Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:57

Байыркы бабалардын изи менен...


Мексикалык майялар жана Ала-Тоо кыргыздары (экинчи макала)

(Майя эли менен кыргыздардын тил байланышы тууралуу биринчи макаланы бул жерден окуңуз)

Биз демейде “кылым карыткан кыргыз көчү” деген сөздү көп айтабыз. Кээде билип, кээде билбей туруп колдонобуз. Бирок ошо билбей туруп сүйлөгөндө да миң тамырыбызда диркиреген байыркы кыргыз каны, жан дүйнөбүздө билинбей бугуп жаткан тарыхый интуиция ушул накыл сөздү оозубузга сала берип, генетикалык эс-тутумубуз өз жумушун жасап жаткандай туюлат. Чынында да кийинки жылдардагы илимий ачылыштар, тарых илиминде, археологияда, генетикада табылган жаңы маалыматтар кыргыз тарыхынын кыйырын биз ойлогондон да алыстан таап чыгууда. Сыягы, “Кайың барбы кыргыз балта чаппаган, кырлар барбы кыргыз сөөгү жатпаган” деген макал бекер жеринен айтылбаган окшойт...

Кудайга шүгүр, азыр кыргыздар дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарында жашайт. Бүгүнкү кыргыз ойкуменасы бүтүн планетаны камтыды. А бирок тарыхый кыргыздарчы? Байыркы бабаларыбыздын изи бизди кайда гана ээрчитпейт... Өзбекстан менен Тажикстандагы илгертен жашаган кыргыздардын зор тобу, Кытайдагы биздин уруулаш, жамаатташ кандаштарыбыз, Бээжинден анча деле алыс эмес жердеги кыргыздар тууралуу башта эле кулакдар элек. Бабаларын изи менен жүрүп отуруп, убагында Бабур менен кошо Индияга чейин барган, Тимурдун жоокерлери менен Жакынкы Чыгышка чейин жеткен бабаларыбызды тапканбыз. Маселен, мен өзүм да убагында бир катар изилдөөлөр жүргүзүп, орто кылымдагы кыргыздардын сүрөтү тартылган араб жан фарси миниатюраларын, документтешкен маалыматтарды басма бетине чыгарган элем (“Кыргызская Одиссея: до и после империи” деген китепте, Бишкек, 2011).

Азыр эми байыркы бабаларыбыздын шоораты тээ Борбордук Америкадан, Мексика менен Гватемаладан, Белизден угулуп жаткансыйт. Майя тилиндеги “күн”, “балдыз”, “ат”, “кол”, “очок”, “кой”, ич”, “уул”, “кийик” сыяктуу ондогон эмес, жүздөгөн кыргыз сөздөрү кайдан жүрүп Латын Америкасында байырлап калган, атактуу майя элинин тилине аралашып кеткен?- деген суроого жооп издеп, бул тууралуу айрым учкай ой жүгүртүүлөрдү ортого салууга туура келип отурат. Буга эң биринчи себеп--түрк окумуштуусу Исмаил Догандын жакында жарыкка чыккан “Түрк-Майя сөздүгү” болууда. Ал сөздүктөгү жүздөгөн тектеш, уңгулаш сөздөр байыркы түрктөрдүн жашоо ареалы, таралган географиясы, миграция багыттары тууралуу башкача илимий концепция, керек болсо жаңы теория түзүүгө мажбурлап отурат.

Ырасында эле, кайдан жүрүп эски түрк сөздөрү, кыргыз сөздөрү Алтай менен Саяндан, Орхон менен Эне-Сайдан жылып отуруп Борбордук Америкага, анда азыр жашап жаткан байыркы майя элинин тилине аралашып кеткен? Булардын ортосунда кандай байланыш, кандай маданий жана тилдик окшоштуктар болушу мүмкүн? Эгер болсо, ал байланыштар качан жана кантип түзүлгөн? Кайсы доорлордо, кайсы кылымдарда? Муз доорундабы, жер каймактагандабы? Же адамдар кайыкты, жел кемени ойлоп тапкан викингдердин заманындабы?

Ушуга байланыштуу Алтайдагы “Денисов үңкүрү” деген үңкүрдөн 50 миң жыл башта жашаган кыз баланын сөөгү тууралуу илимий макалага окурмандардын көңүлүн бургум келет. Ал макала Америкалык “Science” журналына мындан үч ай башта чыгып, ошондо Макс Планк институтунун антропологдорунун бир табылгасы мени абдан таң калтырган эле. Себеби ошол Алтайда табылган байыркы кыздын чачы кара, көзү кара, өңү да кара тору экени далилденген эле. Бирок эң кызыгы, кудум ошол 50 миң жыл мурда жашаган алтайлык кыздыкындай геномдук карта же гендер Австралиянын аборигендеринин арасында, Жаңы Зеландиянын жергиликтүү элдеринин арасында, жана ошондой Филиппин аралдарындагы айрым бир калктардын арасынан да табылганы тууралуу илимий маалымат кабарлаган эле. Ошол илимий макаладан кийин суроо пайда болгон - 50 миң жыл башта жашаган алтайлык кыз кайда жатат да, австралиялык аборигендер менен филиппиндик калктар кайда жатат? Кайдан жүрүп алардын гендери окшош чыгып калды, кантип Алтайды жердеген байыркы адамдардын кандаштары тээ Океанияга жетти, андан ары Австралияга, Жаңы Зеландияга чейин өтүп барды?

