Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:36

“Тил – эң сонун закуска!”


(сценка)

Бир мекеменин “кызыл бурчу”. Төрдө кулактандыруу илинип турат.

Анда: “Бүгүн тил жөнүндө лекция окулат. Лекцияны ЭКЖ илиминин Доктору Маңыроо Башович Куртбаев окуйт” деп жазылган.

Мекеменин кызматкерлери чыдамсыздык менен күтүп, өз ара кобурашып сүйлөшүп олтурушат.

— ...“ЭКЖ” илиминин доктору деген эмнеси?
— Эчкимге Кереги Жок илимдин доктору!


Жапырт каткырышат.

Аңгыча: “Келди! Лектор келди!..” деген үндөр угулат.

Көп узабай галстук тагынган курсактуу толук киши талпылдап жүгүрүп кирет.

Колунда чоң портфель, мурдунда чоң көз айнек. Шашкалактап бет аарчысы менен бети-башын аарчып, катуу чимкиринет.

Ушу мени кечирип койсоңор, ушу мен чуть-чуть кечигип калдым... Ушу мага айткан эмес да, бүгүн лекция болот деп... Ушу мен баняга барайын дегем, анан телефон звонить кылды биздин секретарь девушка: “Ушу сиз бүгүн лекция окуйсуз” деп. Мурда айтса болмок, девушка унутуп калса керек... Анан мен шашып келдим, анан чуть-чуть апаздал... Абдан кечирим сурайм... - деп портфелин ачат.

Самын, мочалка, шампунь, шыпыргы ж.б. мончого керектүү нерселерди алып чыгып, аягында кагаздарын алып чыгат.

Кайра шашпай баарын бирден салат.

— Ушу бүгүн лекциянын темасы кандай?

— Маңыроо Башович, тил жөнүндө!

— Оо, прекрасно! Моя любимая тема! Язык — это деликатес! Тилдин көп түрлөрү бар. Например, койдун тили, уйдун тили, жылкынын, чочконун... жана башка өтө көп. Анан, тилден көп нерселерди жасаса болот, даамдуу нерселерди. Майда туурап беш бармак кылсаң да болот. Например, уйдун тилинен эле абдан көп тамак жасалат. Алсак, холодецти баарыңар жесеңер керек! Укмуштай даамдуу дейсиң, тим эле пальчики аближешь. Халодная закусканын эң мыктысы эле ошол. Жүз грамм канякты тартып жиберип анан халадести вилкага сайып алып жесең... Асобенна, банядан кийин!.. Чесноктон, зеленый пияздан көп кошсо мага иттей жагат...

— Сиз иттей көп сүйлөйт экенсиз, Маңыроо Башович. Кеп адамдын тили жөнүндө болуп жатат, айбандын эмес, адамдын!..
— деди баягы чыдамы жок угуучу.

Аа, бая эле ошентсеңер болмок... Ну нычево, адно другому мишайт этпейт. Таа-ак, анда эмесе бүгүнкү лекциянын темасы: “Адамдын тили”. Адамдын тили да ар кандай болот. Чоң тил, кичине тил, узун тил, кыска тил, жалпак тил жана башка и тогдали.

Узун тил, керек болсо Киевге жеткирет дейт орустар. Анан жумшак тил, ачуу тил, таттуу тил дегендер да бар. Асобенно жаш балдардын тили укмуштуудай таттуу.

Анан, ушу менин чоң ата айткан буудай кууруган тил да бар деп.

Анан ачуу тилди мен көп уктум, асобенно аялдардан. Ушу мен алты аял алдым, алтоо тең ачуу тил экен... Асобенно алтынчысы, аял эмес — кобра болчу, тилинен яд чачырап турар эле... Анча-мынча ооруларды, ревматизм, радикулиттерди “туфф” деп түкүрүп эле запросто айыктырып койор эле. Ха-ха!..

Анан тилден жаңылбаш керек, туура эмес айтып алсаң бирөөнү таарынтып аласың...

“Язык мой - враг мой” дейт оңбогон орустар. Например, жакында эле менин бир досум тилинен тапты... Шефтин үйүнө барса шым кийген аялы колуна мышык көтөрүп сыртка чыгыптыр. Анан менин досум кошомат кылып: “Сиздин кот - красивый кот экен” десе, аялы туура эмес түшүнүп алып эшикке кууп чыгыптыр. Анан эртеси шеф досумду жумуштан айдап жибербедиби. Ха-ха!..

Эми андан башка да тамашалуу тилдер, юморлуу тилдер болот...


— Эй, юморист!.. Ким эле атың?.. Аа... Маңги Башович, сиз бээ десе төө деп жатасыз. Билесизби, биздин мамлекеттик тил кайсыл тил?

— Аа, канещна, билем! Канещна, киргиз тили да!

— Ии, баятан бери ойду-тоону айтпай ошону сүйлөбөйсүңбү!

Ёо моё, а чо малчали до сих пор? А то, баятан бери мен туфтаны айтып... Ну, ничево, адна другому мишайт этпейт...

Киргиз тили, байыркы тил, “Манасты” жараткан тил, Түгөлбайды, Чингизди сүйлөткөн тил. Депутаттарды сайраткан тил...

Окумуштуулар айтат экен киргиз тили мурдале дүйнөгө тараган деп. Жанагы Сомали деген Африкадагы мамлекеттин аты Саамал, тоюст, молоко дегенди билдирет экен. Ушундай байыркы тилибиз эми жыйырма жылдан бери жакшы өнүкпөй жатат...

Ну, нычево, макал бар го: “Коч бара-бара выпрямиться” деген, акырындап баарыбыз тилди үйрөнөбүз...


— Кантип үйрөнөсүң, көчүң түзөлмөк түгүл ордунан жылалбай жатып жоголду, төөлөрүң болсо эбак эле туш тарапка качып кетишти?!. Ачкадан өлбөйлүк деп чөлдө жайылып жүрөт төөлөрүң, тиги Казакстан менен Өзбекстандын чөлүнө! Анан казак туугандар менен өзбек туугандар аларды эбак эле өзүлөрүнүн түптүз бараткан кербенине кошуп алса керек, — деп кыйкырды угуучу.

Отургандар жапырт каткырышат.

Та-ак... Оуба... Ну, нычево... Анан бизде ушундай, түштүк жакка барсам кээ бир сөздөрүнө көп түшүнбөйм, мисалга, астыга тамак келсе кечкеле “олиң, олиң!” дей беришет. Диалект башкача.

Түндүктү аз-маз түшүнсө болот. Бирок, алар деле ар кандай сүйлөшөт. Например, Иссик-Кульда чашканы бадобод дейт. Арак берсе жакшы берет, көлөкөм, берекем деп.

Нарында бозону “жарма” дешет. Анан жарманы жакшы берет, жармасы абдан күчтүү, поллитр ичсең мас болуп каласың. Эти да жакшы, даамдуу... Семиз этти көп жешет...

Таласта болсо “сексен күлчө сегиз эт” менен бешбармак кылат. За то, уча деген тамагы эң сонун!

Айтмакчы, баткендик бир таварищтен таластык бир таварищ: “Силер жакта уча тартабы?” деп сураптыр. Анда баткендик таварищ: “Жок, биз жакта ОРТ менен КТР эле тартат дептир. Ха-ха...

Анан Таласта стакандарды чокать эткенди жакшы көрөт. Тойдо кагыштыра берип стакандардын баарын сындырышат...

Кстати, ушул темага ылайык анекдот: Биздин бир таластык Нарындан сват, тоюст, куда тосот. Очень жакшы тосот. Стакандар эки күн кагышат. Үчүнчү күнү да ичишет. Анан узатар аяк менен арак ичип узатат. Ушу абдан чарчаган нарындык кудалар Өтмөк ашуусуна жеткенде автобустан түшүп бир аз эс алмак болушат. Бир убакта артка караса, бирөө келатат: мотоцикл минген, сол колу менен руль кармаган, оң колунда стакан. Ал ошол таластык кудасы экен, стаканда арагы да бар.


— Ой куда, бир минут коё тур…— дейт таластык куда.
— Ушу, тынчпы, куда? Эмне болду?.. дейт нарындык куда.
— Кайдагы тынч? Узатып жатып ушу мен сиз менен стакан кагыштырбай калыпмын… Кел куда, кагыштыралык!.. - деп таластык куда стаканын тарс кагыштырып ичип жибериптир. Ха-ха!... Сонун анекдот бекен?

— Эй, Маңги Баш, башың дагы башка жакка, стаканга ооп кеттиби! Тилди айтсаң боло! Тилди!

Ошону айтам да... Тилдешкен жагынан да таластыктарга жетпейт эч ким. Эркектер шыр эле радителден, аялдар өлүп калгырдан баштайт. Балдары болсо балабакчадан эле тилдегенди үйрөнөт. Уулу баспай жатып сөгүнсө атасы ат души жыргап каткырат.

Ошондуктан настоящий киргиз тили Таласта абдан өнүккөн. Ушу мен билем да, анткени мен да Таластык болом да...


— Ву, атаңдын оозуна!..
Во, сиз да таластык окшойсуз...
— Жогол, кет, бара турган жагыңа!
Каякка бар? Түшүнбөдүм!
— Мончоңо бар!..
Болду, болду, түшүндүм! И так баняга барайын деп чыккам. Көңүл бу-бу-бурулгандарга рахмат! Ну, я пошел... — деп лектор портфелин көтөрө качат, шашкалактап эки-үч ирет мүдүрүлүп барып оңолуп, алдастап чыгып кетет.

Угуучулар артынан тоголоктолгон кагаздарды ыргытып, кыйкырып, ышкырып, сөгүп, каткырып узатып калышат.

Аваз ЖОКЕЙ
XS
SM
MD
LG