Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:13

Улуу Британия Кыргызстан менен кызматташууга кызыкдар


Улуу Британия Кыргызстан менен тоо-кен багытында да кызматташтыкты жандантууга кызыкдар экени айтылууда.
Улуу Британия Кыргызстан менен тоо-кен багытында да кызматташтыкты жандантууга кызыкдар экени айтылууда.

Улуу Британия Кыргызстан менен демократиялык өнүгүү, экономика, тоо-кендери жана коопсуздук жаатында кызматташмакчы.

Эки тараптуу кызматташтыкты жандантуу максатында бул өлкө ушул күздө Кыргызстанга элчилик ачууну көздөөдө. Серепчилер болсо Улуу Британияны Кыргызстандын кен байлыктары да өзгөчө кызыктырып жатканын айтышууда.

Элчиликтин максаттары

Улуу Британиянын Казакстандагы жана Кыргызстандагы элчиси Дэвид Моран 6-июнда Бишкекте маалымат жыйынын куруп, өз өлкөсү Кыргызстанга кандай кызыгын артып жатканын айтып берди.

-Кыргызстан Улуу Британия үчүн чоң мааниге ээ. Кыргызстан жергиликтүү адамдар үчүн гана эмес, жалпы аймак үчүн бейпил, коопсуз жана өнүккөн өлкө болушуна кызыкдарбыз. Жаңы элчиликтин иш-аракети саясий эки тараптуу кызматташтыкка жана өнүгүүгө багытталат.

Элчи Дэвид Моран Кыргызстан менен экономикалык жана ишкерчилик жаатындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө да өзгөчө көңүл буруларын айтты. Улуубританиялык ишкерлердин Кыргызстандагы билим берүү, каржылык кызмат көрсөтүү жана тоо-кен тармагына инвестиция салууга кызыкдар экендигин кошумчалады.

Учурда Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү болжол менен жылына 5-6 млн. долларды түзөт.

Максим Бакиев кайтарылып берилбейби?

Кыргызстанда бир топ кылмыштарды жасады делген мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Британиядан баш паанек алып, азыр Лондондо жүрөт. Аны кайтарып берүүсүн кыргыз бийликтери өткөн жылы суранган эле. Бирок бул маселе ачык бойдон турат. Журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, элчи Дэвид Моран Британиянын укуктук мыйзамдары татаал экендигин, андыктан Максим Бакиев жөнүндө эч нерсе айта албасын баса билдирди.

Лондондо кыйла жылдан бери жашап келген журналист жана талдоочу Арслан Капай уулунун “Азаттыкка” айтышынча, Кыргызстандын географиялык жайгашкан орду батыш өлкөлөрүнүн көңүлүн өзгөчө буруп жаткан сыягы бар.

- Соңку 2005-2010-жылдардагы окуялардан кийин Кыргызстандын орду өзгөчө экендигин түшүнүп калышты. Экинчиден, борборазиялык мамлекеттердин, бир жагынан Кытай, экинчи жагынан Ооганстан баш болгон аймактагы чоң өлкөлөрдүн, ошол эле Орусиянын ортосунда жайгашып, таасирлүү мааниге ээ болуп жаткандыгын түшүнүп, элчилик ачууну чечти. Кыргызстан демократиялык өнүгүү жана изденүү жолунда экендигин да жакшы түшүнүп жатышат.

Кыргызстанда 2004-жылдан бери Улуу Британиянын Эл аралык өнүктүрүү
министрлигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү иш алып барат. Өкүлчүлүктүн башчысы Кейт Магваердин айтымында Кыргызстандагы ар кандай долбоорлорго жылына өкүлчүлүк 7 млн. дон 10 млн. долларга чейин каражат жумшайт.

Мындан сырткары, Кыргызстандагы Би-Би-Си радиосу да Улуу Британиянын Кыргызстандагы көп жылдык иш аракеттеринин бири. Би-Би-Си үналгысынын борборазиялык кызматтары жыл башында чоң кыскартууларга учурап, бирок кыргыз кызматы ага илинген эмес. Бул да Улуу Британиянын Кыргызстанга өзгөчө мамилесин билдирип тургансыйт.

Кен байлыктар кызыктырабы?

Анткен менен талдоочу Арслан Капай уулу Улуу Британиянын Кыргызстандын кен байлыктарына болгон кызыгуусу өзгөчө күч экендигин айтат.

- Билинбегени жана айтылбаганы менен Британиянын Кыргызстанга болгон инвестициялык кызыкчылыктары артып жатат. Кыргызстандын экономикасынын күрдөөлдүү тармагы болуп эсептелген тоо-кен өнөр жайына кызыкчылыгы өтө чоң. Бул кызыкчылыктар канадалык компаниянын көлөкөсүндө калганы менен, аларга тең келе ала турган он чакты долбоорду азыр сүрөөнгө алып жатышат.

Талдоочулар да Кыргызстандын кен тармагына инвестиция салып жаткан эл аралык компанияларда улуубританиялык ишкерлердин үлүшү жогору экендигин белгилешүүдө.

Кыргызстанга элчилик ачуу тууралуу Улуу Британиянын тышкы иштер министри Уильям Хейг май айында Лондондо маалымдаган. Элчиликтин расмий ачылышы күз айларында болмокчу, учурда уюштуруу иштер жүрүп, ким элчи болуп дайындалары тактала элек.

Кыргызстан менен Улуу Британиянын биринчи дипломатиялык алакасы 1992-жылы түзүлгөн. Ал эми Кыргызстан бул өлкөгө өз элчилигин 1997-жылы ачкан.

XS
SM
MD
LG