Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:40

Кыргызстан чочко тумоосуна каршы турууга даярбы?


Чочко тумоосу катталган өлкөлөр
Чочко тумоосу катталган өлкөлөр

Кыргызстанда чочко тумоосуна карата бардык зарыл чаралар көрүлгөнү жөнүндө башкы санитардык дарыгер Сабыржан Абдыкаримов “Азаттыкка” билдирди.

- Сабыржан мырза, Казакстанда 13 адам чочко тумоосу менен ооруп, катталды. Сиз казак дарыгерлери менен сүйлөшүп жатасызбы?

- Ооба, биз алар менен байланышып жатабыз. Эми бул дарт учурда дүйнөнүн 160 өлкөсүндө катталып отурат. Ошол мамлекеттердин бири болуп соңку учурда Орусиядан, Казакстандан чыкты. Булар Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун көрсөтмөлөрү боюнча зарыл иш-чараларды жүргүзүп жатышат.

- Жакын турган эки өлкөдөн чочко тумоосунун чыгып жатканынан улам, Кыргызстанга да коркунуч бар да...

- Коркунуч ар бир өлкөдө бар. Эч ким кепилдик бералбайт бул дарт бизде пайда болбойт деп. Мамлекеттер арасында соода-сатык жүрүп жатат, туристтер келип атат, автожолдо, темиржолдо, самолет аркылуу көктө байланыштар болуп жатат.

Андыктан чочко тумоосуна карата алдын ала иш-чаралар көрүлгөн. Дартты аныктоочу лаборатория даяр. Медициналык мекемелер да атайын даярдыкта турушат.

Мындан тышкары Кыргызстанга кирип келаткан бардык жүргүнчүлөрдүн тизмелерин алып, стюардесса жана жүргүнчүлөрдү коштоочулар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

Эгер жүргүнчүлөрдүн ким биринен чочко тумоосунун белгилери байкалса, алар алгачкы жардамды көрсөтүп, тез арада биз менен байланышка чыгышы керек. Дары-дармектер жетиштүү даяр.

Айрым тумоолоп калган адамдарды алдын ала сактык үчүн лабораториядан текшерип жатабыз. Ошондой эле жакын арада Бишкек жана Ош аэропортторуна адамдын температурасын алыстан эле байланышпай туруп өлчөй турган тепловизор жабдыгын орнотобуз.

- Биздин угармандарга маалымат болсун, чочко тумоосунун алгачкы белгилерине токтолсоңуз.

- Кадимки тумоодой эле башталат. Дене кескин ысып, мурундан суу куюла баштайт. Жөтөлүп, тамак, баш, булчуң эттер ооруйт. Кадимки эле грипптей болот. Бирок дарттын козгогучу чочко тумоосунун вирусу экендиги лабораторияда гана аныкталат.

- Чочко тумоосунун А/H1, N1 түрлөрүнүн айырмасы эмнеде? Кайсынысы коркунучтуу?

- Бул грипптин 20 дай түрү бар. Булардын идентификациялана турган өзгөчөлүктөрү бар. Булардын баарын лабораториялык жол менен гана аныктоого болот. Мисалы куш тумоосу менен ооругандардын 50-60 пайызы набыт болгон болсо, дүйнөдө чочко тумоосу менен 150 миң адам ооруп жатса, ооругандардын 1 пайызы же 868 и набыт болду.

- Чек ара постторунда көзөмөл кандай?

- Атайын санитардык-контролдук пункттар бар, Эркештамда, Торугартта, эки аэропортто, Ак-Жолдо, Чалдоварда. Чочко тумоосунун белгилери, алгачкы көрүү чаралары, өзүн өзү сактоо ыкмалары маалымдалган баракчалар таркатылып турат. Чек ара кызматкерлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз.

- Чет өлкөдөн Кыргызстанга чочко тумоосунун N1 түрүн аныктай турган тест-система келмек эле, келдиби?

- Чочко тумоосунун бул түрлөрүн аныктай турган жабдык бар жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тарабынан 200 кишиге ылайыкталган тест-система алынып келинди. Адистер атайын даярдыктан өтүштү. Эгер тумоолоп жаткан адам алынып келинсе, А/H1, N1 түрлөрүн аныктаганга бизде толук мүмкүнчүлүк бар. Ошондуктан өзүбүздүн лабораториялык ыкма менен түштүктө Кара-Суу районундагы борборлоштурулган санэпидстанцияны ремонттон өткөзүп, бул жабдыктарды орноштурдук жана тест-система менен камсыздадык.

- Маегиңиздин соңунда кандай кошумчаларыңыз бар?

- Эми ар бир адам өзүнө сак болуп, зарыл эрежелерди кармашы керек. Эгер оорунун белгилери пайда болсо дароо медициналык мекемеге, дарыгерге кайрылыш керек. Анан мүмкүн болсо чочко тумоосу чыгып жаткан өлкөлөргө баруудан баш тарткан жакшы дээр элем. Өздүк гигиенаны сактап, мурун-оозго маска тагынып, колду таза жууп, оорулуу адамдан оолак болуш керек.

- Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG