Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:34

Сот чечиминен түңүлгөн аксакал


Төлөн Касиев Жогорку Сот имаратынын алдында. 19-октябрь, 2015-жыл.
Төлөн Касиев Жогорку Сот имаратынын алдында. 19-октябрь, 2015-жыл.

Ысык-Көл облусунун 85 жаштагы тургуну Төлөн Касиев 21 жыл мурун айыл эли топтолуп сатып алган тейлөө имараты акчалуу кишилердин колуна өтүп кеткенин айтып, “Азаттык” радиосуна жардам сурап кайрылды.

Ал 2002-жылдан бери соттошуп, чындыкка жете албай келатканын белгилейт. Имаратты сатып алган тарап болсо баары мыйзамдуу болгонун айтууда.

Төлөн аксакал менен Бишкекте, Жогорку Соттун имаратында 19-октябрда жолуктук. Маанайы суз карыя облустук соттон утулуп калып, Жогорку Сотко үмүт артып келгенин, бирок бул жактан да жеңилип калганын айтты:

- Эгер чындык мен тарапта болбосо 85 жашка чыгып алып ушинтип чуркап жүрмөк белем? Мен мыйзам алдында, абийир алдында да, Кудай алдында да чындыкты сүйлөп жатам.

Төлөн аксакал Сары-Ой айылынын тургуну. 1996-жылы колхоз-совхоз тарап, өкмөттүн менчигиндеги мал-койлор элге берилип жаткан учурда айылдыктар топтолуп, 50 койду 20 миң сомго баалап, мөмө-жемиш кооперативинин кеңсесин сатып алышкан. Айылдын балансында деп эсептелген имаратты элеттиктер 3-4 жыл Маданият үйү катары пайдаланып жүрүптүр.

- Ал имаратка бирөөлөр көз артат деп ойлобоптурбуз. Ошондуктан документтик жагына өтө деле көңүл бурган эмеспиз. Ал кезде Мамлекеттик каттоо деген жок, жөн эле кагазга келишим түзүлгөн. Бирок ал документ жоголуп кеткен экен.

Маданият үйүн 2001-жылы ошол эле айылдын тургуну Муратказы Тазабеков сатып алган. Бирок анын нотариалдык документинде имарат айылдын менчиги эмес, эски кооперативдин балансындагы кеңсе экени жазылган. Саткан тарап кооперативди жоюу комитети экени айтылат. Бирок ал комитеттегилер кайда экени азыр белгисиз.

Кезинде имаратты Маданият үйүнө айланткан топтун башында Төлөн аксакал тургандыктан, айылдаштары андан 50 койдун акчасы кайда кеткенин сурай баштаганда, Касиев Ысык-Көл райондук сотуна кайрылып, Тазабековду утуп алат. Бирок берки тарап облустук сотко берип, райондук соттун чечимин жокко чыгартат.

“Мен элдин акчасын жеген эмесмин, 50 койдун баасына сатып алынган имарат айылдыкы бойдон калышы керек” деген аксакал Жогорку Сотко келип, бирок арызы канааттандырылбай калды. Судьялар анын документтери так эместигин билдиришти.

- Калыстык жок. Өзүн кооперативди жоюу комитетинин төрагасымын деген Досумбай Дүйшөналиев аттуу киши айылдагы имаратты сатып жиберген. Аны да сураш керек. Сотторго ишеним калбаптыр,- дейт Касиев.

Имаратты сатып алган Муратказы Тазабековдун адвокаты Мирлан Идрис уулу Төлөн аксакалдын айткандарын куру доомат атап, баары мыйзам негизиндеги иш экенин билдирди:

- Эгер факт менен карай турган болсок, алар 50 койдун акчасына имаратты сатып алып, чын эле айылдын менчиги кылып койгону белгисиз. Эч кандай документтери жок. Акчаны кимге беришкенин да айта албай жатышат. Мен коргоп жаткан Муратказы Тазабеков башкалардан сатып алып атпайбы? Сатып алуучунун эч кандай күнөөсү жок.

Ошентип Төлөн Касиев соттун бардык инстанцияларына кайрылып, өз чындыгын далилдей алган жок. Буга чейин аянты 3 сотукка жетпеген жердеги 6 бөлмөлүү имаратты кайра элге кайтаруу суранычы менен президентке чейин кайрылган.

XS
SM
MD
LG