Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:40

Ундун кымбатташы убайымга салды


Кыргызстандын базарларында акыркы жумада ундун баасы 1-2 сомго кымбаттады. Муну унга дүйнөлүк баанын көтөрүлүшү жана өлкөдөгү быйылкы кургакчылыкка байланыштырып жатышат.

Ал арада Айыл чарба министрлигинен Казакстандан мурда макулдашылган 200 миң тонна буудайдын баасы бычылбай, башы ачылбай жатканын билдиришүүдө.

Бишкектеги Ош базарында ун саткан Шамшыбектин айтымында, күздүн башында ундун килограммы 30 сомго чыккан. Эми минтип бир апта ичинде ага дагы 1-2 сом кошулду:

- Азыр базарда биринчи сорт ун 30 сом болуп жатат. Ал эми жогорку сорттогулар Казакстандан келсе 35 сом, биздин буудайдыкы 32 сомдун тегерегинде болду. Экинчи сорттору 25 сомдун айланасында.

Дал ушундай эле ойду улаган сатуучулардын бири Махабат Көчөрованын айтымында, ундун баасынын кымбатташы карапайым калкты убайымга салууда:

- Былтыр арзан эле. Мисалы, биринчи сорттогу бир мүшөк ун былтыр 750 сом болчу. Быйыл 1350 сомго чейин көтөрүлдү. Элге кыйын эле болуп жатат. Эл келип эле арызданып кетип жатышат. Өкмөттүн арзан уну кайда деп эле бизди тытышчу болду. Биз ал ун аймактарга кетсе керек деп жооп берип жатабыз.

Ундун кымбатташы менен нандын да баасы 5-6 сомго жогорулады
Ундун кымбатташы менен нандын да баасы 5-6 сомго жогорулады
Ун чыгарган комбинаттар баанын көтөрүлүшүн дүйнөдөгү эгиндин кымбатташына байланыштырып жатышат. Ун чыгарчу “Акун” ишканасынын өкүлү Жумгалбек Давлетбаевдин айтымында, Кыргызстан буудайдын көпчүлүк бөлүгүн Казакстандан сатып алат. Быйыл ал жактагы кургакчылыктын кесепетинен ундун баасы кымбаттады:

- Эми Кыргызстанда өстүрүлгөн буудай менен өзүн-өзү толук камсыздай албайт. Ошондуктан биздеги буудайдын, эгиндин баасы Казакстандагы баага жараша аныкталат. Казакстанда быйыл баа абдан эле көтөрүлдү. Негизинен буудайдын бир тоннасы 320-340 долларды түзөт. Акыркы бир айдын ичинде 360 долларга чейин чыгып кетти. Ошондуктан ундун баасын көтөрүүгө туура келип жатат.

Ошол эле учурда эле Казакстан убада кылынган буудайдын келип түшө электигинен пайдаланып, пайда табуу үчүн атайылап бааны көтөргөндөр да болуп жатканын сатуучулар айтып жатышат. Ал эми Экономика министрлигинин ишендиргенине караганда, ундун баасы көзөмөлдө жана аны жасалма көтөргөндөр жоопко тартылат.

Ундун кымбатташы карапайым калкты убайымга салууда
Ундун кымбатташы карапайым калкты убайымга салууда
Ал ортодо айыл чарба министри Чынгысбек Узакбаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, Казакстандан мурда макулдашылган 200 миң тонна буудайдын да башы ачыла элек. Министрдин жүйөсүндө, тараптар буудайдын баасы боюнча келише албай жатышат:

- Казакстандан алабыз деген буудай боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. 4-декабрда Казакстандын өкмөт башчысы Бишкекке келгенде ал боюнча так жообу белгилүү болот. Алардан 200 миң тонна алууну пландап жатабыз. Азыр анын баасы бир аз кымбат болуп, Луговое станциясына чейинки бааны 317 доллар деп жатат. Биз арзандатууну суранып атабыз.

Ошондой эле Чынгысбек Узакбаев Орусиядан 100 миң тонна буудай боюнча макулдашылганын, анын ичинен Кыргызстанга жардам берилчү 20 миң тоннасы жаңы жылга чейинки алып келинээрин кабарлап, мамлекеттик материалдык резервде жетишерлик буудай бар, өлкөдө ун тартыш болбойт деп ишендирүүдө.

Буга чейин өкмөт базардагы ундун кымбатташынан улам материалдык резервдер фондундагы буудайды ун кылып тарттырып, өлкөнүн бардык аймактарында килограммы 23 сомдон сатыкка чыгарган. Аталган фонддун директору Шералы Абдылдаевдин “Азаттыкка” билдиришинче, азыркы учурга чейин мындай ундан 3 миң тоннадан ашыгы сатылды.

Нан болсо, ыр да болот
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:36 0:00
  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG