Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:29

Жылдын биринчи наристеси - Нурсултан


Сейил Жолдошбекова
Сейил Жолдошбекова

Кыргызстандын 2015-жылдагы биринчи ымыркайы Жаңы жыл түнү Бишкектеги №2 төрөт үйүндө жарык дүйнөгө келди.

Өткөн жылдын 31-декабрынан 1-январга караган түнү Бишкек шаарындагы бир эле төрөт үйүндө 24 ымыркай төрөлүп, 2015-жыл жакшы жөрөлгө менен башталды.

Жаңырган жылдын биринчи бөбөгү Бишкектеги №2 төрөт үйүндө жарыкка келген. Анын артынан ушул эле төрөт үйүндө 13 кыз, 11 эркек ымыркай төрөлдү. Саат 12ден бир аз өткөндө көз жарып, учурда наристенин жытын искеп отурган Сейил Жолдошбекованын айтымында, бала мөөнөтүнө жетпей төрөлгөн:

- Мөөнөтү боюнча 15-январда көз жарышым керек эле. Бирок ага жетпей 31-декабрда эле төрөт үйүнө келип калдым. Жолдошум, туугандарымдын баары Жаңы жылда саат 12ни күтпөй, мага сарсанаа болуп жатышты. Азыр баары жакшы. Туугандарыма чоң белек болду.

Сейил төрөп жатканда күйөөсү жанында болду. Мындай өнөктөштүк ыкмасы Кыргызстандын төрөт үйлөрүндө кадимки көрүнүшкө айланып калды. Жаш үй-бүлө балага чоң ата, чоң энесинин каалоосу менен Нурсултан деген ысым берген.

№2 төрөт үйү бир нече жылдан бери өлкөдөгү эң көп ымыркай жарык дүйнөгө келген төрөт үйү катары аталып келет. 2014-жылы бул жерде 8 миңден ашык бала төрөлүп, 2013-жылга салыштырмалуу миң бала көп төрөлгөн. Аталган төрөт үйүнүн дарыгери Наргиза Алымованын айтымында, Жаңы жыл түнү жарык көргөн балдардын ден соолугу жакшы:

- Жаңы жыл түнү 24 эне көз жарды. Алардын ичинен биринчиси 12ден 20 мүнөт өткөндө тарсылдактар атылып жатканда төрөлдү. Беш аял операциялык жол менен төрөдү. Учурда эне-баланын ден соолугу, салмагы да жакшы.

Мамлекеттик калкты каттоо кызмтынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2014-жылы төрөлүүнүн өсүшү байкалган. Маселен, өткөн жылдын 9 ай аралыгында эле республика боюнча 122 216 ымыркай төрөлгөн.

Энелер ден соолугун ойлосо...

Деген менен энелердин ден соолугу да чоң маселе жаратып келет. Борбор калаадагы төрөтканалардын биринде иштеген атын атагысы келбеген дарыгердин айтымында, акыркы жылдары операциялык жол менен көз жарган энелер 3-5 жылдык тыныгуу талап кылынарын эске албастан бир жылдан кийин эле төрөгөнү келип жатышат. "Курсакты кесип, баланы төрөтүү эне-баланын саламаттыгын тобокелчиликке салуу менен барабар" дейт дарыгер.

- Энелерде маалымат жоктугунан уламбы, айтор ден соолугуна карабай эле кыска убакыттан кийин кайра келишет. Кандай гана эне болбосун, сөзсүз төрөттөн кийин тыныгуу алып, өзүн караш керек. Бул нерсени бейтапканадагы дарыгерлер да түшүндүрүш керек. Бирок саламаттыкты сактоо системасында кемчиликтер көп болгондуктан болочок энелерге жетишээрлик деңгээлде маалымат берилбейт.

Гинеколог-дарыгер Алмаш Замакеева да энелерди тобокелчиликке барбоого, саламаттыкка маани берүүгө чакырды:

- Операциялык жол менен төрөгөн ар бир эне жок дегенде үч жыл тыныгуу алыш керек. Себеби анын ден соолугунан ымыркайдын ал-акыбалы көз каранды. Бирок акыркы учурда өзгөчө жаштар өздөрүн карабай бат-бат төрөшөт. Натыйжада түйүлдүктөгү балада тубаса оорулар пайда болот.

Мындан үч жыл мурун ушул эле №2 төрөт үйүндө жарык көргөн эки наристе дүйнөдөгү “7 миллиардчылар” тобундагы балдар деп табылып, бул окуя расмий салтанат менен белгиленген.

2015-жылдын биринчи бөбөгү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:44 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG