Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Кыргызстан эгемендикти белгилөөдө


Бүгүн Кыргызстанда эгемендиктин 24 жылдык майрамы белгиленүүдө. Өлкөнүн бүт облус жана райондорунда салтанаттуу азем өтүп жатат.

Эгемендик майрамы Бишкекте, Ошто жана башка аймактарда расмий майрамдалууда.

Башкы майрам борбор калаадагы Ала-Тоо аянтында саат 10до башталды. Ага президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бийлик өкүлдөрү катышып, элди куттукташты.

Президент куттуктоо сөзүндө Кыргызстан региондо эң эркин өлкө болуп калганын, эми эң өнүккөн өлкө болуш керектигин белгиледи:

"Кыргызстан мамлекет болбой калды” деп табалаган “көзү ачыктардын” тилеги таш капты. Кыргызстан тарыхый, экономикалык жана руханий жактан кайра жаралуу дооруна бет алды", - деди. Ошондой эле Атамбаев быйылкы парламенттик шайлоо Кыргызстан үчүн өзгөчө мааниге ээ экенин, аны пайдаланып өлкөнү бөлүп-жарууга аракет кылган күчтөр, саясатчылар бар экенин кошумчалады.

Ал эми өкмөт башчы Темир Сариев Оштогу салтанатка катышууда.

Кыргыз элин эгемендиктин 24 жылдыгы менен куттуктап, бир катар өлкөлөрдүн башчыларынан куттуктоо каттары келди. 29-августта Хорватия, Португалия, Таиланд, Индонезия, Мексика, Марокко, Сауд Арабия жана Омандын мамлекет башчыларынан куттук каттары келген. Ал эми 30-августта АКШ, Орусия, Кытай, Франция, Бельгия, Тажикстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Швеция, Сингапур, Германия жана башка өлкөлөрдүн президенттери куттукташкан.

Кечкисин Ала-Тоо аянтында Орусиядан келген ырчылар Дима Билан, Вера Брежнева жана Григорий Лепс концерт тартуулайт.

1991-жылы өлкө СССРдин курамынан бөлүнүп, көз карандысыз мамлекет болгон. Ошол жылы 31-август өлкөнүн эгемендик күнү деп жарыяланган.

XS
SM
MD
LG