Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:20

FH: Кыргызстанда эркиндик чектелүү


Эл аралык Freedom House уюму чыгарган быйылкы отчетко ылайык, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде бир гана Кыргызстан жарым-жартылай эркин мамлекеттердин катарына кирди.

Коңшу өлкөлөрдүн бардыгына “эркин эмес” деп баа берилген. Мындай тыянакка өлкөдөгү айрым серепчилер макул болгону менен, уюмдун отчету өлкөнү бөлүп-жарууга жетелейт деген ойдогулар да бар.

АКШда жайгашкан "Фридом Хаус" уюмунун быйылкы отчетунда жалпысынан 195 өлкө камтылган. Алардын 88ине эркин, 59уна жарым-жартылай эркин, 48 мамлекетке эркин эмес деген баа берилген.

Мамлекеттер 100 упайлык система менен бааланган. Кыргызстан 39 упай алып, эркиндикти жарты сактаган өлкөлөрдүн катарын толуктаган. Орусия 26, Казакстан 25 упай менен эркин эмес өлкөлөрдүн арасына кошулган. Башка коңшу мамлекеттер да ошол катарда.

Уюмдун иликтөөлөр боюнча вице-президенти Арч Паддингтон талдоо тууралуу буларды билдирди:

- Кыргызстан бир нече жылдан бери эле жарым-жартылай эркин өлкөнүн упайына татып келет. Көрсөткүчкө өлкөнүн түштүгүндө жашаган кыргыздар менен өзбектер ортосундагы ажырым такай терс таасирин тийгизет.

Иликтөөнүн өткөн жылдагы версиясында да Кыргызстан коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу позитивдүү деп бааланган. Мамлекет социалдык, саясий жана диний чектөөлөргө жол берген эмес, бирок коррупциясы жайылган, сот тармагы саясий системанын таасиринде турат деп бааланган эле.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Осмоналиев эл аралык уюмдун бул талдоосун Кыргызстанды бөлүп-жарууга болгон аракеттин бири катары сыпаттайт:

-"Фридом Хаус" уюму Кыргызстанда бир канча жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзүп, өлкөнүн менталитетин, табиятын жакшы эле үйрөнгөндөй болду эле. Өткөн жылкы изилдөөлөрүндө “түндүк кыргыздардын пикири”, “түштүк кыргыздардын пикири” деп эки башка тыянак чыгарып, этностор аралык көйгөйлөр бар экенин айтып, жыландын башын кылтыйтканын байкагам. Коомдук пикирлерди жаратууга болгон бул аракет мени аябай өкүндүрөт. Мекендештерибиз андай билдирүүлөргө маани бербей, бирдиктүү Кыргызстандын саясатын жүргүзүшүбүз керек.

Кыргыз түрмөсү
Кыргыз түрмөсү
Бирок мындай ойго “Антикризис” бейөкмөт аналитикалык борборунун жетекчиси Эркин Абдыразаков кошулбайт. Анын пикиринде, "Фридом Хаус" өлкөдөгү саясий жана социалдык абалга туура баа берген:

- Парламенттик башкарууга өттүк, “демократиянын аралчасыбыз” деп өзүбүзгө баа бергенибиз менен акыркы убакта оппозиция өкүлдөрүнө карата бир беткей куугунтуктоолор күчөдү. Кадр саясатын да бийлик өз колуна алды. Парламенттик башкаруу сөз жүзүндө гана калууда. Экономикалык, социалдык проблемаларды чечүүдө бийликтин мажүрөөлүк кылып жатканы, чет өлкөлөрдөн келүүчү каражаттарга муктаждык өлкөнүн дагы эле эркин эместигин билдирет.

"Фридом Хаус" уюму 23-январда чыгарган талдоонун жыйынтыгында мамлекеттер региондук топ менен бааланган. Өлкөлөргө өз-өзүнчө берилген баа жана анын себептери май айындагы отчетто дагы кеңири айтылат.

Демократиялык өзгөрүүлөргө багытталган "Фридом Хаус" уюму Кыргызстанда 2002-жылдан бери ишмердүүлүк жүргүзөт.

XS
SM
MD
LG