Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:33

Министрдин анализи медицина көйгөйүн көрсөттү


Иллюстрация
Иллюстрация

Эл аралык Саламаттык күнүнүн алдында анализин бир нече лабораторияда текшерткен Кыргызстандын саламаттык сактоо министри колуна ар түрдүү тыянактарды алды. Бул акцияны министрлик лабораториялардын тейлөө ишин жакшыртуу максаты менен байланыштырууда.

Бишкек шаарынын тургуну, 40 жаштагы Айгүл Сагынова жети айлык кызын багып, үйдө отурат. Бир нече жыл мурда ал балалуу болот элем деп көрүнбөгөн догдуру калган эмес. Туура эмес диагноздун айынан аз жерден өзүндө жок дартты дарылайм деп психологиялык жана каржылык чыгымга да кабыла жаздаган:

- Жалпы анализ, гормондорумду “Здоровье” деген медициналык борборго тапшыргам. Жыйынтыгы “кызамыктын белгилери бар” деп чыкты. Биз балалуу болууну пландап жатканбыз. Догдурлар кызамык барда боюнда болуу мүмкүн эмес деп, дарылануу керектигин айтышты. Бирок мен “Аквага” тапшырсам, эч кандай кызамык жок болуп чыкты. Ошондуктан мындай учурда кеминде эки-үч жерге кайра кан тапшыруу керек экен деп ойлоп калдым.

Айгүл сыяктуу анализинин жыйынтыгы туура эмес чыгып калып, кайра текшертүүгө мажбур болгондор көп деп айтылганы менен, расмий түрдө даттангандар дээрлик жокко эсе. Маселен, акыркы эки жылда Саламаттык сактоо министрлигине беш гана кайрылуу түшкөн.

Талантбек Батыралиев
Талантбек Батыралиев

Жакында саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бир нече лабораторияга өз анализин тапшырып, ар кандай тыянак алды. Мындай маалымат ансыз да кыргыз медицинасына ашкере ишене албаган кардарларда күдүк ойлорду жаратты.

Министрлик өзү болсо мекеме жетекчисинин аракетин жана ал тууралуу таратылган маалыматты лабораториялык тейлөөнү жакшыртуу максаты менен байланыштырууда. Министрликтин өкүлү Бермет Юсупова "Азаттыкка" буларды айтты:

- Жок, адамдар дүрбөлөңгө түшпөшү керек! Лабораториялар боюнча маалыматты биз бул кызматты жакшыртуу, өнүктүрүүгө багытталган 10 жылдык жаңы концепция тууралуу коомчулукка жеткирүү максатында гана алып чыгып жатабыз. Министрдин анализин текшерген лабораториялар өз ишин эң жакшы аткарганын айтып коюу керек. Эл чочулабастан мамлекеттикпи же жекеби, каалаган жерине мурдагыдай эле барып, анализ тапшыра берсе болот.

Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Бермет Юсупова анализге таасир этүүчү факторлорду да белгиледи:

- Жыйынтык кандай болорунун 70-95% анализ тапшыруу алдындагы этаптан көз каранды. Анын алдында адам эмне жегени, кандай дары-дармек ичкени, тамеки тарткан-тартпаганы, ачка бардыбы же жокпу? Мунун баары жыйынтыкка түздөн-түз таасир этүүчү факторлор.

Ал арада Экономика министрлиги соңку жылдары бейтаптар техникалык мүмкүнчүлүктөрү кеңири саналган ЮРФА диагностикалык борборундагы өлчөө каражаттарынын дээрлик 50% метрологиялык нормаларга шайкеш эместиги аныкталганын билдирди.

Бирок клиниканын өкүлү Элдияр Сатыбалдиев министрликтин маалыматын тактап, буларды айтты:

- Тонометр, тараза жана электр, суу эсептегичтери... Алардын өзүнчө стандарты болот. Ошолордун документин гана текшеришкен. Ал эми адамдын ден соолугун текшерген, диагностика кылганга эч тиешеси жок. Жеке менчик болгондон кийин биз сапатка абдан карайбыз да. Ал эми башка клиника, ооруканаларды карабайт деле болуш керек. Жылдап-жылдап жатат алардыкы...

Лаборатория. Кыргызстан
Лаборатория. Кыргызстан

Учурда Кыргызстанда 300дөй клиникалык-диагностикалык лаборатория бар. Мунун 230га жакыны мамлекетке таандык. Алардын ичинен 80и Бишкек шаарында жайгашкан.

Ошол 300дөй менчик, мамлекеттик лабораториянын ичинен бир гана менчик уюм ISO деп аталган эл аралык стандартка шайкеш келет. Мына ушул тыянакты эске алган Саламаттыкты сактоо министрлиги эми мамлекеттик лабораторияларды ирилештирүү аркылуу сапатын жакшыртууну максат кылууда. Алар кандай тартипте ишке ашарын министрликтин адиси Бермет Юсупова минтип түшүндүрдү:

- ISO стандарты боюнча аккредитациядан өткөн гана лабораториялар иштейт деп максат коюп жатабыз. Бишкекте төрт, ал эми облустарда жана ар бир райондо бирден болот. Баары тең заманбап технология менен жабдылат.

Адистердин айтымында, мамлекеттик лабораторияларды эл аралык стандартка келтирүү өтө көп каражатты талап кылат. Андыктан аларды бириктирүү планы качан ишке ашат, белгисиз, себеби акча маселеси азырынча чечиле элек.

Кыргызстандагы диагностикалык борборлордун тейлөө акысы 100 сомдон 65 000 сомго чейин барат.

XS
SM
MD
LG