Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:59

Кургак учук балдар арасында көбөйүүдө


Кыргызстанда акыркы жылдары кургак учукка чалдыккан балдардын саны өсүп жатат. Үй-бүлөдөгү бул ооруга чалдыккандар өз учурунда дарыланбагандыктан ал өз кезегинде балдардын саламаттыгына доо кетирүүдө.

Нарын облусунун тургуну Бурул айым эки айдан бери бир жарым жана эки жарым жаштагы балдары менен Улуттук фтизиатрия борборунда дарыланып жатышат. Бурул айымдын айтуусунда, балдарына кургак учук кайнисинен жугуп калган экен:

- Кайним кургак учуктан ооруканада дарыланып жаткан учурда үйгө келген. Балдарыма ошондо жугуп калган. Кургак учук тууралуу түшүнүгүбүз жок болгондуктан чогуу жашай бергенбиз. Күнөө бизден кетип атат. Бир баламдын кургак учугу өпкөдө, бирөөсүнүкү колко безинде болуп атат.

Улуттук фтизиатрия борборунун 40 орундуу балдар бөлүмү оорулуу балдарга ар дайым толуп турат. Бул жерде өлкөнүн жаңы төрөлгөн наристелерден 17 жашка чейинки өспүрүмдөр бардык аймактарынан келип дарыланышат. Акыркы жылдары үй-бүлөдө балдар арасында кургак учук көбөйүп жатат. Мунун себебин фтизиатр дарыгер Замира Карабаева минтип түшүндүрдү:

- Кургак учук балдардын арасында көбөйүп жаткан себеби чоңдордун дарыланбай, ооруу кеч табылгандыгынан болуп атат. Улуу адамдар убагында дарыланышып, баарын убагында жасаган болсо балдардын ооруусу аз болмок. Чоңдорду текшерип атканда, балдарга манту коюлганда жана өздөрү кайрылган маалда балдардагы кургак учук табылат.

Саламаттык сактоо министрлигинин "Азаттыкка" берген маалыматы боюнча, 2010-жылы 100 миң кишиге 32 бала туура келсе, ал эми былтыр 31 бала туура келген. Бирок бул көрсөткүч так эмес. Министрликтин дарылоо, алдын алуу, жардам бөлүмүнүн жетекчиси Самат Тойматов ушул тапта курак учукка чалдыккан балдардын санын тактоо иштери тууралуу буларга токтолот:

- Бардык балдарга манту коюп, текшерүүнү баштадык. Бул көрсөткүч жылдын аягында көбөйүп калышы мүмкүн. Мантусу кызарып кеткендерди кайрадан текшерип, рентгенден өткөрүп, адистер карашат. Ошондо көбөйүп калышы мүмкүн.

Кургак учук көбүнчө өпкөдө гана болгону менен, дененин ар кайсы мүчөлөрүнө таасирин тийгизиши мүмкүн. Кичинекей балдарда кургак учук менингитке айланып кетиши ыктымал. 12 жаштагы Акылбек кургак учукка чалдыгып, өтүшүп, менингитке айланганда дарыгерлерге кайрылган. Акылбек 5 айдан бери ооруканада дарыланып жатат:

- Менин жеңем өпкөсүнөн кургак учук болуп ооруп, апам менен Чүй ооруканасына жаткан. Жеңем ооругандан 3 айдан кийин мен ооруп калдым. Үйдөн кусуп, анан бул жакка алып келишти.

Кургак учуктун негизги талабы ооруну күчөй элегинде дарылоо жана толугу менен айыктыруу. Ооруканада дарыланган балдардын көпчүлүгү Ысык-Көл облусунда жайгашкан Республикалык балдарды калыбына келтирүү борборуна жөнөтүлөт. "Кургак учук менен ооруган балдарды дарылоодо Ысык-Көлдүн абасы көп жардам берет", - дейт борбордун башчысы Канатбек Сарбагышев:

- Балдарды дарылоодо Ысык-Көлдүн касиети абдан жогору. Жай мезгилинде балдарды эки маал көлдүн жээгине алып чыгып дарылайбыз. Андан тышкары физио бөлмөлөр бар, ошондой эле балдарды дене тарбия аркылуу калыбына келтиребиз.

Ооруга чалдыккан бала тез сакайып, калыбына келиши үчүн жакшы тамактанышы зарыл. Бир баланын күнүмдүк тамагына мурда 56 сом бөлүнүп келсе, быйыл өкмөт аны 80 сомго чыгарды. Бирок дарыгерлер бул каражат деле жетишсиз дешет.

Кургак учукту алдын алуу үчүн балдарды жаңы төрөлгөндө эле Б.Ц.Ж. вакцини менен эмдөө керек. Эгемендикке чейин бала 17 жашка чейин төрт ирет бул эмдөөдөн өтүп келсе, азыр бала төрөт үйүндө бир жолу гана эмделет. Анын себебин Республикалык иммундук алдын алуу борборунун башчысы Жолдош Калилов мындайча түшүндүрөт:

- Азыркы күндө кургак учукка каршы вакцина мынча жылга жардам берет деп айтыш абдан татаал. Бул боюнча Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму иштеп жатат. Бул социалдык оору болуп эсептелет. Андыктан ата-энеси балдарды убагында тамактандырып, дайыма дарыгерлерге кайрылып, убагында дарыланып турса бул өнөкөттөн кутулса болот.

Ооруну алдын алуунун эң зарыл жолу - кургак учук менен ооруган адам балдардан бөлөк, башка бөлмөдө тамактанышы жана укташы керек. Үй-бүлө мүчөлөрү, айрыкча балдар витаминге бай азыктар менен тамактанышы, ата-эне төрөт үйүнөн наристени эмдөөдөн өткөрүшү шарт. Мына ушундай шартта гана ооруну алдын алса болот деп эскертишет адистер.
XS
SM
MD
LG