Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:35

Тарыхты өзгөрткөн тагдырлар: эрте кеткен турналар


7-апрелдеги кандуу булоон. Бишкек, 2010
7-апрелдеги кандуу булоон. Бишкек, 2010
Апрель, демейде, жер жарылып көк чыгып, өрүк гүлүн ачкан кез. Кулун туйлап, кой маарап, булбулга тил бүткөн кез. Алыс кеткен турналар, кайрылып артка кайткан кез.

Бирок быйылкы кыш... Быйылкы кыш ушунчалык узун, ушунчалык оор болду го, чиркин. Жаз жылдагыдан туура бир ай кечикти. Байчечекей кеч чыгып, кар кечигип эриди. Бирок кечиксе да эриди... Кудайдын ушунусуна шүгүр. Кечиксе да муз жарылып, суулар ташыды. Тоолордон кар шылынды.

А бирок жүрөктөгү карларчы, көңүлдөгү муздарчы? Эридиби ошолор, деген ой келет ушундайда... Туура эки жыл башта, дал ушул көктөм чыгып, жер жаңы жылыганда чырактай болгон уулдарын жоготкон энелердин тилеги, аталардын үмүтү не болду? - дейсиң ушундайда. Колдон жулдургандай заматта ага-тууганынан айрылгандардын, эртелеп жесир калган келиндердин жүрөгүндөгү муздар аз да болсо эриди бекен? - дейсиң ушул күнү.

Ушул күнү келбес жайга бет алып, эрте кеткен турналар кайда барып конду экен, кандай күндө болду экен дейсиң, аскасына ак булут илинген Ала-Тоону тиктей...

Туура эки жыл өттү борбордук аянтта ок тарсылдап, Бишкек азан-казан тополоңго түшкөндөн бери. Ооба, эки жыл өттү... Башына, көзүнө, жүрөгүнө ок жаңылып, жаткан жеринде жан берген кыргыздын 87 уулу снайпердин огунан эки жыл башта шейит кетти.

Жок, снайпердин эмес, Бакиевдердин, анын мурунку жана кийинки желдеттеринин сунган мылтыгынан, кыянаттык менен уюшулган бийлик талаштан мерт болушту, аттиң. Ошол күнкү жарааттан каза болгондордун саны бүгүн 100гө чапты. Андан соң түштүктө эл бүлүндү. Ош менен Жалал-Абат өрттөлдү, нечен үйлөр талкаланды. Бейажал өлгөндөрдүн так санын азыр да эч ким билбейт... Мамлекет тарткан, калктын башына түшкөн опсуз ыгым-чыгымдарды айтпай эле коёлу.

...Ооба, быйылкы кыш ушунчалык оор болду. Көктөм жылдагыдан бир ай кечикти. Ырас, кечиксе да келди, чиркин. Акыры карлар эрип, суулар ташыды. Бирок аттиң, жоготуунун эсесин таппаган ата-энелердин, ага-инилердин, тополоңдо жапа чеккен калайык-калктын жүрөгүндөгү ак кар менен көк муз али да болсо эрий элек.

Канга жуулган Ала-Тоо аянты дале болсо бизди, тирүүлөрдү телмире тиктегени тиктеген. Сүйүктүү аянтыбыз “Кайсы күнөөм үчүн канга боёдуңар, эмне талашып мынча кырылыштыңар?” дегендей ары-бери өткөндө ар дайым суроолуу карайт, чиркин. Жок дегенде күнөөлүүлөр жоопко тартылып, кан ичкичтер жазасын алып, буктар жазылып, элдин көкшүнү сууганда аянтыбыз мынчалык сумсайбас эле го дейсиң ушундайда...

Бийлик үчүн кан төгөм деп оозунан жаңылып жүрүп, Бакиев акыры Кыргызстанды кыпкызыл канга боёп тынды. Беш жыл бою Кыргызстанды талап-тоноп, кылбаган санаттын баарын кылып жүрүп, эми Белорустан баш-маанек тапты. Чыныгы кылмышкерлердин биринин чекеси чертилбеди...

Ошондой болсо да “Кыңыр иш кырк жылда билинет” деген кеп бар эмеспи. 2010-жылдагы тири укмуш кылмыштар, алардын чыныгы күнөөкөрлөрү, накта мародерлер кырк жыл эмес, азыр эле дапдайын болуп көрүнүп калды. Чындык баары бир ачыкка чыгат экен. Жамандык жерге жатпайт экен. Качканы качып, калгандары жүрөт арабызда.

Ошондуктан биле жүрөлүчү: жүрөктөгү муздар баары бир эрийт. Күттүргөн жаз баары бир келет. Адилеттик эртедир-кечтир сөзсүз орнойт. Ал эми жазыксыз элдин канын төккөндөр баары бир тирүү жүрсө жерге, өлсө көргө батпайт. Бул байыртан келаткан чындык, илгертен келаткан руханий мыйзам.

please wait

No media source currently available

0:00 0:05:12 0:00
Түз линк

...Мына, кечиксе да кыш кетип, жаз келди. Сай-сайда суулар ташып, тоолордон кар шылынды.

Бир гана ой тынчтык бербейт, аттиң: келбес жайга бет алып, эрте кеткен турналар кайда барып конду экен, кандай күндө болду экен?..

Ошондуктан элибизге аманчылык каалайлы. Жерибизге тынчтык тилейли. Ак мөңгүлүү Ала-Тоо, касиеттүү Ысык-Көл, айланайын Алайым, кереметтүү кең Талас, жер соорусу Сары-Өзөн - силер аман болгула, дейли. Түбөлүк тур, санжыргалуу кыргыз элим, дейли...

XS
SM
MD
LG