Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Мамакеев: Желмогуз болсо да адам эскирет


Академик, Эл баатыры Мамбет Мамакеев 85 жашка чыкты. Ал ушу бүгүн күн сайын бештен операция жасап, көргөн-билгенди таң калтырып келатат. “Азаттыктын” кабарчысы өмүрүндө эки миң операция жасаган хирург менен баарлашып, уникалдуулуктун сырларын сурап келди.


Күнүнө беш операция


“Азаттык”:
Сизди бүгүн беш операция жасады дешти...

Мамакеев: Күнүгө - операция. Кечээ бешти жасагам, бүгүн бешти жасадым.

“Азаттык”: Өмүрүңүздөгү канчанчы операция эми ошондо?

Мамакеев: Мен хирург болуп иштегениме 60 жыл болду да. Алтымыш жылда 20 миң операция жасадым.

“Азаттык”: Сизди билбеген адам сейрек. Саламаттыгын ойлогон ар бир киши билет. Эми кудай буюрса 85 жашка келдиңиз, суктана турган курак. Азыр 85 жашка чыккандардан скальпель кармамак тургай кашыкты оозуна жеткире албагандар бар. Бул бир жагынан өрнөк, экинчи жагынан уникалдуу көрүнүш сыяктанат. Ошентсе да адамдын кубаты, күчү кайткан учурлар болот да. Сиз чарчаган жоксузбу?

Мамакеев: (күлүп) Кудай таалам канча жаш бергенин өзү билет го эми, бирок адам баласы жашка тойбойт. Алтымыш жыл ичинде мен 80, 90, алды 112ге чыккан кишилерге операция жасадым. Бир кишиден “ичээримди ичип, жээримди жедим, жөн өлөйүн, кызыл-ала кылбай тим кой дегенди уккан жокмун. Эптеп жанымды алып кал дегенди угуп келдим.


please wait

No media source currently available

0:00 0:11:53 0:00
Түз линк


Эми-и, адам желмогуз болсо да организми эскирет. Өзүң айткандай 70-80ге барганда ордунан туралбагандар бар. Менин коркконум: карыганда адам организми склерозго кабылат, алжыйт, тантыйт, басып кетет. Менин тилегим – ошого жеткирбесин. Ошого жеткиче дароо эле кете бериш керек. Ал үй-бүлөсүнө да, өзүнө да тозок. Негизи бизде өлбөй турган кишилер бар. Эмдиги жылы Имангали Каракеев 100гө чыгат, Турдакун Усубалиев 94кө кетет. Күлүйпа Кондучалова бар. Ушундай сакалдуу кишилер бар. Бул өңдүүлөргө багуу жарашса – өлбөйт.

Мен өзүмдүн сезишимче алжый элекмин азыр. Операциядан чарчап көргөн эмесмин.

“Азаттык”: Канча шакиртиңиз бар азыр?

Мамакеев: Жүздөн ашык, улуттук хирургияда. Кыргызстандагы бардык хирургдар менден окуган. Алар мени менен тең карып, очор-бачар болушту. Илимдин доктору – 13, илимдин кандидаты – 25. Жогорку категориядагы хирургдар 50дөн ашык. Кудайга шүгүр.

“Азаттык”: Азыр мен шакирттериңизди таарынткан жок болдуңуз бекен деп ойлонуп атам. Алар агайыбызды Кыргызстан бүт тааныйт, 20 миңден ашык операция жасаптыр, эми операцияны бизге эле берип койбойбу деп айтышы да мүмкүн да?

Мамакеев: Андай жок. Эртең мененки конференцияга катышсаң, бүт баарын көрөсүң. Ошондо айтам, бу жашым да келип калды, байкап отургула, мен сүйлөп атканда “тээтиги ким?” десем, көзү болбой калган экен дегиле, сүйлөп атканда “эмне дейсиң?” десем, кулакты алган экен дегиле, бир сөздү эки жолу кайталасам мээни кудай алып, алжыган экен дегиле. Кемчилигимди тапсаңар, анонимка жазып бергиле, таппасаңар кыңкыйбай отургула дейм (күлүп). Бул эми тамаша.

