Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:03

Алты жашар сүрөтчү кыздын көргөзмөсү

Ош шаарынын тургуну, алты жаштагы Сюзанна Султанова теңтуштары үчүн үйүндө сүрөт көргөзмөсүн уюштурду. Кичинесинен бери кыл калемди колунан түшүрбөй жүргөн секелекке дем-күч берүү максатында апасы сүрөт салуучу атайын рамкаларды сатып берип, кызынын каалоосун ишке ашырды.

Сюзанна Султанова алты жашта, үч жашынан сүрөт тартууга кызыгат. Атайын сүрөт мектебине барбайт, үйдө эле бошой калганда колуна калем алып, сүрөт тартат. Негизинен жаныбарларды, канаттууларды жана жаратылышты кагазга түшүргөндү жакшы көрөт.

XS
SM
MD
LG