Айтор, кыргыздардын, жалпысынан алганда мезотүрктөрдүн же прототүрктөрдүн пайда болушун изилдөөгө жем таштаган дагы бир маалымат пайда болду. Сыягы, байыркы адамдардын глобалдык миграциясы соңку палеолит доорунда, балким мезолитте башталган. Эгер мындан 10-15 миң жыл илгери Арктиканын муздары азыркы Санкт-Петербург жайгашкан жерди да каптап турганын эске алсак, ал кезде Аляска менен Ырааккы Чыгышты, башкача айтканда Азия менен Американы жакындаштырып турган Беринг кысыгы, Сахалин менен Курил аралдары муз менен кардын калың катмары алдында жатканын эске тутсак байыркы адамдардын көчүп-конушу, миграциясы таптакыр башкача шарттарда жүргөнүн байкайбыз.

Ал эми байыркы адамдар деңиз аркылуу бир континенттен экинчи континентке өткөнү, атап айтканда Америка континенти менен Океания аралдарынын ортосунда байланыш Христофер Колумбдан да алда канча мурун болгону азыр далилденген илимий гипотеза катары саналат. Атап айтканда, атактуу норвег саякатчысы Тур Хейердал 1947-жылы “Кон-Тики” деген кичинекей жыгач кайык жасап, бир канча сапарлаштары менен Перудан Таити аралдарына сүзүп келген. Кийин, 1970-жылы, ошол эле Тур Хейердал тростник менен жыгачтан жасалган “Ра” деген кайык менен түндүк Африкадагы Мароккодон чыгып, Америкадагы Барбадоско жалаң шамал жана калактын күчү менен сүзүп келген. Ошентип, Тур Хейердал Америка континенти менен Азиянын, Африканын ортосунда атам замандарда эле деңиз аркылуу да байланыштар болгонун эксперимент түрүндө далилдеген эле.

Бирок Хейердалдын бул ачылышы - байыркы доорлордогу Батыш - Чыгыш байланыштары кантип жасалганы жөнүндөгү бир гана илимий далил. Экинчи бир илимий далил, болгондо да көз алдыбыздагы далил - Ырааккы Чыгыштагы Беринг кысыгы аркылуу Аляскага, башкача айтканда Азия материгинен Америка материгине өтүп кеткен, ушу тапта жашап жаткан чукчалар, эвенктер, эскимостор, айнолор. Айнолордун бир тобу ушу азыр Жапониянын түндүк тараптагы аралдарында жашап жатат жана өздөрүн жапон элинин түп бабасы катары санайт.

Үчүнчү илимий гипотеза тээ муз доорунда, башкача айтканда жер каймактаганда, тилдер, лингвисттердин сөзү менен айтканда прототилдер жаңыдан пайда болуп, адамдар цивилизациянын жолуна жаңы түшкөн кездерде жашоо-турмушка ылайыктуу жер-сууларды издеп, бир жерден экинчи жерге, бир материктен экинчи материкке көчө баштаган деген илимий жоромол. Бул жоромол тууралуу атактуу англис тарыхчысы Арнольд Тойнбиден баштап Лев Гумилевго чейин, Момсенден баштап Тур Хейердалга чейин жазышты. Бул сыяктуу илимий эмгектер азыр да биринин артынан бири жазылып жатат.

Ошол эле биз сөз кылган Исмаил Доган кызыл терилүү индеецтер бир аралдан экинчи аралга өтүп, акырындап жылып отуруп, Америкага Азиядан жеткен деген божомолду да четке какпайт. Айтор, түрк тууганыбыздын китеби мурунтан эле тилчилердин, культурологдордун арасында кээ-кээде айтыла калып жүргөн болжолдордун, гипотезалардын санын ого бетер көбөйттү. Башкача айтканда, жандырмагы жок табышмактар азыр андан бетер арбыды.

Майя цивилизациясы биздин эранын Х кылымында талкалана баштап, саны 15 миллионго жеткен бул калк кара чымындай кырылган. Кээ бир окумуштуулар мунун себебин катуу оорудан, эпидемиядан көрсө, кээ бирлер бир нече жылдарга созулган катуу кургакчылыктан көрүп келишет. Эгер майя цивилизациясы түптөлгөнүнө бери болгондо 4000 жыл болгонун эске алсак, биринчи календарды ошолор түзгөнүн эске алсак, ал эми байыркы түрктөр, атап айтканда көк түрктөр менен кыргыздар болжол менен 2500-3000 жылдай башта тарыхый аренага чыкканы белгилүү болсо, өзүнөн-өзү суроо туулат: майялар бизден кеткен этноспу же биз майялардан келген элбизби? Суроо, суроо жана суроо...

Айтор, байыркы түрк калктарынын миграциясы, башкача айтканда Түрк Ойкуменасы өтө татаал жана табышмактуу суроо бойдон калууда. Бул суроолорго ынанымдуу жооп табуу оңой маселе эмес. Албетте, ар кандай илимий гипотезаларды, болжолдору курууга болот, ошон үчүн илим, ошон үчүн теория жашайт, бирок баары бир ташка тамга баскандай так жана кимди да болсо канааттандыра турган жоопторду таба коюу азырынча өтө татаал маселе экендигин моюнга алганыбыз туура.

Бул ачылыштын соңунан дагы кандай илимий гипотезалар жаралат - муну келечек муундар, жаңы муундун окумуштуулары ишке ашырат деп үмүт кылып туралы.

XS
SM
MD
LG