Негизи аянбайм. Менин балдарым азыр укмуш. Бүт операцияларды жасайт: бөйрөктү, боорду алмаштырат. Эрнис Тилеков деген балам бар, профессор, докторлугун жактады жакында, ушунчалык оор операцияларды жасайт. Ал азыр боордун үчтөн эки бөлүгүн алат. Уйку безди, он эки эли ичегини бүт жасайт. Ушундай таланттуу балдарым бар.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз кандай операцияларды аласыз?

Мамакеев: Кайсынысын болсо ала берем. Менин бычагым тийбеген орган калган жок. Бизде хирургдардын тажрыйбасына карата тартибибиз бар. Тажрыйбасына жараша аттестациядан өтүп турушат. Биздин хирургдар эч качан операцияны жулунуп жасабайт.

“Азаттык”: Сизге түз кайрылгандар толтура да?

Мамакеев: Өмүр бою. Күнү-түнү. Өмүрүмдүн үчтөн бири ушу ооруканада өттү да. Азыр эми балдарым тың, түнкүсүн тынчымды алышпайт.

“Азаттык”: Ушу жерден сизге суроо: албетте, хирургдун эмгеги бааланышы керек. Оор кызмат. Адамды бычак менен саламаттыгын оңдогонго туура келет. Бүгүн каражат татыктуу берилеби?

Мамакеев: Операцияда кээде 7-8 саат туруп калабыз эчтеке ичпей. Бизде баланчадан баланчага чейин иште деген норма жок. Бюджеттик мекеме. Бирдеме сурап ала албайбыз ооруканага. Баарын өзүбүздүн күчүбүзгө салабыз. Былтыр айлыкты көбөйттү, кудай жалгап. Айрыкча медсестра, санитарлардын иши тозок да. Аларсыз биз эчтеке кыла албайбыз...

“Азаттык”: Жакшы, агай, хирургдарга келсек кайра. Эл оозундагы сөз: хирургдар эң эле пайдакеч, акчасын “бычып” эле сурап алат дешет. Ал эмес, бул бир жылкылык, бир койлук, бир уйлук операция деп баалашат деген уламыштар айтылат. Анын арасында сиздин атыңыз да байланыштырылган учурлар бар...

Мамакеев: Мен түшүндүм, мындай суроону сен биринчи берип аткан жоксуң. Ар бир келген журналист ушуну сөзсүз сурайт, хирургдар алабы деп. Мен алат дейм. Бул бечаралар күн-түн дебей иштешет. Акчасы – тыйын. Азыр кичине көбөйдү. Мен айтам: жакшы жасап айыктырсаң эмне берсе ал дейм. Сураба, кыйытпа дейм. Сурап, кыстап алган догдур – догдур эмес. Аны уксам, ошо замат жоготом. Айыгып кетип, анан өзү келип, эмне берсе ал дейм. Жыргатып деле беришпейт.

“Азаттык”: Сиз өзүңүз алдыңыз беле?

Мамакеев: Жыргатып бергенин деле көрө элекмин. Эт-сет алып келет, анча-мынча акчасын берет. Бул бечара балдар деле албайт. Түшкөн оорулар деле колунда жоктор. Ошондой оорулар келсе эч качан "акчаң жок" деп кайтарганды уга элекмин.


Көздөн чыккан сөз


“Азаттык”: Сиз эми элдин алдында жүргөн кишисиз. Андайлар дайыма мушка алынат. Сизди дайыма бийлик башындагылар менен, анын ичинде Аскар Акаев, Курманбек Бакиев менен мамилелериңиз абдан жакшы болгонун билебиз. Кийинчерээк Бакиевдин баласынын көзүн мактап ылакапка айланып кеттиңиз...

Мамакеев: Айтайын. Түшүндүм. Мен Усубалиевдин, Масалиевдин, Акаевдин, Бакиевдин убагында иштедим. Усубалиевдин убагында депутат, Эмгек сиңирген догдур болдум, “Октябрь революциясы”, “Эмгек Кызыл Туу” орденин алдым. Масалиевдин убагында Медицинага эмгек сиңирген ишмер болуп, “Достук” орденин алдым. Акаевдин убагында “Манас-1”, “Манас-2” ордендерин алдым, Академик болдум, Баатыр болдум. Алар деле бир туугандарым эмес, иштегенди көрчү да. Анан Бакиевдин убагында эч нерсе алган жокмун.

