Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:25

Запкы көргөн аялдарга мечиттер кол сунат


Ззапкы жеген аялдарга колдоо көрсөтүү фонддору ачылып, иштей баштады.

Аялдарды зомбулуктан арылтуунун бул ыкмасын колдойсузбу? Зомбулукту алдын алуунун башка кандай жолдорун билесиз? "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Талкуунун катышуучулары: Ош облустук казыятынын аялдар бөлүмүнүн башчысы Жамийла Жапашова, укук коргоочу, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Гүлжамал Султаналиева.

"Азаттык": Кыйла өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстан коомчулугунда аялдардын укуктары абдан эле жакшы жолго коюлган, корголгон. Кыргыз өзү табиятында аялга сый-урмат менен карайт деген ишеним коомдо күч. Ошентсе да укук коргоочулар зомбулукка кабылган аялдар аз эмес экенин байма-бай айтып келатышат. Айрыкча уруп-сабоо, үй-бүлөдөгү зомбулук, сексуалдык, психологиялык зомбулук сыяктуу түрлөр жөнүндө көп айтылат.

Жамийла айым, запкы көргөн аялдарда мечиттерде, казыяттарда жардам көрсөтүлө баштады. Ошто "Манас Ата" мечитинин алдында "Шарапат нуру" деген коомдук фонд никесиз жашаган, экинчи-үчүнчү аял болуп барган, никесиз төрөгөн аялдарга ар кандай жардамдарды көрсөтүп турат экен. Мындан тышкары облустук казыятта аялдарды ислам баалуулуктарына окутуу борбору ачылып, иштеп жатыптыр. Ушул борбордун чоо-жайы тууралуу айтып берсеңиз, алар аялдарга кандай таалим беришет?
Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Жамийла Жапашова: Биз негизгиси исламда аялдардын укугу, милдети кандай, аялдар кандай болуш керек, зордук-зомбулукка кабылбаш үчүн кандай күйөөнү тандаш керек, үй-бүлөдө өзүн кандай алып жүрүш керек, күйөөсү сабаганда макул болуп отура бериш керекпи, кайда кайрылыш керек - мына ушуларды окутабыз.

"Азаттык": Зордук-зомбулукка каршы аялдардын ислам уюмдары аракет кылып, ага каршы күрөшүп жатышат. Алар аялдарды зомбулуктан коргоого канчалык деңгээлде салым кошо алат?

Гүлжамал Султаналиева: Бүгүнкү күндө ислам дининдеги коом да ушул көйгөй менен күрөшүүгө багыт жасаган экен. Бул эң жакшы нерсе, мен муну толугу менен колдойм. Мындан башка да ушул багытта иштеп жаткан көп уюмдар бар. Ислам дининдеги өкүлдөр профессионалдуу деңгээлде иштеп жаткандар менен социалдык изилдөөлөрдү эске алып, адам укугун, мыйзам чегинде жазылган биздин эл аралык мыйзамдардын негизинде чогуу иш-аракет жасасак, ушул көйгөйдү чечүүдө чоң кадам таштайт элек.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG