Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:56

DW: Атамбаев КСДПны кызуу колдоду


Кыргызстан. Шайлоо. 4-октябрь, 2015
Кыргызстан. Шайлоо. 4-октябрь, 2015

Кыргызстандагы шайлоонун жыйынтыгы боюнча дүйнөлүк басылмаларга сереп.

Британиянын Financial Times гезитинин журналисти Жек Ферчи Кыргызстандагы шайлоону жалаң авторитардык режим бийлеген чөлкөмдөгү демократиянын “кайталангыс тажрыйбасы” катары баалады. Бирок ал шайлоодон өткөн партиялар менен лидерлерге сереп салып, арасынан көзгө илинерлик саясатчы көрүнбөгөнүн белгилейт.

- Советтер Союзуна кирген Борбор Азия өлкөлөрүндө атаандаштык эң курч маанайда өткөн жалгыз шайлоо десек болот, - деп жазат Жек Ферчи.- Ошентсе да Батыштын демократиясына жетүүгө кыйла узак жол бар. Бир партиянын лидери мурдагы боксчу экен. Ал дагы бирөөнү уруп ийип шайлоодон четтетилсе, талапкерлердин 10% ашууну кылмыш ишине тартылгандар. Алардын ичинде азыр өлкөдөн качып жүргөн Ош шаарынын мурунку мэри да бар. Байкоочулардын баамында, шайлоодо ат салышкан талапкерлердин көбү өз кызыкчылыгын көздөгөн капчыктуу байлар. Партиялардын реалдуу программалары жок. Муну баары, ал тургай өкмөт башчысы деле билип моюнуна алат. Эл аралык байкоочулар менен жолугушуу учурунда Темир Сариев Financial Times гезитине, тилекке каршы, талапкерлердин тизмесин түзүүдө орундар сатылганын, бирок муну мыйзам чегинде далилдөө керектигин айтты. Тизме башында туруунун баасы дипломаттар арасындагы имиштер боюнча, 500 миң доллардан 1 миллион долларга чейин жеткен. Бул албетте, бир жылдык кирешеси 1 миң 250 доллар болгон, Орусиядагы экономикалык көйгөй катуу белге чапкан кыргыз атуулу үчүн болуп көрбөгөндөй чоң акча. 2010-жылдан кийин Кыргызстанда Батыштын либералдык баалуулуктарын орнотобуз деген реформачыларды партиялардын саясий көз карашынын жоктугу жеп түгөткөндөй. Тескерисинче, президент Алмазбек Атамбаев өз бийлигин Орусияга ыктоо менен кубаттандырып жатат. Бирок бардык кемчиликтерге карабай, Кыргызстан коңшу Казакстан менен Өзбекстанга салыштырмалуу эркин өткөн шайлоосу менен абдан эле айырмаланып турат,- дейт Жек Ферчи макаласында.

Реалдуу көйгөй саясий дебатты тепсеп өтөт

Германиянын Deutsche Welle агентигинин веб сайтындагы макалада Кыргызстандагы шайлоодо “бейтарап” президент Алмазбек Атамбаев өзүнүн мурдагы партиясын колдоп чыкты деп жазылат.

- Парламенттеги 120 орун үчүн жалпысынан 14 партия, 2 миңдей талапкер ат салышкан шайлоодо орусиячыл партиялар алдыңкы орунга жетип, 2011-жылы президент болгондо партиядан чыгып кеткен Алмазбек Атамбаев Социал-демократтар партиясын кайрадан кызуу колдоп чыкты. Шайлоо болуп аткан күнү ал өзүнүн мурдагы партиясын жактап, жаңы парламенттен кеминде 26 орунга жетет деп үмүттөнгөнүн жар салды. Өлкөдөгү алты миллионго жетпеген элдин реалдуу жашоодогу көйгөйлөрүнүн жанында саясий дебаттардын мааниси шоона эшпей калчудай. Узаган аптада эле Эл аралык кризистик топ Орусиядагы экономикалык солгундоо, коңшу Өзбекстандагы олку-солку кырдаал жана “Ислам мамлекети” сыяктуу топтордун ишмердиги Кыргызстанды акмалаган башкы проблемалар экенин билдирген эле, - деп жазат Deutsche Welle.

Шайлоого канааттанган Отунбаева

EurasiaNet онлайн аналитикалык басылмасынын журналисттери Питер Леонард менен Жоанна Лиллис Кыргызстандагы шайлоо акыркы технологияны колдонуп, партиялардын чыныгы атаандаштыгы менен өткөн тарыхый окуя болгонун жазышты.

- Партиялар өлкөдө бир нерсе өзгөртөт деп ишенбесе да, добуш бергендердин көбү эл арасында тынчтык, этникалык кагылышуу болбосо деп тилешкенин билдиришти. Бул шайлоо айрыкча Ош жергеси үчүн стабилдүүлүктүн сынагы болду. Оштогу өзбек тектүү шайлоочулар Алмазбек Атамбаевди коопсуздуктун кепилдиги катары көрүп, добушун КСДП партиясына беришкенин билдиришти.

EurasiaNet басылмасына берген интервьюсунда мурдагы президент Роза Отунбаева мындай шайлоо аймактагы бир да өлкөдө болбогонун, элдин аң-сезими өскөнүн жана улуту үчүн сыймыктанып жатканын айтты, - деп жазат EurasiaNet .

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

XS
SM
MD
LG