономикалык көрсөткүчү канааттандырарлык абалга келет деп эсептейт. Бирок премьер-министрдин оптимисттик маанайын бөлүшкөндөр парламентте да аз. Башкаруучу коалицияга кирген “Кыргызстан” фракциясынын лидери Канатбек Исаев экономикада абал оңолбосо, өкмөт башчыны кызматтан кетирүү демилгеси көтөрүлөрүн эскертти. КСДП фракциясынын айрым мүчөлөрү Темир Сариевдин дарегине сынды күчөтүп, экономика, жалпы эле өлкөдөгү айрым калпыс чечимдерди ага жүктөп салууга умтулууда.

Мына ушундай татаалдашкан экономикалык кырдаалда Улуттук банктын январь ичиндеги тынымсыз интервенциясы азырынча натыйжасын берип, валюта базарында абалды турукташуусуна алып келди. Акыркы жумаларда доллардын баасы арзандап, бир доллардын сатуудагы баасы 75 сомдун тегерегинде сакталып турат. Албетте, мунун дагы терс таасири болуп, сомдун рубль жана теңгеге караганда кымбаттыгы жергиликтүү өндүшчүлөргө, товар экспорттоочуларга ыңгайсыздык жаратты. Бирок бийлик сомдун туруктуулугуна артыкчылык берди. Бийликтин мындай позицияны кармануусуна өлкөнүн импорттон көз карандылыгы, сомдун кубатынын кетиши менен тышкы карыздын көбөйүшү, эң негизгиси сомдун девальвацияга учурашы себеп болгону айтылууда.

  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG