Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:21

Алтын кен боюнча дагы бир компанияга нааразылык


Күрпүлдөк айылынын нааразылыкка чыккан тургундары.
Күрпүлдөк айылынын нааразылыкка чыккан тургундары.

Чүйдүн Панфилов районунун Күрпүлдөк айыл өкмөтүнүн тургундары алтын кенин иштеткен компанияга нааразы болуп, ишкананын техникасын токтотуп койду.

Өткөн ишембиде Кара-Балта шаарынын жанындагы Күрпүлдөк айылынын 50 чакты тургуну кум ташыган заңкайган беш машинени жана көз жоосун алган Жипти курчап алып, кыргыз-кытай биргелешкен «Элка Сервис Лимитед» компаниясына талаптарын коюп жатышты.

Нааразы топтогулардын бири Эӊсебек Токобаев «Азаттыкка» мындай деди:

- Бул алтын кен биздин айыл элине 18 миллион сом акча бермек. Анан ал берилбей, компаниянын өкүлдөрү бизди тааныбай, биз кагаздарыбызды көтөрүп барсак: «Кагаздарыңарды дааратканага таштап койгула. Бул кагазыңар менен эчтеке бүтпөйт», - деп койду. Анан биз ушундай чечимге келип, техникасын айдатып келип коюп отурабыз.

Жергиликтүүлөрдүн айтымында, Суусамыр өрөөнүндө аларга таандык Кара-Булак жайытында ушул жылдын июнь айынан бери аталган компания алтын казып баштаган экен.

Панфилов районунун акими Бактыбек Райымкулов башында тургундар каршы чыгып, кийин компания менен жергиликтүү жашоочулар ортосунда макулдашуу түзүлгөнүн билдирди:

- Компаниянын өкүлдөрүн чыкыртып, эл менен кошо жыйын өткөн. Эл эгер силер жол, суу маселесин чечсеӊер, клубга, мектепке жана бакчага жардам берсеӊер биз уруксат беребиз дешкен. Ошол жакта бардык смета көрсөтүлгөн 18 миллион сомго. Алар макул болгон ошого. 20-июлда биринчи транш - 5 миллион сомду бөлүп бермек. 20-июлда берген да жок, келген да жок.

Күрпүлдөктүктөрдүн сөзүнө караганда, ишкана убадасына турбаган соң августтун башынан бери нааразылык күчөп отуруп, 10-августтагы окуяга алып келген экен.

«Элка Сервис Лимитед» компаниясынын мурунку өкүлү Рахман Разыков 18 миллион сомго байланыштуу буларды ортого салды:

- Жок, андай болгон эмес. Алар ошондой талапты койгон: «18 миллион сомдук спонсордук жардам көрсөткүлө» деп. Мен андай көлөмдө акча бере албайбыз, 5 миллион сом жардам көрсөтө алабыз деп сунуштаганмын. Ошону менен бир келишимге келе албай силер өзүңөрдүн мүмкүнчүлүктөрүңөрдү карап көргүлө деп биз келе бергенбиз.

Чакан кен үчүн 18 миллион сом талап кылуу орунсуз деп кошумчалады Разыков. Панфилов районунун акиминин маалымдашынча, бул ишкана алгач 2008-жылы лицензия алып, 2011-жылы аны 2014-жылга чейин узарткан.

Бирок Геология жана жаратылыш ресурстары боюнча мамлекеттик агенттиктен статс-катчысы Наби Эшназаров бул компанияга иштөөгө уруксат берилбегенин "Азаттыкка" билдирди:

- Алардын маселеси биздин агентство тарабынан каралып бүтө элек. 2012-жылга карата биз менен программаларын макулдаша элек да. Бирок азыр мыйзамсыз иштеп жатыптыр. Мен кечээ уктум. Эми алардын иши жакынкы арада каралат.

Панфилов районунун ички иштер бөлүмүнүн инспектору Шерик Караболоев жергиликтүүлөр кармап алган машинелер чапталып, милиция кызматкерлери кайтарып турганын жана кенде иштеген 70 кытайлык менен бир-эки дунган Канттагы базасына жеткирилгенин кабарлады.

Аким Бактыбек Райымкулов 18 миллион сом жардам көрсөтүү тууралуу бардык тараптардын колу, мөөрү басылган келишимге таянып, 10-августта акимчилик райондук прокуратурага арыз жазганын билдирди.
XS
SM
MD
LG