Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

“Жер-Үй алтындын” желеси


Жер-Үй алтын кени.
Жер-Үй алтын кени.

Жогорку Сот “Жер-Үй алтын” жабык акционердик коомунун Таластагы алтын кенин иштетүүгө болгон укугун алып салууну токтотуп туруу чечимин чыгарды.

Буга чейин өкмөт аталган компаниянын алтын кенди иштетүү укугунан ажыратуу токтомун чыгарган болчу.

Талаптар аткарылган жок

Жогорку Сот “Жер-Үй алтын” компаниясынын доо арызын канааттандырды. Ага ылайык аталган компанияны кенди иштетүү укугунан ажыратуу боюнча өкмөттүн өткөн жылы 18-ноябрдагы токтомун аткаруу токтоп турат.

Жогорку Соттун маалымат кызматынын жетекчиси Бактыбек Рысалиев соттук териштирүүлөр аягына чыкканга чейин аталган алтын кенин иштетүүгө ачык сынак жарыялоо болбой тургандыгын билдирди:

- Жогорку Сот бул маселени ачык соттук олтурумда карап, Бишкек шаардык сотунун 2011-жылдын 6-январындагы чечимин күчүндө калтырды. Ага ылайык, бул боюнча соттук териштирүүнүн жыйынтыгы чыкканга чейин өкмөттүн 18-ноябрындагы токтомун аткарууну токтото турууну камсыз кылуу чаралары көрүлдү.

Өкмөттүн токтомун жетекчиликке алган жаратылыш ресурстары министрлиги өткөн жылы 1-декабрда “Жер-Үй алтын” компаниясынын кенди иштетүү укугун жокко чыгарган болчу.

Жаратылыш ресурстары жана геология министрлигинин маалымат катчысы Касиет Карачолокованын айтымында, аталган компанияны кенди иштетүү укугунан ажыратууга макулдашууда көрсөтүлгөн талаптардын аткарылбагандыгы себеп болгон:

- Макулдашууга ылайык, кенди байытуу фабрикасын жана сактоочу жайды курууну долбоорлоо иштерин 2009-жылдын 1-октябрына чейин сунуш кылып бекитилиши керек эле. Ошондой эле 2010-жылдын 1-ноябрына карата жалпы алтын өндүрүшү ишке киргизилүүгө тийиш болгон. Бирок бул милдеттемелер компания тарабынан аткарылган эмес.

Олигарх Березовскийдин “кулагы” чыкты

“Жер-Үй” алтын кенинин аты менен катталган бул австриялык компания 2006-жылы аны иштетүү укугуна ээ болгон. Ага чейин англиялык “Оксус Голд” компаниясы кенди иштетүү укугуна ээ болуп, бирок өндүрүштү ишке киргизүүнү алты жыл бою кечеңдеткендиги үчүн лицензиядан каңтарылган. Ошондогу парламент кийинки келген компаниянын орусиялык качкын олигарх Борис Березовский менен байланышы тууралуу маселени көтөрүп чыгып, бирок ал тастыкталбай калган. Анткен менен жакында Москвада Березовскийдин мекемеси жайгашкан “Триуф” галлереясында табылган документтерди “Известия” газетасы жарыялады. Анда Березовскийдин “Жер-Үй” алтын кенине ээлик кылууга байланышкан жазмалары табылган.

“Айкөл Эл” саясий партиясынын жетекчиси Эдил Байсалов башкы прокуратура бул маалыматтарды иликтебей жаткандыгына токтолду:

- Мына так маалымат Москвадан чыгып жатат. Биз башкы прокуратурага кайрылганыбызга бир жарым ай болду. Бирок ал жактан эч кандай жыйынтык жок. Азыркы күнгө чейин иш козголо элек. Бул боюнча кызыгып, Россиянын тиешелүү органдарына өтүнүч жөнөтүп, колдо болгон маалыматтарыңардан бөлүшкүлө дегендей аракетти биз байкай алган жокпуз. Анткени мына ошол жазмалардагы миллиондогон акчалар кимдерге берилгендиги азыркы бийлик үчүн кызыктуу болуш керек эле да. Анда биздин мамлекеттеги сотторду сатып алганга, министрлерден лицензия алганга жана андагы башка жогорку бийлик органдарынан колдоо табуу үчүн миллиондогон доллар берилгендиги жазылып турбайбы. Бирок ушуга чейин эч ким эч нерсе кылбай эле олтурат.

Эски оорунун элеси

2006-жылы “Кыргыз алтын” менен австриялык "GG Holding GmbH" компаниясы “Жер-Үй алтын” жабык акционердик коомун уюштурушкан. Бирок ал компаниянын Борис Березовский менен байланышы тууралуу маалыматтар коомчулукта талкуулана баштаган учурда анын көзөмөлдүк акциясы казакстандык ишкерге сатылгандыгы боюнча маалымат тараган болчу.

“Ак шумкар” партиясынын төрагасы Темир Сариев “Жер-Үйдүн” айланасында 2006-жылы болгон чыр-чатактар азыр деле кайталанып жатат деп эсептейт:

- Ошон үчүн бул тармакка кызыкдар болгон адамдар аябай көп. Бирок тилекке каршы азыр деле мамлекеттик бийлик органдарындагы коррупциялык схемалар өзгөрүүсүз бойдон кала берүүдө. Бул болуп жаткан чатак – бул баягы бирөөдөн алып, бирөөгө беребиз деген эски оорунуну эле уландысы. Мына ошол эле компаниянын лицензиясын алабыз же кайрып беребиз деген күчтөрдүн аракеттери бул өкмөттөгү кишилердин кызыкчылыгы ойноп жаткандыгынан кабар берет.

“Жер-Үй” алтын кени 1968-жылы чалгындалып, анын изилденген запасынын көптүгү боюнча “Кумтөрдөн” кийинки экинчи орунда экендиги аныкталган. Геологдор мындагы алтын кенинин жетимиш пайызга жакынын ачык жол менен казып алууга боло тургандыгын айтып чыгышкан.

XS
SM
MD
LG