Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

"Инстаграмда" күлкү жараткан Азык


Азык Абдырахманов.
Азык Абдырахманов.

Азык Абдырахманов күлкү коштогон кыска видеолорду жасап тааныла баштады.

“Инстаграмдагы” azyk_simpson деген аккаунт күн сайын ар түрдүү күлкүлүү кыска видеолор менен толукталып турат. Бул профилде белгилүү кишилердин жолугушууларына, кино, клиптерге жасалма үн коштолуп, күлкүлүү диалог түзүлөт. Аны 29 жаштагы Азык Абдырахманов жасайт.

Арасында Германиянын канцлери Ангела Меркел 2016-жылы Бишкекке келип, ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаев менен жолугушкан учурдагы видеолорго коштолгон жасалма диалог да бар.

Азык Нарындын Ак-Муз айылында төрөлгөн.

- “Симпсондор” деген мультфильм бар эмеспи. Ошол тасманы бала кезимден бери жакшы көрөм. Анда Барт деген бир жигит бар. Тентек, бирок эпчил. Ошол образдан улам профилимдин аталышын тандагам.

- Күлкүлүү дубляж менен качан алектене баштадыңыз? Ага эмне түрткү берди?

- 2017-жылы июнда баштагам. "YouTube" порталында америкалыктардын "Music Off" деген каналы бар. Алар клиптердин сөздөрүн, музыкасын алып салат да, ордуна өздөрү ырдап, үн коштошот. Ырды бузуп айтып, ар кандай добуштарды аралаштырат. Ошолордун ишин карап отуруп, "кыргызча клиптерди да ушинтип жасап көрсөмбү" деген идея келди. Алгач Аско деген ырчы досумдун клибин ошентип юморго салдым. Анан “Инстаграмга” койсом, көбүнө жакты. Элге бул жаңылык болду да. "Дагы улантыңыз" деген сунуштар түштү. Ошентип жаңы видеолорду жасай баштадым. Сапаттуу, ишенимдүү чыгарыш үчүн клипте же кай бир видеодо сүйлөп жаткан адамдын оозунун кыймылына карайм. Эриндеринин кыймылына кайсы сөз дал келсе, ошону жазам. Мисалы, “колбаса”, “нан” жана башка.

- Сценарийди ким жазат? Өзүңүзбү же жардам бергендер барбы?

- Өзүм жазам. Бирок отуруп алып, жазып, кайра оңдоп отурбайм. Видеону алам, үнүн өчүрүп көрүп отурам. Өзүмө жаккан жерлеринен кесип-кесип, эки мүнөттүк видео топтойм. Аны кайра карап чыгып, бир мүнөт калтырам. Анткени “Инстаграмга” бир мүнөт эле коюлат. Ошондон кийин отуруп алып, видеодогу кишилердин ооз кыймылына карап, үнүн коштойм. Кичине идея пайда боло калса эле, сөздөр өзүнөн-өзү куюлуп келе берет.

- Үйдө эле жасайсызбы же студияңыз барбы?

- Үйдө эле жасайм. Кээде жумушта бош убагымда да ушул иш менен алектенем. Айрымдар менде студия, микрофон бар деп ойлошот. Эч кандай студиям жок. Чөнтөк телефонума эле үнүмдү жаздырып, бир аз оңдоп-түзөп, колдоно берем. Өзүм “Тамашоу” лигасында монтажчы болуп иштейм. Бул лигада мурда “Ак өргө” командасында ойногом.

- Күлкүлүү видеолорду жасап, Интернетке жайылта баштаганыңызга бир жыл боло элек экен. Азыр куржунда канча тасма бар?

- Калп айтпасам, 140ка жакын бар. Ал эми бул аралыкта “Инстаграмда” 58 миңден ашуун окурман топтодум.

- Аккаунтуңда реклама менен да алектенип жатсаңыз керек? Реклама окурманы көп “инстаграмчылардын” киреше булагы болуп калбадыбы.

- Ооба, реклама менен иштеш керек. Мен да рекламаларды даярдайм. Бирок башкалардай болуп жөн эле бир нерсени жарнамалап койбойм. Рекламаны да өзүмдүн форматымда, күлкүлүү үн коштогон видео менен чыгарам. Бирөө товарын жарыялап берүүнү суранса, түшүндүрөм. "Каалаган бир мультфильм же кинону алып, ошого үн коштоп реклама жасап берем" дейм, эгер макул болсо иштешебиз. Эл дагы аны көргөндөн тажабайт. Мисалы, бир видеону рекламага чыгарсам дароо эле жүз миңден ашуун киши көрдү. Жөн эле реклама койсоңуз, аны ашып кетсе он миң адам көрөт.

- Кайсы багытка көбүрөөк ыктайсыз? Саясатчыларга үн коштойсузбу же кино, клиптерди эле күлкүлүү кылып “шөкөттөйсүзбү"?

- Көбүнчө кино, мультфильмдер менен иштейм. Кээде гана саясатчылар тууралуу жасайм. Саясатка аралашкым келбейт, ошондуктан чеги менен кылам. Байкелерибиз туура түшүнөр деп ойлойм. Саясат жактан биринчи Жогорку Кеңештеги депутаттарды жасагам. Аны кайра-кайра карап, өзгөртүп, текшерип, "чектен ашпадым бекен" деп оңдоп, анан жарыялагам. Бул юмор экенин, эч кандай шылдыңдоо жоктугун түшүндүрүп, жазып койгом. Жакшы кабыл алышты.

Видеолорду азыр көбүнчө кыргызча жасайм. Бирок убакыт өткөн сайын орусча да кыла баштайм. Эл аралык деңгээлге чыгышым керек.

Төмөнкү аудиодо Азык менен маекти жана ал айрым видеолорго коштогон үндөрдү уксаңыз болот:

"Инстаграмда" күлкү жараткан Азык
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:28 0:00
"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
XS
SM
MD
LG