Бакиев менен парламентте беш жыл жанаша отурдук. “Мамбет абам менен отурган киши эле чоңоёт” деп айтып калчу. Президент болуп кетти. 80ге чыгып атам. Анда Мадумаров, Садыркулов, Досбол Нур уулу турушту. Үчөөнө тең кайрылдым. Кабыл албай коюшту. Таң калдым. Бир жолу келем (К.Бакиев – ред.) деп атат дешти. Бул жерде Акаевдин сүрөтү турган. Аны алып ыргытып, түнү менен Бакиевдикин таап илип алдым. Эртеси күтүп отурабыз. Мурунку мамилем менен кара козумду даярдадым. Келген жок. Төрт-беш айдан кийин дагы төрт-бешөө келатат дешип, кайсы жерге токтойт, кайсы жерди көрөт деп тактап кетишти. Дагы даярдандым. Дагы келген жок. Таң калдым. Баатырдыкты Акаев берди же ошого каратабы деген ой келип калды. Анан Акаевдин сүрөтүн кайра ордуна тагып алдым.

“Азаттык”: Анан көздү кантип мактап калдыңыз?

Мамакеев: Бакиевдин баласын өмүрү көргөн эмесмин. Анан телевизорго үч орун басары менен чыкпадыбы. Зор жигит экен, башы момундай. Көз карашы укмуш экен. Көк да эмес, кара да эмес, экөөнүн ортосунан чыккан башка көз экен деп жаздым. Уулум Канат экөөбүз карап отурганбыз. Ушу баланын көзү жакты, мен жазам дедим. Эми аны карышкырдын көзүнө теңедим да. Аны карышкырдын көзү деп жазсам президент мени жеп койбойбу. Иманакунов деген сарыкамыштык академик, менин сырымды билет эле, түшүндүм эмнеге салыштырганыңды деди. Көзүн эмне кыласың, кийин балээсине каласың деди. Эмнеге балээге калат элем деп жазып жибербедимби. Анан кийин чакчелекей түшкөндөн кийин Атамбаев телевизордон үч жолу айтпадыбы Мамбет Мамакеевич көзүн мактады деп. Андан деле саясий төңкөрүш болгон жок. Эми ал - макул. Эми президент сын айтып койду деп, кийинки салпайган кызматкерлердин кээси мени менен сүйлөшкүсү келбейт. Таң калам.

“Азаттык”: Акаевдин, Бакиевдин сүрөтүн илгем деп атасыз. Азыр мен көрүп атам, эми төргө энеңиздин сүрөтүн илиптирсиз...

Мамакеев: Энем 85инде кетти. Он жетини төрөгөн киши. Ошондон үчөөбүз калганбыз. Байкуш энем тозокту көргөн да. Кедейчилик. Эптеп жаны бектер калсак керек. Ошон үчүн желмогуз болсо да, энемден артык эч ким жок.

“Азаттык”: Мурда эки президенттин сүрөтү ушу жерде илинди беле?

Мамакеев: Жок. Акаевдин сүрөтү жанында турчу. Энем башынан эле ушу жерде турат. Муну мен алтымышка чыкканда Керексизов белек кылган. Ал өзү укмуш сүрөтчү экен да. Жанындагысы уулум, тияк жагындагысы неберем...

Азаттык”: Менин жеке баамымда алтымыштагыдай көрүнөсүз. Кантип сактанып жүрөсүз?

Мамакеев: Өмүр бою диета дегенди билбейм. Ушу күнгө чейин колума эмне тийсе шашып ичем. Оозумду такай күйгүзөм. Болбойм. Мен тоюш үчүн, кандай тамак болбосун, бир эле мүнөт керек. Кудай жалгап тамеки, ичкилик кармап көргөн киши эмесмин. Туура. Эрте турам. Бир саат - физзарядка. Чуркамай. Азыр чуркабай калдым. Физзарядка жасайм. Анан операциядан чыга калганда мобу турган велосипедди (велотренажер-ред.) тебе коём. Мына 45 жыл болуп калды. Уйку жок менде. Уйкум да келбейт. Чарчаганды да билбейм. Тишим бүтүн.

“Азаттык”: Анда, саламат болуңуз, Мамбет аба.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG